Монотеизм

Википедия дан

Монотеизм - (гр. - бир кудай) бир кудай жөнүндөгү түшүнүктөргө негизделген диний ишенимдер системасы. Диний адабияттарда монотеистик дин деп христиан дини, иудаизм жана ислам аталат. Бирок монотеизм түшүнүгү салыштырмалуу болуп саналат, анткени, бир да дин ырааттуу түрдө монотеисттик болуп эсептелбейт. Алгачкы общиналык коом бузулуп, алгачкы мамлекеттер калыптанып жаткан мезгилде айрым уруулардын кудайлары бир пантеонго бириктирилет, анда эң күчтүү уруунун кудайы үстөмдүк кылат. Айрым учурда бул кудайдын жрецтери өз кудайын жалгыз же башкы кудайга айландырышка аракет кылышкан, башка бир учурда падышалар жалгыз кудайга сыйынууну жрецтердин сыйынуу салттарына каршы койгусу келген. Алгачкы жолу салыштырмалуу так монотеизм б.з.ч. 1 мин жылдыктын ортосунда жана экинчи жарымында еврейлерде пайда болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]