Камба (эл)

Википедия дан

Камба (өз аталышы akamba, mukamba) — Кениянын түштүгүндө жашаган банту эли. Кенияда калктын саны боюнча үчүнчү орунду ээлейт. Майда топтор Танзания жана Уганда өлкөлөрүндө бар.
Саны 5 млн адам.
Камба, суахили, англис тилдеринде сүйлөшөт.
Калктын көпчүлүгү христиандар (протестанттар). Калгандары жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат.
Айыл чарба тармагында иштешет. Камбанын бир бөлүгү шаарларга иштөөгө кетет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Камба тили