Фипа (эл)

Википедия дан

Фипа (вафипа) — Танзанияда, Замбияда жана Малавиде жашаган банту эли.

Жалпы саны 590 миң адам, анын ичинде:

Танзанияда 270 миң адам;
Замбияда 210 миң адам;
Малавиде 110 миң адам.


Тил

Фипа тили банту уясына кирет.

Дин

Калктын көпчүлүгү жергиликтүү ишенимдерди карманышат. Ошондой эле христиандар да бар.

Чарбалык иштер

Негизги салттуу кесип — кол менен иштетилген тропикалык жер чарбасы (таруу, маниок, батат, жүгөрү, ашкабак, жер жаңгак, буурчак өсүмдүктөр).
Эркектер плантацияларда (кофе, банан) эмгектенишет.

Кол өнөрчүлүк

Салттуу кол өнөрчүлүк — жыгачтан эмеректерди, беткаптарды жана башка буюмдарды жасоо.

Тамак-аш

Таруудан жана соргодон жасалган ботколорду жана сорполорду, токочторду ачуу татымаалдар менен, балыктарды (көл жээгиндеги аймактарда) жешет.
Тамыр жашылчаларды (маниок, ямс, батат) жана банан куурулган жана кайнатылган бойдон жешет.
Пальманын жана банандын ширесинен пиво жасалат.

Кийим

Салттуу кийим (белдемчи) иштегенде гана колдонулат.

Турак жай

Үйлөрү тегерек, дубалдары сокмо (ичке бутактардан жана чоподон), чатыры конус формасында.

Коом

Патрилатералдык кландык топтор. Үй-бүлөлөр кичине, патрилокалдык. Башчылык.

Маданият

Фипа элинде ар түрдүү музыкалык аспаптар (кылдар, үйлөмө, ксилофондор, барабандар ж.б.) бар.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]