Маконде (эл)

Википедия дан

МакондеТанзаниянын түштүгүндө (Лукуледи жана Рувума дарыялардын ортосунда) жана Мозамбиктин түндүгүндө жашаган банту эли.
Жалпы саны 1,5 млн адам, анын ичинде 1,2 млн Танзанияда жана 0,3 млн Мозамбикте.
Көбү — мусулмандар (сүннөттөр). Ошондой эле христиандар жана жергиликтүү салттуу ишенимдерди кармагандар бар.
Негизги кесиби — кол менен иштетилген жер чарбасы. Көпчүлүк плантацияларда (сизаль) жалданып иштешет.
Маконде жыгачтан оюм (буюмдар, маскалар, ритуалдык айкелдер) жасоодо эң жогорку чеберчиликке жетишкен.
Маданиятта суахилилердин жана арабдардын таасири байкалат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Гиренко Н. М. Маконде // Народы и религии мира / Глав. ред. В. А. Тишков. М.: Большая Российская Энциклопедия, 1999. С.311.