Гирьяма

Википедия дан

Гирьяма (агирьяма, кигирьяма, ника, ньика) — Кенияда жашаган банту эли. Миджикенд элдеринин тобуна кирет.
Гирьяма Инди океанынын жээгине жана Малинди портуна жакын жашайт.
Саны 765 миң адам.

Гирьяма

Гирьяма кепеси
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 765 миң адам.
 Кения

Тили

гирьяма

Дини

Ислам (сүннөттөр),
Христианчылык (протестантизм),
Жергиликтүү салттуу ишенимдери

Расалык тиби

негроид

Кирет

бантулар


Тил

Гирьяма тили Банту уясына кирет. Ошондой эле суахили жана англис тилдери кеңири тараган.

Дин

Калктын бир бөлүгү мусулмандар. Калгандары христианчылыкты (протестантизм) жана жергиликтүү салттуу культтарды карманышат.

Чарбалык иштер

  • Деңиз балык уулоо;
  • Малчылык (майда мүйүздүү мал);
  • Кол жер чарбасы (таруу, сорго, жүгөрү ж.б.).


Турак жай

Үй чөп менен капталган куполдуу алкактагы тегерек же сүйрү.


Тарых

Гирьяма эли суахилилердин маданий таасиринде калган. Алар христиандашууга каршылык көрсөтүшкөн. Британдык колонизаторлор тарабынан ыйык кайя эмен токойлорун жок кылуу кесепетинен англиялык миссионерлерге каршы көтөрүлүшкө (1914) алып келген. Көтөрүлүштүн жетекчиси аял-жоокер Мекатилили Ва Менза (Mekatilili Wa Menza). Көтөрүлүш басылып, жетекчиси өлкөнүн алыскы аймагына жөнөтүлгөн.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]