Монго (эл)

Википедия дан

Монго (монго-нкундо) — Конго Демократиялык Республикасында жашаган эл. Көптөгөн уруу жана субэтникалык топтордон турат. Ири субэтникалык топтор: нтомба, нкунду, еконда, мболе. Монгонун негизги бөлүгү Конго дарыясынын бурулушундагы тропикалык токойлордо жашайт.
Жалпы саны (ленгола, локеле и тетела менен бирге) — 5 млн адам.

Тил

Монго жана лингала тилдеринде сүйлөшөт. Ал тилдер банту уясына кирет. Француз тилин билишет.

Коом

Тропикалык токоюнун тереңдигинде жашагандар уруулук түзүлүштүн элементтерин жана башчылык институттарын сактап калышкан.

Дин

Көпчүлүк христиандар (католиктер). Калгандары жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат. Алар ата-бабалардын культтарына (Ндзакомба жана Мбомбианда) жана табияттын рухтарына сыйынышат.

Маданият

Элдик оозеки фольклору бай — жомоктор (жаныбарлар жөнүндө), ырлар, макал-лакаптар, уламыштар, Иняня баатыр баба жөнүндөгү эпос ж.б.
Көркөм жыгач оюмдары байлыгын жана жогорку татаалдыгын көрсөтүп турат.

Чарбалык иштер

Негизги кесиби кол менен иштетилген тропикалык которуштуру чарбасы (ямс, маниок, батат ж.б.). Ошондой эле мергенчилик, балык уулоо, жыйноочулук менен да алектенишет. Монгонун бир бөлүгү плантацияларында (май пальма, кофе, каучук) жана айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү ишканаларда иштейт.

Турак жай

Салттуу шакек түрүндөгү конуштар, турак жай — конус төбөсү бар тегерек өрүлгөн алачык.

Кийим

Салттуу кийим — белдемчи. Азыркы учурда көпчүлүк заманбап кийим кийип калышты.

Тамак-аш

Негизги тамагы – соус кошулган ботко, отко куурулган эт.

Тарых

Азыркы мекенине монго ата-бабалары биздин замандын биринчи миң жылдыгында келишкен. Пил сөөгү жана кул соодасында активдүү катышкан. Андан кийин "нгула" (дарактан жасалган порошок – гигиеналык жана косметикалык продукт) сатууга өтүшкөн.
1885-1908 жылдары монго эли бельгиялык колонизаторлор тарабынан ырайымсыз эксплуатацияга жана геноцидге дуушар болгон.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Монго тили