Геноцид

Википедия дан

Геноцид - (гр. gеnos уруу, урук жана лат. caedо өлтүрөм) улуттук, этностук, расалык же башка диний топтордун мүчөлөрүн толук же жарым-жартылай жок кылууга багытталган кылмыштык аракеттер. Бул аракеттер өлтүрүү, ден соолугуна залал келтирүү, тукумкурут кылуу максатында тукум улоосуна зомбулук менен тоскоолдук кылуу (биологиялык геноцид), балдарды ата-энесинен зордоп ажыратуу, жердеген жеринен күчкө салып көчүрүү, атайылап адам чыдагыс оор шарттарды түзүү жана башка жолдор менен жасалышы мүмкүн. Апартеиддин кээ бир актылары геноцид болуп эсептелет. Геноцид эл-аралык кылмыш катары таанылган. КРдин жазык мыйзамдарында тынччылыкка, коопсуздукка, адамзатка каршы жасалган кылмыш катары каралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]