Пуэнт-Нуар
Көрүнүш
Пуэнт-Нуар – Конго Республикасындагы шаар. Атлантика океанындагы Пуэнт-Нуар кысыгынын жээгинде жайгашкан порт (жылына 8,1 млн тонна жүк ташылат; ал аркылуу өлкөнүн сырткы соодасынын дээрлик бардыгы өтөт). Калкы 779,4 миң (2010); калкынын саны боюнча өлкөдөгү (Браззавилден кийинки) 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Браззавиль шаары менен темир жол аркылуу байланышат.
1883-жылы негизделген. Тамак-аш (май, балык беленделет), жыгаччылык, нефть ажыратуу, химиялык, бут кийим өнөр жай ишканалары, кеме верфи иштейт. Балыкчылык өнүккөн. Собор, океанография борбору бар. Пуэнт-Нуарга жакын жерде нефть (Пуэнт-Эндьен), калий тузу табылган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9