Африка Биримдиги Уюму


Африка биримдиги уюму — Африка өлкөлөрүнүн уюму. Африка мамлекеттеринин биримдигин жана тилектештигин бекемдөө, алардын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын коргоо жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө максатында 1963-жылы Африка биримдигинин Хартиясынын негизинде түзүлгөн.
2002-жылы уюм расмий түрдө Африка бирлиги (англ. African Union, AU) деп кайра аталып, заманбап уюмдун формасын алган.
Уюмдун штаб-квартирасы Эфиопиянын борбору Аддис-Абеба шаарында жайгашкан[1].
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Уюм 1963-жылы 25-майда Аддис-Абебада (Эфиопия) Африкада жайгашкан 32 мамлекет тарабынан түзүлгөн[2]. Негизги максаты Африка элдерин бириктирүү жана континенттеги көйгөйлөрдү чечүү болгон[3]. Африка биримдиги уюмунун түзүүнүн негизги демилгечилеринин бири көз карандысыз Гананын биринчи президенти Кваме Нкрума (1960-1966) болгон.
Уюмдун акыркы төрагасы Түштүк Африка Республикасынын президенти Табо Мбеки болгон. Африка биримдиги уюмунун максаттарынын арасында мүчө-мамлекеттердин ортосунда саясий жана экономикалык интеграцияны өнүктүрүү, ошондой эле Африка континентинде колониализмди жана неоколониализмди жоюу болгон. Бирок бул максаттарга кандай жол менен жетүү керектиги боюнча катышуучулардын ортосунда пикир келишпестиктер орун алып турган. Африка биримдиги уюмунун биринчи конференциясы 1963-жылдын 1-майында Аддис-Абеба шаарында өткөн.
Уюм 2022-жылдын 9-июлунда жоюлуп, Африка бирлиги менен алмаштырылган.
Максаттары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мүчө мамлекеттердин ортосунда саясий жана экономикалык интеграцияны өнүктүрүү.
- Колониализм менен неоколониализмди жоюу.
- Аймактык чыр-чатактарды, талаш-тартыштарды жана мамлекеттердин ортосундагы пикир келишпестиктерди жөнгө салуу.
- Социалдык-экономикалык жана саясий чөйрөлөрдө кызматташуу.
- Африканын көз карандысыздыгын жана биримдигин чыңдоо болгон.
Түзүмү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Африка биримдиги уюмунун башкы органдарынын катарында мамлекет жана өкмөт башчыларынын Ассамблеясы болгон. Ал жылына жок дегенде бир жолу чогулуп турган жана ар бир мамлекет анда бир добушка ээ болгон. Ассамблеянын чечимдери уюмдун мүчөлөрүнүн үчтөн экиси (2/3) колдосо кабыл алынат деп эсептелген. Ошондой эле министрлер кеңеши жылына жок дегенде эки жолу жыйын өткөрүп турган. Туруктуу административдик орган болгон Башкы катчылыкты Ассамблея дайындаган башкы катчы жетектеген. Уюмдун курамында экономикалык жана социалдык маселелер боюнча, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча, ошондой эле коргонуу маселелери боюнча атайын комиссиялар иш алып барган.
Мындан тышкары, уюмдун атайын органдары көз карандысыздык үчүн күрөшүн улантып жаткан африкалык элдерге көмөк көрсөтүү максатын көздөшкөн. Алардын эң маанилүүсү — Африкадагы улуттук-боштондук кыймылдарына жардам берүүчү комитет болгон, ал «Боштондук комитети» же «17лер комитети» деген ат менен кеңири белгилүү болгон. Континенттеги антиколониалдык күрөштү материалдык жактан колдоо үчүн уюмга мүчө мамлекеттер өздөрүнүн улуттук бюджеттеринен Африканы боштондукка чыгаруу боюнча атайын фондго 1% каражат бөлүп турууну милдеттенишкен[4].
Африка биримдиги уюмунун астында иш жүргүзгөн автономдуу адистештирилген агенттиктер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Панафрикалык телекомуникация биримдиги (PATU)
- Панафрикалык почта биримдиги (PAPU)
- Панафрикалык жаңылыктар агенттиги (PANA)
- Африка улуттук телекөрсөтүү жана радио уюмдарынын биримдиги (URTNA)
- Африка темир жолдорунун биримдиги (UAR)
- Африканын кесиптик кошуундар биримдигинин уюму (OATUU)
- Африка спорт кеңеши
- Африка жарандык авиация комиссиясы
Африка биримдиги уюмунун жыйындары (саммиттери)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Шаар | Мамлекет | Дата |
|---|---|---|
| Аддис-Абеба | 22–25-май 1963 | |
| Каир | 17–21-июль 1964 | |
| Аккра | 21–26-октябрь 1965 | |
| Аддис-Абеба | 5–9-ноябрь 1966 | |
| Киншаса | 11–14-сентябрь 1967 | |
| Алжир | 13–16-сентябрь 1968 | |
| Аддис-Абеба | 6–10-сентябрь 1969 | |
| Аддис-Абеба | 1–3-сентябрь 1970 | |
| Аддис-Абеба | 21–23-июнь 1971 | |
| Рабат | 12–15-июнь 1972 | |
| Аддис-Абеба | 27–28-май 1973 | |
| Могадишо | 1974 | |
| Кампала | 28-июль–1-август 1975 | |
| Порт-Луи | 2–6-июль 1976 | |
| Либревил | 2–5-июль 1977 | |
| Хартум | 18–22-июль 1978 | |
| Монровия | 17–20-июль 1979 | |
| Фритаун | 1–4-июль 1980 | |
| Найроби | 24–27-июнь 1981 | |
| Аддис-Абеба | 6–12-июнь 1983 | |
| Аддис-Абеба | 12–15-ноябрь 1984 | |
| Аддис-Абеба | 18–20-июль 1985 | |
| Аддис-Абеба | 28–30-июль 1986 | |
| Аддис-Абеба | 27–29-июль- 1987 | |
| Аддис-Абеба | Өзгөчө (атайын) жыйын. Октябрь 1987 | |
| Аддис-Абеба | 25–28-май 1988 | |
| Аддис-Абеба | 24–26-июль 1989 | |
| Аддис-Абеба | 9–11-июль 1990 | |
| Абужа | 3–5-июль 1991 | |
| Дакар | 29-июнь – 1-июль 1992 | |
| Каир | 28–30-июнь 1993 | |
| Тунис | 13–15-июнь 1994 | |
| Аддис-Абеба | 26–28-июнь 1995 | |
| Яунде | 8–10-июнь 1996 | |
| Хараре | 2–4-июнь 1997 | |
| Уагадугу | 8–10-июнь 1998 | |
| Алжир | 12–14-июль 1999 | |
| Сирт | Өзгөчө (атайын) жыйын. 6–9-сентябрь 1999 | |
| Ломе | 10–12-июль 2000 | |
| Лусака | 9–11-июль 2001, акыркы саммити |
Курамы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мүчө болуу шарттары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Уюмдун мүчөсү болууга ар бир көз карандысыз, эгемендүү Африкада жайгашкан мамлекет укуктуу болгон.
Толук мүчө мамлекеттер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1991-жылы уюмдун алкагында бирдиктүү экономикалык коомчулук түзүү тууралуу келишимге кол коюлган. Уюмдун курамында 48 мамлекет болгон.
Алжир
Ангола
Бенин
Ботсвана
Буркина-Фасо
Гамбия
Гана
Гвинея
Джибути
Замбия
Зимбабве
Египет
Кабо-Верде
Камерун
Кения
Коморлор
Конго Демократиялык Республикасы
Конго Республикасы
Кот-д’Ивуар
Лесото
Либерия
Ливия
Мавритания
Маврикий
Мадагаскар
Малави
Мали
Мозамбик
Намибия
Нигер
Нигерия
Руанда
Сан-Томе жана Принсипи
Эсватини
Сейшел Аралдары
Сомали
Сьерра-Леоне
Судан
Танзания
Того
Тунис
Уганда
БАР
Чад
Экваториалдык Гвинея
Эритрея
Эфиопия
ТАР (1994-жылы уюмга мүчө болуп кирген)
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9