Бажы биримдиги жана Орусия, Беларусь жана Казакстан Бирдиктүү экономикалык мейкиндиги

Википедия дан

Бажы биримдиги жана Орусия, Беларусь жана Казакстан Бирдиктүү экономикалык мейкиндиги - 2007-ж. 6-октябрындагы Орусия, Беларусь жана Казакстан мамлекеттеринин ортосундагы болгон Келишимге ылайык Бажы биримдиги түзүлгөн, анын негизги максаты экономикалык интеграция болуп саналат.

Бажы биримдигинин калыптанышы бирдиктүү бажы аймагынын түзүлүшүн талап кылат, ал аймакта атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялоочу чаралардан башка бажы алымдары жана экономикалык мүнөздөгү чектөөлөр колдонулбайт. Бажы биримдигинин алкагында бирдиктүү бажы тарифи (Бажы биримдиги) жана бардык үч өлкөдө товарларды сатууну жөнгө салуунун башка бирдиктүү чаралары колдонулат. Бажы биримдигинин Жогорку органы болуп мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги Мамлекеттер аралык Кеңештер саналат. Бажы биримдигинин Комиссиясы Бажы биримдигинин дайыма иштөөчү бирдиктүү жөнгө салуучу органы болуп эсептелет.

2009-ж. Бажы биримдигинин Жогорку органы, Бажы биримдигинин Комиссиясы жана тараптардын өкмөттөрү Бажы биримдигинин келишимдик-укуктук базасын калыптандырууну аягына чыгаруу боюнча бир топ иш-чараларды өткөрүшкөн, алардын ичинде Бирдиктүү бажы тарифи, Бажы кодекси, Бажы биримдигинин Сотунун статусу сыяктуу документтер бар. ЕврАзЭСтин мамлекеттер аралык Кеңешинин чечими менен 2010-ж. 1-январынан тартып Орусия, Беларусь жана Казакстандын ортосунда Бажы биримдиги иштей баштаган. Маалымат үчүн: 2010-ж. жазында Бажы биримдигине катышкан өлкөлөрдүн жетекчилигинин ортосунда айрым пикир келишпестиктер келип чыккан жана 2010-ж. 28-майда ОФтин Өкмөтүнүн төрагасы Бажы биримдиги Беларусь Республикасынын катышуусуз эле иштеп баштайт деп билдирген.

2010-ж. июнь айында Беларусь Республикасы ОФ менен Казакстан Республикасынын аймактарында колдонула баштаган Бажы биримдигинин Бажы кодексинин күчүнө кириши менен Бажы биримдиги үч форматта иштейт деп тастыктаган.

2010-ж. 6-июлунда Бажы кодекси Бажы биримдигинин бардык аймактарында күчүнө кирген.

2011- ж. 1-апрелинен тартып, Орусия менен Белоруссиянын ортосундагы мамлекеттик чек арада транспорттук көзөмөл жоюлган. Ошондой эле Орусия, Казакстан жана Белоруссиянын чек араларында бажы көзөмөлү жоюлган жана ушуга байланыштуу бажы жана транспорттук көзөмөлдөр Бажы биримдигинин чек араларынын тышкы сызыгына жылдырылган.

2012-ж. 1-январынан тартып «үчилтик» интеграциянын тереңирээк деңгээлине өтүшкөн - товардын, тейлөө кызматтарынын, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн эркин жүгүртүлүшүн, укуктук ченемдердин шайкештигин, макулдашылган салык, акча-насыялык, валюта-каржылык, соода жана бажы саясатын жүргүзүү каралган Бирдиктүү экономикалык мейкиндик (БЭМ) ачылган. Ошол эле мезгилде Евразия экономикалык комиссиясы (ЕАЭК) иштей баштаган, буга Бажы биримдигинин жоюлуп кеткен Комиссиясынын кызматы өткөн. ЕАЭК улуттар аралык орган болуп саналат жана анын чечимдери «үчилтик» үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ.

ЕАЭКнын коллегиясынын төрагалыгына ОФтин Өнөр жай жана соода министри В.Христенко дайындалган. ЕЭБнын Кеңешине Бажы биримдигине мүчө-мамлекеттердин вице-премьерлеринин деңгээлинде бирден өкүл кирген. Комиссиянын коллегиясы тогуз мүчөдөн турган (ар бир өлкөдөн үчтөн) туруктуу иштөөчү кесиптик-аткаруучу орган болуп калган. ЕАЭКнын калыптануусу ЕврАзЭСти реформалоо жолунда жана Евразия экономикалык биримдиктин түзүлүшүнүн жана 2015-ж. тартып иштей турган Евразия экономикалык биримдиктин түзүлүшүнө карай бирден бир негизги кадамы болуп калган.

2011-ж. 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бажы биримдигине кирүүгө даяр экендиктери тууралуу расмий түрдө жарыялаган. Бажы биримдиги ар бир мүчө-мамлекет өзүнүн тышкы соода режимин олуттуу түрдө өзгөртүүгө жана улуттук мыйзамдарды, ошондой эле Бажы биримдигинин алкагында кабыл алынган документтерди талдоого мүмкүнчүлүк берет.

2011-ж. 19-октябрында ЕврАзЭСке мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Мамлекеттер аралык Кеңешинин кезектеги жыйынында ЕврАзЭСтин алкагында Кыргызстандын Бажы Биримдигине кошулуусу тууралуу чечим кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине биригүүсү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Ал комиссия тарабынан республиканын ички рыногу үчүн таасирдүү болгон товардык позицияны жана экономиканын секторлорун, экономикалык кызыкчылыктарын сактоону эске алуу менен биригүүнүн шарттары боюнча сүйлөшүүлөр позициясы иштелип чыгууда. Мындан сырткары, 2012-ж. 25-апрелинде ЕАЭКнын Кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кирүү маселелери боюнча Жумушчу топ түзүлгөн, бул топ жогоруда аталган Комиссия менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине мезгил-мезгили менен биригүүсүнүн иш-чараларга тийиштүү планын иштеп чыккан.

Планга 2012-2013-жж. аягына чейин жасалуучу иш-чаралар киргизилген. Үстүбүздөгү 2013-ж. кыргыз тарабы аталган планга ылайык ЕАЭКне Бажы биримдигинин келишимдик-укуктук базасына ылайыктоо үчүн улуттук мыйзамдардын талдануусун сунуштаган, алардын ичинде Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алдында бажы тарифтери боюнча Кыргыз Республикасы менен Орусиянын милдеткеринин салыштырма талдоосу, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык келишимдердин пакетин сунуштаган. Аталган пландын максаты 2013-ж. аягына чейин Бажы биримдигинин келишимдик-укуктук базасына Кыргыз Республикасынын биригүү процесси боюнча Жол картасын даярдоо болуп саналат. Бажы биримдигине кирүүнүн Жол картасы Кыргызстанда чоң кызыгууну пайда кылып, биздин өлкөгө берилүүчү жеңилдиктер жөнүндө кызуу талкуу башталган. Ага кирүүдөгү оң жана терс жактары коомчулукта ар түркүн мамилелерди калыптандырган. 2013-ж. декабрында Москвада болгон бул уюмдун кезектеги жыйынында Арменияны уюмга кабыл алуу оң чечилип, ал эми Кыргызстанды катыштырбай туруп эле Москва тарабынан жактырылган шарттар менен биздин өлкөнү бул уюмга кабыл алуу сунушталган. Президент А.Атамбаев буга карты пикирин айтып, жеңилдиктерди берүүнү суранганына байланыштуу Кыргызстандын бул уюмга кирүү маселеси 2014-ж-га калтырылган. Бул уюмдун алкагында Орусия тарабынан жалаң эле бажы маселелери эмес, жалпы эле тышкы чек ара маселелерине кийлигишүү аракеттери болуп атканы Н.Назарбаев менен А.Лукашенкону тынчсыздандырып, алардын Москвадагы жыйын учурунда улуттук эгемендүүлүккө доо кетүү коркунучу жөнүндө билдирүү жасашына түрткү болгон. Орусия менен Казакстандын БДСУга кирүү алдында турганы жана Кыргызстан мурдатан эле бул соода уюмуна мүчө экендиги да Бажы биримдиги үчүн олуттуу тоскоолдук болууда. Бажы биримдигине постсоветтик республикаларды «күчтөп» кийирүү аракеттери айрым серепчилер тарабынан Орусиянын Советтер Союзун толук болбосо да, калыбына келтирүүгө багытталган жаңы шовинисттик аракеттери катары бааланууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8