Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ)

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ), (Организация договора о коллективной безопасности(ОДКБ)) - келишимдин негизинде бир нече Евразия мамлекеттери тарабынан түзүлгөн согуштук-саясий союз.

КМШнын жамааттык коопсуздук системасын түзүү зарылдыгы келип чыккан. Бул эң маанилүү маселе КМШнын алты мамлекетинин - Армениянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын башчылары 1992-ж. 15-мартта ЖККУ кол коюшкандыгынын аркасында чечилген. Ага ылайык кол койгон тараптар өздөрүнүн ортосундагы жана башка мамлекеттер менен пикир келишпестиктерин жалаң тынчтык каражаттары менен чечүүгө милдеттенишкен. 1993-ж. Келишимге Азербайжан, Грузия жана Беларусь кошулган. ЖККУ Бириккен Улуттар Уюмунун катчылыгында 1995-ж. 1-ноябрда катталган. Келишимге ылайык катышкан мамлекеттердин башчылар нан, тышкы иштер жана коргонуу министрлеринен жана жамааттык коопсуздук кеңешинин Башкы катчысынан турган курамдагы - Жамааттык коопсуздук кеңеши түзүлгөн. Кеңеш келишимге катышуучулардын кызматгаштык ишин координациялайт жана камсыз кылат деп айтылган. Бирок, 1999-ж. апрелде үч мамлекет - Азербайжан, Грузия жана Өзбекстан Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимди Узартуу жөнүндөгү протоколго кол коюшкан эмес, алар де-факто анын курамынан чыгып кетишкен. ЖККУнун максаты: келишимдин катышуучу өлкөлөрүнүн территориалдык-экономикалык мейкиндигин армиялардын жана жардамчы бөлүктөрдүн биргеликтеги күчү менен тышкы согуштук-саясий агрессорлордон,эл аралык террористтерден, ошондой эле чоң масштабдагы жаратылыш кырсыктарынан коргоо.

Курамы: Армения (15-май, 1992-ж.), Казакстан (15-май, 1992-ж.), Кыргызстан (15-май, 1992-ж.), Орусия Федерациясы (15-май, 1992-ж.), Тажикистан (15-май, 1992-ж.), Беларусия (31-декабрь, 1993-ж.). Парламенттик ассамблея алдында байкоочу-мамлекеттер: Сербия (11-апрель, 2013-ж.), Афганистан (11-апрель, 2013-ж.).

Мүчөлүгүн токтоткон мамлекеттер:

  • Азербайжан (24-сентябрь 1993-ж.-2-апрель
  • 1999-ж.), Грузия (9-сентябрь 1993-ж.-2-апрель
  • 1999-ж.), Өзбекстан (15-май 1992-ж.-2-апрель
  • 1999-ж., 6-август 2006-ж.-28-июнь 2012-ж.).

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8