Репин, Илья Ефимович

Wikipedia дан
Илья Репин (1876).

Илья Репин Ефимович - Орустун белгилүү живописчиси, графика чебери.

Өмүрү таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

1844-жылы 5-августта Чугуев (азыркы Харьков) областында туулган. Алгач Петербургдагы сүрөтчүлөр коомунун сүрөт (Рисовальный) мектебинде окуп, 1863-жылы Р. К. Жуковский жана И. Н. Крамскойдон таалим алган. 1864-71-жылдары Петербург сүрөтчүлөр академиясынан окуган. Көчмө сүрөтчүлөрдүн көргөзмө шерктештигине 1878-жылы кошулган, 1893-жылдан баштап Сүрөт академиясынын ардактуу мүчөсү И. Репин искусствого өлчөмсүз эмгек сиңирген сүрөтчү. И. Е. Репин 1930-жылы дүйнөдөн кайткан.

Эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

Айрым бир картиналарын 10-12 жолу кайрадан тарткан. Мисалы, «Пушкин 1835-жылы Неванын жанында» деген картинасынын үстүндө 20 жыл эмгектенген. Көп иштегендиктин натыйжасында оң колу жараксыз болуп калса да, сол колу менен сүрөт тартууну өздөштүрүп алган. Мен эч качан искусствону четке таштабайм, менин бардык оюм искусство жөнүндө», - деген ал. 5-августта сүрөтчүлөр орус элинин өткөн тарыхына көп көнүл бурган. 1872-73-жылдары тартылган «Волгадагы булактар» деген картинасында аёосуз эзилген элдин турмушу чагылдырылат. Ал эми таланты гүлдөп турган мезгилде «Күтүшкөн эмес», «Пропагандистти камакка алуу», «Иван Грозный жана анын баласы Иван», «Өлүм алдындагы керез», «Серовдун портрета», «Запорожьеликтер түрк султанына кат жазууда» деген картиналарын эң жогорку чеберчиликте тарткан. Анын жараткан эмгектерин Россиянын жана чет элдин коомчулугу жогору баалагандыгы, өзү ага алымсынбай «Менин мыкты картиналарым жазыла элек»- деп айтчу. «Мен бир нерсенин үстүндө көпкө чейин иштөөм керек. Ар убакта жаңылыкты табыш үчүн көрүнүштөрдү кайра-кайра өзгөртүп карап чыгышым керек, ошондо гана олжонун кенчине туш келем» - деген сүрөтчү. Ал айлана-чөйрөнү өтө кылдаттык менен баалаган; адабиятка кызыккан, бош убактысында китептерди көп окуган.

Чыгармачылыгы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сүрөтчү адамдын мүнөзүн баалоону маанилүү деп эсептегендиктен өзүнүн чыгармалары менен дүйнөлүк маданиятты казып байыткан. А. Третьяков галлереясына, музейлерине коюлган чыгармалары талантынын бөтөнчө күчүн тааныта көрсөтөт. Бир гана адамдын эбегейсиз көп сандаган эң жогорку сапаттуу чыгармаларды түзгөндүгүнө адам айран таң калат.

Репин өзүнүн каармандарын картиналардан гана көрсөтпөстөн, алардын портреттерин да жараткан. Орус композиторлору - Глинка, Мусоргский, Некрасовдун, жазуучулар - А. Толстой, М. Горький, Гоголдун; художниктер - Суриков, Крамской, Серовдун; илимпоздор - Сеченов, Менделеев, Павловдун портреттери анын даңкын чыгарган. Анын сүрөт тартуу стили жөнөкөй, чындыкты көрсөткөн, бүткүл чыгармачылыгын элге арнаган баалуу эмгектери доорубуздун алтын казнасы болуп кала берет. Санкт-Петербург шаарында Репиндин ысымында живопись, скульптура жана архитектура институту бар.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Репин Илья Ефимович // Кыргыз Совет Энциклопедиясы. - Ф, 1980. -Т. 5. - Б., 141-142; Карпов И. Улуу орус элинин художниги // Кызыл Кыргызстан. - 1946. -29-сент.