Иван Грозный

Википедия дан
Иван Грозный.

Иван IV Васильевич, Иван Грозный - (25. 8. 1530, Коломенский кыш. 18. 3. 1584, Москва) 1533-жылдан улуу князь, 1547-жылдан биринчи орус падышасы. Василий III Ивановичтин уулу. Мамлекеттик ишмердиги Тандалган рада түзүлгөндөн (1549) башталган. Иван Грозныйдын өкмөтү жеке бийликти бекемдеп, мамлекеттин борбордошуусун күчөтүүгө умтулган. 1549-1560-ж. жергиликтүү жана борбордук башкарууда, укук, аскер иштеринде реформа жүргүзгөн. 1547-1552-ждагы жортуулдарында Казан хандыгын, 1556-ж. Астрахань хандыгын караткан. Ага Сибирь ханы Едигер (1555) жана Чоң Ногой ордосу (1557) баш ийген. Тандалган рада кыйрагандан (1560) кийин, Иван IV жеке бийликти бекемдөөнү жалгыз өзү жүргүзгөн. Ал тышкы саясатында мамлекеттин чыгыш чек арасын кеңейтүүнү, батыш жагынан Балтика боюн кошуп алууну көздөгөн. Ички саясатында жеке бийликтин күчөшүнө каршы болгондор менен аёосуз күрөшкөн. Иван IV феодалдык бытырандылыктын калдыгына каршы күрөшүп, ички саясий душмандарын жоюу максатында 1565-ж. Опричнинаны түзгөн. Эл аны «Грозный« («Каардуу») деп атаган. Иван IV өз мезгилинин билимдүү адамы болгон. Китеп басууну уюштурууда чоң роль ойногон жана бир катар архитектуралык эстеликтерди салдырган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]