Василий Шуйский

Википедия дан

Василий Шуйский, Василий Иванович Шуйский (1552-22.9.1612, Речь Посполита, Гостынин) - орус падышасы (1606-10). Суздалдык княздар тукумунан. 1584-жылдан боярин Борис Годуновго каршы күрөшкө катышып, жазаланган. Жалган Дмитрий I тактыдан кулаганда Василий Шуйский падыша деп жарыяланган. Бул боярлар менен дворяндар ортосундагы каршылыкты күчөтүп, 17-кылымдын башындагы дыйкандар согушунун курчушуна алып келген. 1607-жылы октябрда Василий Шуйскийдин өкмөтү Болотников башында болгон дыйкандар согушун араң баскан. Василий Шуйскийдин өкмөтү 1607-жылы августта кайрадан башталган поляк интервенциясына каршы күрөш уюштура албаган. Буга калктын калың катмары гана эмес, дворяндар да нааразы болгон. 1610-жылы 17-июлда Василий Шуйский тактан түшүрүлүп, зордук менен кечил (монах) болгон жана Гостынинде сепилде камакта өлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]