Пётр I

Википедия дан
Пётр I Алексеевич
Пётр I Алексеевич
Петр I потрети. Поль Деларош (1838)
Желек
Желек
Төрө, Падыша жана Бүткүл Русь улуу Князы
25.04.1682 — 22.10.1721
Таажыланышы: 25.06.1682
Регент: Софья Алексеевна
Тектеш башкаруучуь: Иван V
Андан мурунку: Фёдор III Алексеевич
Андан кийинки: Наам жоюлган
Желек
Желек
Бүткүл Орусия императору
желек
желек
22.10.1721 — 28.01.1725
Андан мурунку: Наам түзүлгөн
Андан кийинки: Екатерина I
 
Дини: Православие
Туулган жылы: 30 -май 1672(1672-05-30)
Туулган жери: Москва шаары
Орус падышалыгы
Каза болгон жылы: 28.01.1725
Санкт-Петербург шаары
Орусия империясы
Каза болгон жери: Санкт-Петербург шаары
Орусия империясы
Уруусу: Романовтор
Атасы: Алексей Михайлович
Апасы: Наталья Кирилловна
Жубайы: 1) Евдокия Лопухина
2) Екатерина Алексеевна
Балдары: 1) Алексей Петрович
2) Анна Петровна
Елизавета Петровна
Пётр (кичи кезинде каза болгон)
Наталья (кичи кезинде каза болгон)
калгандары ымыркай кезинде каза болушкан
 
Автограф: Кол тамгасы

}

Улуу Пётр I (Пётр Алексе́евич Рома́нов; 30 май (9 июнь1672-жылы — 28 январь (8 февраль1725-жылы) — Романовтор династиясынан чыккан Бүткүл Русьтун акыркы падышасы (1682-жылдан) жана биринчи Бүткүл Орусия Императору (1721-жылдан).

1682-жылы 10 жашар Пётр падыша жарыяланган. Бирок 1689-жылы гана бийликти өзү башкара баштайт[1]. Жаш кезинен илимге жана чет өлкөлүктөрдүн жашоосуна кызыгуусу болгон.

Пётр орус падышаларнын ичинен биринчи болуп (1697—1698-жылдары) узак убакытка Батыш Европага саякаттайт. 1698-жылы Пётр Европадан кайтып келип, Орусияда чоң ийгиликтүү реформаларды жүргүзөт. Пётрдун негизги жетишкендиктеринин бири XVI кылымда коюлган негизги маселени: Улуу түндүк согушту жеңип Орусиянын аймагын Прибалтика региондоруна чейин кеңейткени болгон. Улуу түндүк согушту жеңип алуусу менен Пётр 1721-жылы Бүткүл Орусия императору наамын тагынууга мүмкүнчүлүк алган.

XVIII кылымдын аягынан азыркы күнгө чейин Пётр Iдин личностунун жана анын Орусиянын тарыхындагы ролуна тарыхый илимде жана коомдо терс баа берилип келет. Орусиянын расмий историографиясында Пётрду XVIII кылымда Орусиянын өнүгүү жолун таңдаган, чыгаан мамлекеттик ишмер катары көрсөтүлөт. Бирок Н. М. Карамзин жана башка көптөгөн тарыхчылар критикага алышкан.

Пётрдун 1672 - 1689 жылдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуу Пётрдун төрөлүшү.

Пётр 1672 жылы 31 майга караган түнү (9 июнь) төрөлгөн. Пётр төрөлгөн жери туралуу так маалыматтар жок. Кээ бир тарыхчылар Пётр Кремлдин Түрмө сарайында (Тюремный дворец) төрөлгөн деп айтышкан, ал эми элдин байыркы аңгемелери боюнча Пётрдун төрөлгөн жери катары Коломенск айылы, ошондой эле Измайлово болуп эсептелет.[2].

Пётр I. XVII кылым.

Падыша атасы Алексей Михайловичтин көптөгөн балдары болгон. Пётр I 14-чү баласы, бирок экинчи аялы, царица Наталья Нарышкинадан биринчиси болгон. 29 июньда ыйык апостолдор Петр менен Павл күнүндө царевич Чудовом монастырында (башка маалыматтарда Дербицидеги Григорий Неокесарийский храмында) протопоп Андрей Савинов чокундуруп, Пётр деп жарыялаган. «Пётр» аталышынын себеби белгисиз. Балким байкеси Фёдордун аты менен эвфониялуу болуш үчүн коюлгандыр, анткени ал Фёдор менен бир күндө төрөлгөн[3][4]. Пётр аты Романовторда да, Нарышкиндерде да кездешкен эмес. Бул ат менен белгилүү акыркы адам Москва династиясы Рюриковичтердин 1428 жылы каза болгон Пётр Дмитриевич алып жүргөн[5].

Энеси менен бир жыл гана жашап, анан бала багуучу аялдарга берилген. 1676-жылы Пётр 4 жашында падыша Алексей Михайлович каза болот. Пётрду камкордукка анын аталаш байкеси, чокундуруп ат койгон атасы жана жаңы падыша Фёдор Алексеевич алат. Пётр аз сабаттуу болгондугунан өмүрүнүн аягына чейин каталар менен жазып өткөн. Буга себеб москва патриархы Иоаким «латиндештирүү» жана башка өлкөнүн тассирлери менен күрөшүү максатында, Пётрдун байкелерин окуткан Симеон Полоцкийдин окуучуларын окуудан четтетип, Пётрдун сабаттуулугу менен аз сабаттуу дьяктар Н. М. Зотов жана А. Нестеров алектенишсин деген. Бул гана эмес, Пётр университеттин же мектептин бүтүрүүчүлөрүнөн да сабак ала алган эмес, анткени ал кезде Орусия падышалыгында университет же мектеп жок болчу. Дьяктар Пётрду грамотага 1676-1680 жылдары окутушкан. Бирок аз билимдүүлүгүн Пётр убакыттын өтүшү менен практикада жүрүп толуктап алган.

Падыша Алесей Михайловичтин каза болушу жана улуу баласы Фёдордун (падыша аялы Мария Ильичнадан, кыз кезиндеги фамилиясы Милославская) бийликке келиши, падыша аялы Наталья Кириловнанын жана анын туугандары Нарышкиндердин экинчи планга чыгышынын себеби болгон. Наталья Москва шаарына жакын жайгашкан Преображенск айылына көчүүгө мажбур болгон.

1682-жылдагы Стрелецк тополоңу, Софья Алексеевнанын бийликке келиши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1682 жылы 27 апрельде (7 майда) 6 жыл башкарган оорулуу падыша Фёдор Алексеевич каза болот. Такка ким отурары: салтка жараша оорукчан Иванбы же кичинекей Пётрбу деген суроо жаралат. Патриарх Иоакимдин макулдугу менен Нарышкиндер жана алардын жактоочулары 1682 жылы 27 апрельде (7 майда) Пётрду такка отургузушат. Чындыгында бийликке Нарышкиндер жана сүргүндөн кайтарылган «улуу камкорчу» Артамон Матвеев келген. Оорунун айынан падышалыкты башкара албагандыгынан, Иван Алексеевичтин жактоочулары талапкерини колдой алышкан эмес. Бийликке келгендер, падыша асасын (скипетр) өлүм алдында турган падыша Фёдор Алексеевич иниси Пётрго өзү тапшыргандыгын айтып чыгышкан. Бул окуяга далил бере алышкан эмес.

1682-жылдагы стрелецтердин козголоңу. Пётр энесин жубатып жатканда, стрелецтер падыша сарайдан Иван Нарышкинди сүйрөп чыгарып жатат. Царевна Софья ыразычылыкта карап турат. А. И. Корзухиндин эмгеги, 1882.

Царевич Иван жана царевна Софьянын энелеш туугандары Милославскийлер, Пётрдун бийликке келиши менен алардын кызыкчылыктары тебелеңди деп ойлошкон. Москвада 20 миңден ашык болгон стрелецтер көптөн бери наразычылыгын айтып келишкен. Балким Милославскийлердин азгыруусу менен 1682-жылы 15 (25 майда) «Нарышкиндер царевич Иванды бууп өлтүрдү» деген кыйкырыктар менен Кремлге барышат. Козголоңчуларды тынчтантуу үчүн Наталья Нарышкина, патриарх жана боярлар Петрду байкеси менен стрелецтерге алып чыгышат. Бирок козголоң токтогон жок. Бир нече саат ичинде стрелецтер Артамон Матвеев жана Михаил Долгорукийди, ананыраак царица Натальнын башка жактоочуларын жана Нарышкинанын эки байкесин өлтүрүшкөн.

26-майда стрелецк полкунан таңдалгандар падыша сарайга келип, Иванды биринчи, ал эми Пётрду экинчи падыша болуусун талап кылышкан. Козголоңдун кайталануусунан корккон боярлар макул болушат. Ошол заматта патриарх Иоаким Успенск соборунда эки падышанын дең-соолугун тилеп ырым-жырым өткөзөт. Ал эми 25-июньда аларды падышалыкка отургузат.

Крым жүрүшүнө катышкандарга Петр I жана Ивана Vтин сүрөтү чегилген сыйлыкка берилүүчү алтындын көчүрмөсү. Царевна Софья (аверс). 1689 жыл

29-майда стрелецтер, падышалар кичинекей болгондуктан царевна Софья Алексеевна бийликти өзүнө алышына талап кылышкан. Царица Наталья Алексеевна Кирилловна экинчи падыша, баласы Пётр менен падыша сарайдан Преображенск айылына чыгып кетүүгө мажбур болушкан.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Байкеси Иван 1696 жылы каза болгончо чейин Пётрдун бирге башкаруучусу болгон.
  2. Вопрос о месте рождения Императора Петра Великого // Русский зритель Т. 1. 1828
  3. Е. В. Пчелов. Антропонимия династии Романовых в XVII в. //Ономастика в кругу гуманитарных наук. Материалы международной научной конференции. Екатеринбург, 2005. С. 203—205.
  4. Династия Романовых: генеалогия и антропонимика / Е. В. Пчелов. — 06/07/2009 // Вопросы истории. — 2009. — № 06. — С. 76-83.
  5. Успенский Ф. Б. Именослов: историческая семантика имени. М., 2007. С. 306

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пётр I очерк жана адабий чыгармаларда[түзөтүү | булагын түзөтүү]