Екатерина II

Википедия дан

Екатерина II 21.4 (2.5).1729, Штеттин шаары – 6 (17).11.1796, Царское Село (азыркы Пушкин шаары) – Орус императору (1762–96). Немис принцессасы, өз аты Софья Фредерика Августа Анхальт-Цербстская. 1744-ж. Орусияга келип, Екатерина Алексеевна аталган. 1745-ж. император Пётр III гө турмушка чыккан. 1762-ж. 28-июнда бир тууган Орловдордун жетекчилигинде гвардияга таянуу менен сарай төңкөрүшүн уюштуруп, күйөөсүнүн ордуна бийликке келген. Өз заманынын алдыңкы ойчулдары – Дидро жана Вольтер менен кат алышып турган жана алардын философиясына ылайык башкарууну каалаган. 1775-ж. губерниялык башкаруу боюнча реформа жүргүзүп, жер-жердеги бюрократиялык аппараттарды бекемдеген. 1785-ж. жарыяланган «Дворяндардын сый грамотасы» сыяктуу чаралары дворяндар өкмөтүнүн бийлигин чыңдаган. Крепостнойлук укуктун андан ары бекемделишинен келип чыккан Е. И. Пугачёв баштаган дыйкандар согушун (1773–75) аёосуз баскан. Екатерина IIнин тушундагы Түркия менен болгон согуштардын жыйынтыгында Орусия флоту Кара деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алган, Түндүк Кара деңиз бою, Крым, Кубань каратылган. 1783-ж. Чыгыш Грузияда Орусия протектораты орногон. Екатерина II Речь Посполитаны (Польшаны) үч жолу (1772, 1793, 1795) бөлүүгө катышып, Батыш Ук­раина жана Белфруссиянын көп жери, Литва Орусияга өткөн. 1786-ж. 15-мартта Петербург шаарында Екатерина II Абдырахман Кучак уулу жетектеген кыргыз элчилигин кабыл алган. Алар императорго Атаке бийдин атынан жазылган катты жана баалуу белектерди тапшырышкан. Катта кыргыз бийи орус император айымды урматтай турганы, кыргыз жери аркылуу орус кербендеринин эркин өтүшүнө, алардын коопсуздугун коргоого кепил болору айтылган. Екатерина II жооп катары Атакеге 800 рубль күмүш акча белек берип жиберген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1