Александр III

Википедия дан

Александр III (26. 2. 1845, Санкт-Петербург 20. 10. 1894, Ливадия Крым) - Россиянын императору (1881-94). Александр IIнин уулу. 1880-жылдардын экинчи жарымында атасынын реформаларына каршы бир катар реформаларды жүргүзгөн. Полициянын, жергиликтүү жана борбордук бпйликтин таасирин бекемдеп, тескерисинче земстволук, шаардык башкаруу органдарынын үстүнөн катуу көзөмөл орнотуп, университеттердин укугун чектеген жана цензураны күчөткөн. Анын учурунда Орто Азия толугу менен Россиянын курамына кошулган (1885). 1883-ж. Петербург шаарында өткөн Александр ІІІнүн тактыга отуруу салтанатына Түркстандан да өкүлдөр чакырылып, ал делегациянын курамында кыргыздардан Шабдан Жантай уулу катышып келген. Тышкы саясатта Александр ІІІ Франция менен жакындашууга аракет кылып, натыйжада Россия-Франция союзу түзүлгөн (1891-93).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1