Николай I

Википедия дан

Николай I, Николай Павлович Романов [25. 6 (6. 7). 1796, Царское Село, азыркы Пушкин ш. – 18. 2 (2. 3). 1855, Петербург] – Россия императору (1825–55), император Павел Iнин үчүнчү уулу. Агасы Александр I капыстан каза болгондон кийин такка отуруп, декабристтердин көтөрүлүшүн аёосуз басуу менен каардуу бийлигин баштаган. Мамлекеттик башкарууну борборлоштуруп, армияны чыңдаган. Революциячыл кыймыл менен алдыңкы мадабиятка каршы күрөшүүдө жашыруун саясий полиция («Үчүнчү бөлүм») кызматына таянган. 1826-жылы 6-декабрда мыйзам чыгаруу органынын ордуна Комитет түзгөн. Николай Iнин учурунда 1835-жылга чейин иштеп келген бардык мыйзам чыгаруу актылардын кодекси – «Россия империясынын мыйзамдар жыйнагы» түзүлгөн. Билим берүү системасында дворяндарга көбүрөөк жеңилдиктер берилген («Гимназиялык устав», 1828; «Императордук россиялык университеттердин жалпы уставы», 1835). Реакциячыл реформалар жүргүзүлгөн, прогрессчил журналдарды жаап, цензураны күчөткөн. Анын катаал тартибинен А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, Т. Г. Щевченко, А. И. Герцен, Н. П. Огарёв, Н. А. Полевой, Н. И. Надеждин, П. Я. Чаадаев жана башка демокр, маанайдагы инсандар жапа чеккен. Петрашевчилердин революция лык уюмдары, Кирилл-Мефодий коому жана башка уюмдар жоюлган. Николай I улуттук кыймылдарды (Кавказдагы Шамилдин кыймылы, 1830–31-жылы поляктардын көтөрүлүшү) катуу басып, башка элдерди күч менен орус тилинде сүйлөттүрүп, христиан динин кабыл алууга мажбурлаган. Николай I Россия империясынын экономикасын өнүктүрүү максатында мануфактуралык жана коммерциялык кеңештерди түзүп, өнөр жай көргөзмөлөрүн уюштуруп, техникалык окуу жайларды ачкан. Европадагы революция лык кыймыл менен күрөшүү үчүн 1833-жылы Австрия императору жана Пруссиянын королу менен Ыйык союз түзүп, «Европа жандармынын» ролун аткарган. Бул союздун принциптерин иш жүзүнө ашырып, Франция менен дипломатиялык мамилелерди жоюп, Дунай княздыктарына кирүүгө аракеттенип, Венгриядагы революцияны (1848–49) баскан. Н. I О. Азия менен Казакстанды басып алуу саясатын жүргүзгөн. Крым согушунда (1853–56) Россиянын жеңилиши Николай Iнин бүтүндөй саясий системасын ураткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]