Чоң жыйырма

Википедия дан

Чоң жыйырма (англ, расмий аталышы - The Group of Twenty, major advanced and emerging economies, G20 же G-20, орусча - Большая двадцатка) - экономикасы кыйла өнүккөн жана өнүтүп келе жаткан өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн жана борбордук банкттарынын жетекчилеринин форуму.

Уюштуруу конференциясы 1999-ж. 15-16-декабрда Берлинде откон. Топ өндүрүштүк жактан өнүккөн жети алдыңкы мамлекеттердин каржы министр- леринин демилгеси менен - Улуу Британия, Италия, Канада, АКШ, ГФР, Франция жана Япония - өнүккөн мамлекеттер менен экономикалык жана каржы саясат маселелери боюнча диалог түзүү үчүн түзүлгөн.

Эл аралык каржы тутумуна тиешелүү маселелер боюнча кеңеш берүү жана кызматташтыктын форуму болуп саналат. 200 8-ж. чейин топ жогорку деңгээлдеги саммиттерди өткөргөн эмес, анын ишмердүүлүгүнүн негизги формасы каржы министрлеринин жана борбордук банкттардын жетекчилеринин деңгээлинде жыл сайын өткөрүлгөн жолугушуулар болгон. Азыркы учурда Чоң жыйырма катышуучулары болуп 19 ири улуттук экономика - Австралия, Аргентина, Бразилия, Улуу Британия, Германия, Индия, Индонезия, Италия, Канада, Кытай, Мексика, Россия, Сауд Аравия, АКШ, Түркия, Франция, Түштүк Корея, ТАР, Япония жана Европа союзу саналат.

Европа союзу төрага катары көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, G20 ишмердигине ар кандай эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, алардын ичинде Финансылык туруктуулук боюнча кеңеши, Эл аралык валюта фонду, Бүткүл дүйнөлүк соода уюму, БУУ жана Дүйнөлүк банк катышышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8