Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ)

Википедия дан
ЕККУнун символу.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (ЕККУ), ОБСЕ – коопсуздук, экономика, илим, технологиялар жана адам укугу багытында кызматташуу үчүн түзүлгөн эл аралык форум. 1975-ж. Хельсинки конференциясында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча кеңешме (ЕККК) катары түзүлгөн (ЕКККны ЕККУ деп атоо тууралуу чечим 1994-ж. Будапешт жолугушуусунда кабыл алынган). Европанын, Азиянын жана Түндүк Американын 55 өлкөсү кирет. Жумушчу органы – мүчө өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрүнөн турган Туруктуу кеңеш, анын отурумдары жума сайын Вена шаарында өткөрүлөт. ЕККУда төрагалык кылуу (мүчө өлкөнүн тышкы иштер министри) кезек менен жүргүзүлөт.

Кыскача тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ЕККУнун Туруктуу кеңешинин отурумунда. Вена шаары, Австрия.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун башаты 1973-жыл эсептелет.

Европалык коопсуздук боюнча сүйлошүүлѳр 1950 жылы жургузулуп башталган, бирок “кансыз согуштун” айынан токтотулуп калган, андан киин 1972 жылы сүйлошүүлѳр Хельсинкиде уланган. Бул сүйлошүүлѳр Советтер союзунун сунушу боюнча жүргүзүлгѳн, алар чыгыш Европодагы коммунистик ѳлкѳлѳргѳ колдоо кѳрсѳтүүнү каалашкан. Батыш Европада бул сүйлѳшүүлѳрдү коммунистик калктардын экономикалык кызматташтыгы жана гуманитардык жактан жакшыртуу катары кѳргѳн.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму 1973-жылы 3-июльда Хельсинкиде ачылган, анда 35 ѳлкѳнүн делегаттары катышкан. 1-бѳлүк 5 күнгѳ созулуп, анда “кѳк китеп” боюнча жүрүү макулдашкан. 2-бѳлүк 1973-жылдын 18-сентабрынан 1975-жылдын 21-июльуна чейин созулган. 1975-жылы 1-августта “Финляндия холлдо” 3- бѳлүк болуп ѳткѳн, анда Хельсиндик 2- бѳлүк жыйынтыктоочу акт болуп, ага 35 ѳлкѳнүн делегаттары кол коюшкан. Аны конференциянын председатели, дипломат кардинал Агостино Казароли ачкан.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму дүйнѳдѳгү коопсуздук боюнча чон уюмдардан болуп эсептелет. Анын максаты куралдуу күчтѳрдү контролдоо, жарандык укугун коргоо, эркин сүйлѳѳ жана таза шайлоо болуп эсептелет. Коопсуздук жана Европалык кызматташтык уюму Бириккен Улуттар Уюмунун атайын уюму болуп эсептелет, жана конфликтик, кризистик, постконфликтик реабилитациялоо боюнча иш жүргүзѳт.

Уюм тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыскача адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]