Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюму

Википедия дан

Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюму (БСУ) (Wold Trade Organisation, WTO) – 1955-жылга чейин Тарифтер жана соода боюнча генералдык макулдашуу (ТСГМ), 1986–94-ж. көп тараптуу соода сүйлөшүүлөрүнүн («Уругвай раунду») натыйжасында кабыл алынган БСУну уюштуруу тууралуу макулдашуунун негизинде 1995-ж. 1-январда түзүлгөн. Жайгашкан орду Женева. 2006-ж. мүчө өлкөлөрдүн саны 147 болгон. Кыргызстан 1994-жылдан мүчө. БСУнун негизги максаты соода байланыштарын жөнгө салуунун көп тараптуу механизмин, өндүрүштүн өсүшүн, товар жана кызмат көрсөтүү соодаларын, сырьё булактарын натыйжалуу пайдалануунун, айлана-чөйрөнү коргоонун негизинде Эл аралык сооданы эркин коё берүү болуп саналат. БСУнун жетекчи органдары министрлер конференциясы (БСУнун жогорку органы, ар бир эки жылда шайланат), генералдык кеңеш, талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча комитет, соода саясаты боюнча комитет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]