Каскадёр
Каскадёр – 1) сахна өнөрүнүн айрым түрлөрүндө (негизинен кинодо) ден соолукка жана өмүргө коркунуч келтирүүчү ар кандай трюктарды (бийиктен секирүү, ат жана башка айбанаттардын катышуусундагы трюктар, транспорт каражаттарын өтө ылдам айдоо же кагылыштыруу жана башка) даярдоо жана аткаруу; 2) ушул кесипти аркалаган адам. Кыргыз каскадёрлору ар түрдүү, айрыкча ат менен аткарылуучу трюктарды мыкты аткарышат. Кыргыз каскадёру Ү. Кудайбергенов Гиннес китебине кирген.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9