Кофи Аннан

Аннaн Кофи (1938-жылы туулган) - ганалык дипломат; 1997-жылдан 1-январынан БУУнун Генералдык секретары (2001-жылдын июнунан экинчи мөөнөткө шайланган). АКШнын Миннесота штатындагы Макаластер колледжин (1961), Массачусетс технология институтун бүтүргөн. 1962-жылдан БУУнун денсоолукту сактоонун Бүткүл дүйнөлүк уюмунда, Аддис-Абебадагы Африка үчүн экон. комиссиясында, Исмаилидеги БУУнун Атайын куралдуу күчтөрүнүн катарында качкындар иштери боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын Башкармасында кызмат өтөгөн. 1987-92-жылдары БУУнун борбордук аппаратында адам ресурстары боюнча Генералдык секретардын жардамчысы жана коопсуздук маселелери боюнча координатору. 1993-94-жылдары Генералдык секретардын тынчтыкты сактоо маселелери боюнча жардамчысы, 1994-96-жылдары анын орун басары. А. К. ИракКувейт согушун токтотууга, Босния жана Герцеговина, Чыгыш Тимор маселелерин жөнгө салууга зор салым кошкон жана БУУну реформалоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууда активдүү роль ойноодо.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
| Улуттар Лигасынын жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчылары | ||
|---|---|---|
| Улуттар Лигасы | Драммонд Жеймс Эрик · Жозеф Луи Анн Авеноль · Шон Лестер | |
| Бириккен Улуттар Уюму | Глэдвин Жебб · Тругве Ли · Даг Хаммаршөлд · У Тан · Курт Валдхайм · Хавьер Перес де Куэльяр · Бутрос Бутрос-Гали · Кофи Аннан · Пан Ги Мун · Антонио Гутерриш | |