2007-жыл кинодо

Википедия дан
2007-жыл кинодо
< · 2005 · 2006 — 2007 — 2008 · 2009 · >
Дагы караңыз 2007-жыл:
2007-жыл
Театрда / Музыкада / Адабиятта

  / ТВ-да  / Мультфильмде

Киносыйлыктар жана сыйлыктар

Америка Кошмо Штаттары «Оскар»
Америка Кошмо Штаттары «Алтын глобус»
Америка Кошмо Штаттары «Алтын малина»
Америка Кошмо Штаттары «Сатурн»
Улуу Британия «BAFTA»
Испания «Гойя»
Италия «Давид ди Донателло»
Франция «Сезар»
Швеция «Алтын курт»
Кытай «Алтын короз»

Орусия «Ника»
Орусия «Медный всадник»
Орусия «Кинотавр»
Орусия «Алтын бүркүт»
Кыргызстан «Ак илбирс»

Кинофестивалдар

Германия «Берлиндик»
Италия «Венецианлык»
Франция «Каниялык»
Франция «Жерармериялык»

Орусия «Московалык эл аралык»

Тасмалардын базалык маалыматы өлкөлөр боюнча 2007-жыл

Америка Кошмо Штаттары АКШ
Германия Германия
Индия Индия
Италия Италия
Кыргызстан Кыргызстан
Казакстан Казакстан

Польша Польша
Тажикстан Тажикстан
Орусия Орусия
Өзбекстан Өзбекстан
Улуу Британия Улуу Британия
Франция Франция


300 спарталык” тасмасынын бет ачары 2007-жылдын 9-мартында болуп өттү. Аны жараткан клипмейкер Зак Снайдер “улуу режиссёр” деген атка конду.Тасма киносүйүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн татыктуу орунун таап, сынчылардын “мыкты” деген баасына ээ болууга жетишти. “Трансформерлер” тасмасы да мыкты тасманын катарында. Кадимки эле робот оюнчуктарды чоң кинонун каармандарына айлантып коюу идеясы мыкты режиссёр Майкл Бэйдин оюна келген. Ага кошумча, тасмага атактуу Стивен Спилберг өзү продюсерлик кылган. Режиссёр Стивен Содерберг Дэнни Оушен менен анын тайпасынын окуясын улантып, “Оушендин 13 досу” деген жаңы кино тартып чыгарган. Бул тасма англиялык кинообзордо “Мыкты актёрдук топ” деген номинацияларда ат салышкан.

Эң кымбат тасмалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2007-жылы тартылган тасмалардын ичинен эң чоң көлөмдөгү акча “Кинг Конг” тасмасына жумшалган. Анда «Оскардын» ээлери Наоми Уоттс менен Эдриан Броди тартылышкан. 3 саатка созулган тасманын ар бир мүнөтү 1 миллион 150 миң доллар (!) деп бааланган. Бул тасманын жарнамалык иш чараларына эле 33 миллион доллар коротууга туура келген. Мындан сырткары, “Жөргөмүш адам” , “Трансформерлер” тасмалары бар.

Эң жакшы фантастикалык тасма[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кариб деңизинин каракчылары-4” – боевик, фэнтези, комедия жанрлары аралаш тартылган тасма. Күчтүү атайын эффекттер, курч сценарий жана кызыктуу эпизоддор тасманы унутулгус саякатка айландырды. Ал эми баш­каарман Жек Таранчы, тагыраак айтканда, актёр Жонни Депп элдин сүймөн­чүлүгүнө айланып, көз карандысыз рейтингдердин жыйынтыгы боюнча, “Жылдын эң сүйүктүү актёру” деп табылды.

Жылдын сериялы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Амедия” кинокомпаниясы тарабынан тартылган “Эки гүлдүн талашы” (“Татьянин день”) аттуу көп сериялуу үйбүлөлүк көркөм тасмасы. Колумбияда “La Guerra de las Rosas” (“Розалардын согушу”) деген ат менен чыккан тасманын ремейки көптөгөн өлкөлөрдө популярдуу болгон.

Эң мыкты мультфильмдер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Толкунду тос!” – “2007-жылдын эң экологиялык мультфильми” болуп аталды. “Бул мультфильм абанын кескин ысый башташынан улам жоголуп бараткан пингвиндерге атайын болбосо да чоң колдоо көрсөттү”,- дешет адистер. Адамдардын бул канаттууларга болгон сезимдерин күчөткөн тасма режиссёрлор Эш Браннон менен Крис Бактын эң мыкты долбоору болгон. “Pixar” студиясында жаралган “Рататуй” мультфильми актуалдуу болуп, Реми аттуу жакшынакай ашпоз чычкан жөнүндөгү бул анимациялык тасма бар

Каармандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Скарлетт Йохансон абройлуу “Him” журналы тарабынан “Планетанын жаңы секс-символу” деп аныкталды. “Альфа Дог” тасмасына тартылганы үчүн актриса 2 миллиондон кем эмес гонорар алган. “Ийгилик, Чак” тасмасынан кийин атак-даңктын чокусуна жеткен жаш актриса Жессика Альба үчүн 2007-жыл ийгиликке мол жыл болгон. Аталган комедия ийгиликтүү кабыл алынып, актрисага бир эле учурда 7 жаңы сунуш түшкөн. “Гарри Поттер” менен 7 жылдан бери “байланып” келаткан кичинекей актриса Эмма Уотсон да 2007-жылы талыкпай эмгектенди. “People” журналы ага “Эң кичинекей бай актриса” деген наам беришти. Жомок-тасмадан алган маянасы эң аз дегенде 4 миллион долларды түзөт. Мындан сырткары, жаш актриса “Vogue” журналынын бетине чыккан эң жаш атактуу кыз” деп эсептелинет. Жигиттер арасынан Уилл Смит менен Жонни Депп “аялзатынын сүймөнчүгү” деп аталган.Актёр Уилл Смит бардыгы биригип 55 тасмада тартылууга жетишкен. Аны режиссёрлор 3-4 жыл мурун алдын-ала ээлеп алышаары белгилүү.

Орус кинематографиясынын жеңиштери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гоша Куценко менен Кристина Орбакайте катышкан “Алмашкан ашыктар” кинотеатрларга көптөгөн көрөрмандарды чогултту. Украиналык актриса менен француз актёрун бир кино тартылуучу аянтчага алып келип, орус актёру жараткан “Апокалипсис коду” да орус кинематографиясында мыкты болгон. Мындан сырткары, “Аптап” лирикалык комедиясы жана “Русалка” тасмасы жаштардын сүймөнчүгүнө айланды.

Кыргыз кинематографиясынын жеңиштери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Жылдын эң армандуу тасмасы” – “Таалай элеси” студиясы тарабынан тартылган “Арман” тасмасы болду. Режиссёр Камат Касенов, автор жана продюсер Жамалбек Эшалиев, анан 30 адамдан турган тартуучу топтун талыкпас эмгеги менен тартылган бул мелодраманын өзөгүн турмуштан алынган чыныгы окуя түзөт. Кино жөнүндө кинону баяндаган Садык Шер-Нияздын “Биринчи кадры” эң оригиналдуу тасмалардын катарында экени жана көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынган. “Үкү” тобунун жаш жигиттери “Башаламан” аттуу мушташ тасмасын даярдап чыгышкан. Өзгөчө жаштар арасында чоң талкуу пайда кылган тасма – “Үкүнүн” балдарынын алгачкы ак эмгеги. “Кылым Муза” продюсердик борбору жана “М&В” студиясы тартуулаган мушташ жанрындагы толук метраждуу тасма. Криминал, байлык, акча аралашкан окуяны чагылдырган “Шайтан араба” тасщюмасы көрүүчүлөр арасынан тез эле өз күйөр­мандарын тапты. Ырысбек Жабиров бул жылы кыргыз киносуна жаңылык киргизди. “Кайып булак” тасмасы да “2007-жылдын эң популярдуу долбоорлорунун” катарында. Акжолтой тасма режиссёр Назым Мендибаировдун жана атактуу эстрада ырчыларынын кинодогу тушоосун кести. “Ой Арт” продюсердик компаниясы тартуулаган мыкты режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун жаңы эмгеги “Боз салкын” тасмасы кыргыз элине дагы бир жагымдуу жаңылык болсо, режиссёрго “Биринчи Ысыккөл кинофестивалынын” “Күмүш түндүк” сыйлыгына татыктуу болду.