Аптап

Википедия дан

Аптап - жай мезгилинде күн өтө ысып, үп болуп турган абал. Атмосферадагы ысыктык депрессиясынын таасиринен аба массалары бир топ убакытка чейин алмашылбай, абанын басымы төмөндөп, температура жогорулап, нымдуулук башка учурларга караганда артып, жел жүрбөй калат. Бул кубулуш жайкы чилде убагында Азия, Африка, Австралия материктериндеги чөлдүү, жарым чөлдүү жана талаалуу аймактарында дайыма болот. Кыргызстанда бул мезгил көбүнчө июндун аягына, июлдун башына туура келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]