1-сентябрь

Википедия дан
1 сентябрь‎»‎ барагынан багытталды)

сентябрь
Дш Шш Шр Бш Жм Иш Жк
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
2024-ж.

Майрамдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Окуялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1916-жылы Үркүндө орус аскерлери үчүн жаңы толуктоочу күч Пржевальск шаарына келген. Аскер старшинасы Бычков баштаган казак орустар көтөрүлүштү басыш үчүн Верныйдан чыгып, Пржевальскиге бир жумада жетип келишкен.
  • 1916-жылы Орус аскерлерине колго түшкөн Дүйшөкө Мамырбаевдин көрсөтмөсүнө караганда, Бурана болуштугунан боз үйлөрдүн санына жараша жоокерлер чыгарылган. Болуштукта 340 түтүн жашагандыктан, жоокерлердин саны да 340 адам болгон. Жоокерлерге Сопубек Шаменов башчылык кылып, алардын колунда 30 мылтык, бир канча бардаңке жана милте мылтыктар болгон, мындан тышкары узун союлга кийгизилген темир найза, учу күйгүзүлүп учталган жыгач найза, узун союлга сапталган балталар менен куралданышкан.
  • 1916-жылы Жети-Суу аскер губернатору катуу жапа чеккен адамдарга жардам көрсөтүү максатында 10 000 рубль бөлгөн. Мындан тышкары кыргыздардан тартылып алынган малды сатып, түшкөн акча каражатын талоонго учураган үй-бүлөлөргө бөлүштүрүү маселеси каралган. Орус бийлиги белгилеген жардам алчулардын категориясына дээрлик орус адамдары, алардын үй-жайы, кыштактары кирген.

Дүйнөдө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1714-жылы Пётр I`нин көрсөтмөсүнө ылайык, Орусиядагы биринчи мамлекеттик китепкана ачылган. Азыр ал Орус илимдер академиясынын китепканасы деп аталат.
  • 1887-жылы Немис ойлоп табуучусу Эмиль Берлинер граммофондун пластинкасына патент алган.
  • 1919-жылы Дүйнөдөгү биринчи Мамлекеттик киномектеп Советтер Союзунда ачылган. Бүгүнкү күндө ал А.С.Герасимов атындагы Бүткүл орусиялык мамлекеттик кинематография институту деп аталат.
  • 1923-жылы Жайпонияда күчү 8,3 баллга жеткен жер титирөө болуп, зилзаладан жана андан улам пайда болгон өрттөн Токио, Йокогама, Канто жана башка ондогон шаарлар толугу менен кыйрап калган. Токионун 40 миңге жакын жашоочулары айттырбай келген кырсыктан сактануу үчүн шаар сейил багына бет алышкан. Бирок 2 миңи гана аман калып, калгандарынын баары айлананы курчаган түтүнгө ууланып көз жумушкан. Жалпысынан 174 миң адам каза болуп, 542 киши дайынсыз жоголгон жана 3,5 миллион адам үй-жайсыз калган.
  • 1983-жылы Нью-Йорктон Сеулга баратып СССРдин аймагына кирип кеткен Боинг 747 учагын советтик Су-15 истребители атып түшүргөн. Учакта болгон 269 кишинин баары көз жумган.
  • 1969-жылы Ливияда аскердик төңкөрүш болуп, бийлик башына Муаммар Каддафи келген.
  • 2004-жылы Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы мектепти террорчулар басып алышкан. Алар үч күн бою мектеп окуучулары менен ата-энелерин, жалпы 1200дөй кишини барымтада кармап турушкан. 3 күндөн кийин күч органдары барымтадагыларды бошотуу операциясын уюштуруп, мектепке чабуул жасап, террорчулар жок кылынган. Бирок андан 336 адам набыт болуп, алардын 186сы окуучулар болгон.

Төрөлгөндөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каза болгондор[түзөтүү | булагын түзөтүү]