Косметика

Википедия дан
Тулуз-Лотрек. Аялдын бетин күтүп жатканы (1889)

Косметика — адамдын кебетесин жакшыртуу, терини багуу ыкмасы жана каражаттары. Косметика байыртан эле белгилүү болгон.

Египеттиктер, римдиктер, арабдар бетин, кирпигин, көз жапкактарын боёгон, чачын тармалдатып, атыр ордуна жыттуу майларды колдонгон. Косметика каражаттары азыркыдай эле мал жана өсүмдүк майлары, эфир майы, чайыр, боёк жана башка кошулуп жасалган. Косметика кооздонуу максатын гана көздөбөстөн терини, чачты, тырмактарды гигиеналык багуу, айрым кемтиктерди дарылоону камтыган медициналык өзгөчө багытка айланды. Анын гигиеналык, дарылык, кооздук тармактары пайда болду.

Дарылык косметиканын өнүгүшү менен косметология — түрдүү косметикалык кемтиктин пайда болуу себептерин изилдөө, дарылоо жана алдын алуу ыкмаларын иштеп чыгуучу илим калыптанды. Косметология медицинанын дерматология, хирургия, эндокринология тармактары, парфюмерия өнөр жайы менен тыгыз байланышта.

Гигиеналык косметика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гигиеналык косметика адам денесинин табигый сулуулугун сактоо максатын көздөйт. Адам бардык курагында сулуу жана сүйкүмдүү боло алат. Ага жетишүүдө ден-соолукту сактоо жана чыңдоо, башкача айтканда, ооруп калганда алдын ала өз убагында дарылануу, дайыма дене тарбия менен машыгуу, эмгек, эс алуу, тамактануу режимин туура пайдалануу, үй-тиричилик буюмдарын жана денени таза кармоо чоң мааниге ээ. Адам дайым тыкан жүрүп, келбети жана мүчөсү сымбаттуу болууга аракеттенүүгө тийиш.

Жаш өткөн сайын организмде зат алмашуу процесси басаңдап, кыймыл азайгандыктан адам толо баштайт. Өтө толуп кеткен кишилер догдурга кайрылуусу керек. Арыктоо үчүн өз алдынча диета, денеге чоң күч келтирүү, мончого көп баруунун кажети жок. Өтө бат арыктоодон эмчек бездеринин, курсак, моюн, ээк, жаак терилери шалбырап кетет, өтө толук адам кары көрүнөт.

Бүкүрөйбөй түз, ийиндерди бош таштап, башты көтөрүп, ичти тарта басуу келбетти оңойт, организмдин кан айлануу, дем алуу жана зат алмашуусуна жагымдуу шарт түзүлөт. Иш убагында өндүрүштүк гимнастика, күнүнө эртең менен гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасоо пайдалуу. Тазалык жана тыкандык — сулуулуктун жолдошу. Өзүн гигиеналык жактан күтө билүүнү бала кезинен үйрөтүү зарыл. Адам терини, чачты, тишти, тырмактарды күтө билүүсү керек, к. Чач, Тишти күтүү, Терини күтүү, Маникюр, Педикюр.

Дарылоочу косметика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоочу косметикага теридеги түрдүү кемтикти, жагымсыз өзгөрүүлөрдү алдын алуу, жоюу жана дарылоо чаралары кирет. Теридеги жагымсыз өзгөрүүлөр көбүнчө жаш өткөн сайын пайда болот; теринин ийкемдүүлүгү, жумшактыгы азайып, чач суюлат. Сырткы чөйрөнүн (шамал, күн нуру, суук) жана кесиптик (ысык цех, чаң жана башка) факторлордун жагымсыз таасиринен бетке, моюнга эрте бырыш кирет.

Бырыш кирүү (организмдин түрдүү ооруларынын, өтө кайгыруунун, көпкө чарчап-чаалыгуунун, алкоголду ашыкча ичүүнүн натыйжасында) эрте картаюунун белгиси болушу да мүмкүн. Кээде ар кандай адаттар (дайыма чекени тырыштыруу, көздү жүлжүйтүү), кооздук косметика каражаттарын ашыкча пайдалануу жаш кезинде эле бырыш кирүүгө түрткү берет. Ар бир адамдын терисинин жеке касиеттерин эске алып, косметолог гана пайдалуу кеңеш бере алат. Өтө кургак же майлуу терини, чач ооруларын, безетки, себорея, кал, татуировканы жок кылууда мүнөз тамак, түрдүү физикалык ыкмалар, массаж, гимнастикалык комплекстер, хирургиялык жол жана башка колдонулат. [[Файл:Cosmetics.123. png|350px|center|thumb|1-сүрөт. Бет, моюн булчуңдары үчүн көнүгүүлөрдүн схемасы. ]]

Косметикалык массаж[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Массаж . Косметикалык дарылоочу жайда жалпы гигиеналык жана баш, бет, моюнга массаж жасалат. Косметикалык массаж адамдын организмине нерв жана кан жүрүү системалары аркылуу жалпы таасир тийгизет; май жана тер бездеринин иштешине, тери жана тери астындагы май клетчаткаларына, булчуңга жагымдуу таасир тийгизет; кан айлануу, зат алмашуу процесстерин күчөтөт.

Массаж териге бырыш кирүүнү алдын алуу жана айрым ооруларды (себорея, безетки жана башка) дарылоо максатында жасалат. Аны косметолог-врач гана дайындайт, өз алдынча косметикалык массаж жасоого болбойт, анткени ал туура эмес жасалса зыян келтириши мүмкүн. Бет терисиндеги безетки, себорея, тешикчелүү, майлуу терилер гигиеналык жана дарылоо максатында тазаланат. Анда ысык компресс, буу ваннасы жана механикалык тазалоо жүргүзүлөт. Бетке чыккан безеткини өз алдынча тазалоо болбойт, андан инфекция жайылып, ириңдүү ири жаралар пайда болот. Аны врач-косметолог менен кеңешип жасоо керек.

Маскалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маскалар беттеги безетки, сепкил жана башка дарылоо, теринин майлуулугун азайтуу же кургап кетүүдөн сактоо, эрте бырыш кирүүдөн алдын алуу максатында жасалат. Анда масканын составына май, дары заттардан тышкары териге жараша дезинфекциялоочу, жумшартуучу, кургатуучу, агартуучу заттар, витаминдер, гормондор, дары өсүмдүктөрү кошулат. Косметолог-врач ар кимдин терисине ылайыктап масканын составын дайындайт. Аны косметикалык кабинеттерде же үй шартында да жасаса болот. Маска коёрдо моюн, бетти таза жууп (же лосьон менен сүртүп), чачты жоолукка катып, масканы жаап, көздү жуумп, чалкадан жатуу керек. Масканы күн алыс же жумасына 2 жолу жасоо сунуш кылынат.

Белок маскасы картая баштаган, майлуу, тешикчелери чоң териге пайдалуу. Жумуртканын агын чалып, ага камфора спиртин (1 жумурткага 10 тамчы) же лимон маңызын (1 чай кашык) кошуп, аны таза жуулган бетке жабуу керек. Эгер тери кургак болсо, бет май сыйпап, анан маска жабылат. 15-20 мин. өткөндөн кийин жылуу суу менен жууп, кургак териге дагы бет май сыйпоо пайдалуу.

Жумуртканын сарысына бал кошкон маска кургак, бырыш кире баштаган же нормалдуу териге пайдалуу. Жумуртканын сарысына 1 аш кашык бал же 1 аш кашык өсүмдүк майын кошуп чалат. Бетке азыктандыруучу бет май сүйкөп, аралашманы 3 жолу жабат, 20—25 мин. кармап, анан жылуу суу менен жууп салат. Кургак териге андан кийин да бет май сыйпоо пайдалуу.

Жумуртка сарысына май кошкон маска, жумуртканын сарысын эзип 1 аш кашык жылуу өсүмдүк майына теңи лимон маңыздуу 1 чай кашык кайнатылган суу кошуп чалып, бетке жаап, анан муздак сууга нымдалган кебез менен сүртүп салуу керек.

Бал-глицеринден жасалган маска бир чай кашык бал менен бир чай кашык глицеринге 2 чай кашык суу аралаштырылып, ага 1 чай кашык буудай же сулу уну кошулуп жасалат (глицериндин ордуна 3 чай кашык арак кошсо болот, анда суу кошулбайт).

Бал-лимондон жасалган маска теридеги пигменттик тактарды, сепкилди кетирүү үчүн жасалат. 2 аш кашык балга 1 лимондун маңызы кошулат. Аралашмага даки салфетканы малып, аны бетке 15—20 минутадан 2—3 жолу кайталап жабат. Анан бетти жылуу суу менен жууп салат.

Быштак маска бардык терини азыктандыруу жана агартуу үчүн жасалат. Кургак териге 1 аш кашык быштакты 2 аш кашык каймакка аралаштырып жабат. Тери майлуу болсо, 1 аш кашык быштакты айранга кошуп, коюу каймактай болгончо чалып, ага 1 чай кашык туз кошсо да болот. 15 — 20 минутадай кармап, жылуу, анан муздак суу менен жууп салат.


Ачыткы маска бардык тери үчүн пайдалуу, ал теринин зат алмашуу, кан айлануусун күчөтөт, тешикчелерди тазалайт. Ачыткыны (10—15 г) жылуу сүт менен аралаштырат. Эгерде тери майлуу болсо, суутектин өтө кычкылынын 3%түү эритмесин кошот. Тери кургак болсо, өсүмдүк майын кошуп, анан 10—20 мин. кармап, жылуу, артынан муздак суу менен жууп салат.

Жер-жемиш жана жашылча маскасы. Алардын составында териге керектүү витамин, углевод жана башка заттар көп болгондуктан сергитүүчү, тазалоочу, агартуучу касиетке ээ жана ал бардык териге пайдалуу. Жаңы бышкан жержемиш, жашылчаларды тазалап жууп, кабыгын аарчып, эзип бетке жабат. Аны коёрдо бет май сүйкөп, 15-20 мин. өткөндөн кийин жылуу суу менен жууп салат. Пигменттик тактарды кетирүүдө бадыраң же лимон маскасын жасаса, ал терини агартат. Жаңы бадыраңды сүргүчкө сүрүп, 1 аш кашык азыктандыруучу бет май кошот же 1 аш кашык бадыраң маңызын, 1 чай кашык бура менен аралаштырат. Масканы 20—30 мин. кармайт.

Чөптөн жасалган маска майлуу же былбыраган тери үчүн пайдалуу. Ал үчүн кургатылган чөптөрдү (сары чай чөп, шалфей, ит уйгак, ромашка, липа гүлү, кулмак, ашкөк) майдалап, ар биринен 2 аш кашыктан алып аралаштырат. Ага ысык суу куюп, 2—3 мин. кайнатып, муздагандан кийин даки салфеткага салып, анан бетке жабуу керек. 20 мин. кармап, 2—3 жолу кайталоо зарыл. Анан жылуу суу менен жууп салат.

Гимнастика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гимнастика. Келбетти келишимдүү сактоо, далы, курсак булчуңдарын чыңоо үчүн атайын иштелип чыккан гимнастикалык көнүгүүлөр колдонулат. Аны адамдын ден-соолугунун абалын жана жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен догдур дайындайт.

Бет, моюн булчуңдарынын тонусун жогорулатуу үчүн гимнастикалык көнүгүүлөр иштелип чыккан. Анын эң жөнөкөй түрлөрүн үйрөнүп, күнүнө эртең менен жасаса болот. Ал үчүн моюнду, бетти лосьон менен сүртүп тазалоо же ысык компресс жасоо керек. Төмөндө бир катар көнүгүүлөр берилет.

1-көнүгүү. Мурун менен терең дем алып, анан эриндерди бошоңдотуп, ооздон бир калыпта дем чыгаргыла (2 жолу).

2-көнүгүү . Мурун менен терең дем алып, 1-2 секунд дем чыгарбай эринди кымтып, анан абаны үйлөп чыгаргыла.

3-көнүгүү . Сол кол менен оң жаакты басып (бармакты ооздун ичине келтирип), жылмая мурун менен дем алгыла да, анан колду коё берип, ооздон шашпай дем чыгаргыла. Оң кол менен сол жаакка да ушундай көнүгүү жасагыла (1 сүрөттө —1).

4-көнүгүү. Мурун менен дем алып, тилди астыңкы жаактын тиш эттерине түртүп (мында моюн, ээк булчуңдар жыйрылат), бир калыпта дем чыгаруу керек.

5-көнүгүү. Мурун менен дем алып, эринди чормойтуп, дем чыгаргыла, ошол мезгилде ооз кычыктарын колуңар менен басып тургула. 4 жолу кайталагыла (1 сүрөттө —2).

6-көнүгүү. Оң кол менен моюнду сол жагынан ылдый чоё кармап, дем алгыла да, сол кол менен ооздун кычыгын жылдырбай басып тургула, ооздон бир калыпта дем чыгаргыла. Анан моюндун оң жагынан да ушундай көнүгүү жасагыла (1 сүрөттө — 3).

7-көнүгүү. Эки колдун сөөмөйү менен каштын үстүнөн басып, анан кашты жогору көтөргөнгө аракеттенгиле, бирок кашты жылдырбай басып тургула. 4 жолу кайталагыла (1 сүрөттө —4).

8-көнүгүү. Колдун манжалары менен көздү басып (сөөмөйдү көз кычыгынын сыртына, ортоңку каштын астына, аты жокту көздүн кычыгына такап), ага каршы көздү жүлжүйтүүгө аракеттенгиле. 4 жолу кайталагыла (1 сүрөттө —5).

9-көнүгүү. Моюн, ооз, ээк булчуңдарын чындоо үчүн жасалат. Башты чалкалатып, алдыңкы жаакты бошоңдото, оозду бир аз ачып, моюнду созуп, булчуңдарын кере, акырындап оозду жаап, алдыңкы эринди кемшейтип, үстүңкү эринди жап. Бул көнүгүүнү ээк булчуңдары ооруганга чейин жасагыла (1 сүрөттө —6). Акырында 1-көнүгүүнү кайталагыла. Бардык көнүгүүлөрдү жай жасагыла. Бара-бара көнүгүүлөрдү көбүрөөк жасаса болот.

Косметикалык хирургия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Косметикалык (эстетикалык) хирургия медицинанын тармагы катары биздин өлкөдө пластикалык хирургиянын негизинде акыркы жылдары өнүгүүдө. Негизинен мурун, эрин, кулактагы түрдүү кемтиктерди ондоо, кал, мең, татуировка жана бырыштарды кетирүү үчүн косметикалык операция жасалат. Хирургиялык операция керектигин же мүмкүндүгүн адамдын ден соолугун, кебетесинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен догдур чечет.

Кооздук косметикасы адамдын бетин, чачын, көзүн жана башка сырткы кебетесин сулуу кылып көрсөтүү жана теринин кемчилдигин жымсалдоо максатында косметикалык каражаттар чебердик менен колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8