Жава аралы

Википедия дан
Ява.

Ява (Java) – Чоң Зонд аралдары тобундагы арал. Малайя архипеласында, Индонезиянын аймагы. Аянты 126,5 миё километр (кв.).Калкы 83 миллион (1975). Жер шаарындагы калк эң жыш жайгашкан аймактардын бири. Узундугу 1000 километрден ашык, жээктеринде булуң- буйткалар аз. Тоолуу , 100 дөн ашык жанар тоо бар, анын 30 аракеттеги жанар тоо. Эң бийик жери 3676 метрге чейин (Семеру жанар тоосу). Түндүгү- дөбөлүү түздүк. Климаты субэкватордук муссондук. Дайыма жашыл жана жалбырагы күбүлмө тропик токою, тоо чокуларын бадал жана шалбаа, чыгыш бөлүгүн саванна ээлейт. Түздүктөрү айдалган ( шалы, жүгөрү, бал камыш, кокос камышы, каучук өсүмдүктөрү). Нефть кендери бар. Негизги шаарлары: Джакарта, Бандунг, Сурабая.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Георграфиялык энциклопедиялык създ\к. Кыргыз совет энциклопедиясынын башкы редакциясы. Фрунзе, 1987.