Термез

Википедия дан
Термез.

ТермезӨзбекстандагы шаар (1929-жылдан). Сурхан-Дарыя облусунун административдик борбору. Аму-Дарыядагы порт. Калкы 150 миң (2012). Термез дарыянын үстүнө салынган көпүрө аркылуу Хайратон (Афганстан) шаары менен байланышат. Курулуш материал, пахта тазалоочу, тамак-аш өнөр-жай ишканалары иштейт. Университет, театр, археологиялык музей ж. б. бар.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Термез Орто Азиядагы байыркы шаар. Качан курулганы жана этимологиясы тууралуу так маалымат жокко эсе. Кээ бир окумуштуулардын пикиринде согду же байыркы иран тилинде «суу жээги», «кечмелик» («Тарамастха» же «Тарамата») дегенди билдирген. Ахемениддердин доорунда (б. з. ч. 6-кылым) байыркы шаар катары эскерилет. Б. з. ч. 329-ж. Александр Македонский басып алып, кийин грек-бактрия падышачылыгын (б. з. ч. 250–125-жылдары) негиздөөчү Деметрий аны Деметрис деп атаган. Кушан империясынын (б. з. 1–3-кылымдар) тушунда «Та-ли-ми» деп аталып, кытай жазма маалыматтарында «Ту-ми», «Тами» түрүндө кездешет. 705-ж. арабдар басып алып, 9–12-кылымдарда Орто Азиядагы соода, илим жана маданияты өнүккөн ири шаарлардын бири болуп, 15-кылымга чейин мусулмандардын диний борбору катары кызмат кылган. 1220-ж. Чыңгыз хандын аскерлери тарабынан кыйроого учурап, 13-кылымда калыбына келтирилген. 18-кылымдын 2-жарымынан шаар кароосуз калып, 1898-ж. орус бийлиги ага жакын жайгашкан Паттакесар («патта» – бадал өсүмдүгү, тажикче «хисор» – чеп) кыштагынын ордуна аскер чебин курдурган. 1928-ж. Паттакесарга кайрадан Термез деген байыркы аты берилип, 1929-жылдан шаар статусуна ээ болгон. 1999-ж. ЮНЕСКОнун 30-сессиясында Термез шаарынын 2500 жылдыгын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынып, ал 2002-ж. өткөрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]