Орозо айт

Википедия дан
Орозо айт
Ид аль-Фитр
араб. عيد الفطر
Орозо айт Ид аль-Фитр араб. عيد الفطر
Түрү Исламдык
Мааниси Ыйык «Рамазан» айынын аякташы
Белгилешет мусулмандар
Майрамдоо Мечтитте
Салты мечитте ибадат кылуу, ифтар, куран окуу, садака кылуу.
Байланышы Ыйык «Рамазан» айынын аякташы

Орозо айт / Ид аль-Фитр (араб. عيد الفطر) — мусулмандардын диний майрамы. Орозо аяктагандан кийин өткөрүлөт. Жылына рамадан айында 12 жаштан жогорку мусулмандар 30 күн орозо кармоого парс делинет. Орозонун акыркы күнү «айбашы» аталып, ар бир үйдө боорсок бышырылып, арбактарга куран түшүрүлүп, кайыр-садага берилет. Эртеси орозо айт майрамы башталат. Күн жаңы чыкканда эркектер жакшы кийим кийип, атка минишип, эркек балдарын да жасалгалуу кунан-тайларга мингизип алышып, айт намазга жыгылганы барышат; кыбыла тарапты карап намаз окушат. Намазга келгендер «намаз акы» деп акча ташташат. Намаздан кийин жаш өзгөчөлүгүнө жараша (чалдар, кемпирлер, аялдар, эркектер, келин-кыздар, балдар) топ-топко бөлүнүп алышып, кыдырата үйлөргө кирип айтташат; ар бир үйдөн даам ооз тийишип, өлгөндөргө куран түшүрүшөт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.