Рамазан

Википедия дан
Ыйык Рамазан айы
араб. رمضان
Ыйык Рамазан айы араб. رمضان
Түрү Исламдык
Официалдык аты Рамазан
Мааниси Орозо кармоо
Белгилешет мусулмандар
Башталган күнү 1 / 30 Рамазан айында
Бүткөн күнү 30 же 29 күндөн соң
Быйылкы 2024 жылы 11-март — 9/10-апрель[1]
Майрамдоо Мечтитте, үй-бүлөдө, достор менен
Салты мечитте ибадат кылуу, орозо кармоо, ифтар, куран окуу, садака кылуу.
Байланышы Ислам динге

Рамазан (араб. رمضان) — мусулман жыл санагындагы тогузунчу жана эң маанилүү ай. Рамазан айы ыйык болуп саналат. Бул айда "Куран" түшүрүлгөн. Рамазан айында, ошондой эле, бардык мусулмандар үчүн Ислам түркүктөрүнүн бири болгон "орозону" кармоочу ай:

«Рамазан айы-бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул Туура Жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү. Силерден ким ушул айга күбө болсо(туш келсе) орозо тутсун! Ал (бул айда) бирөө ооруп калып, же сапарга чыкса, башка күндөрдө санын толтурсун. Алла силерге жеңилдикти гана каалайт, кыйынчылыкты каалабайт. Санды толуктагыла, силерди Туура Жолго салганы үчүн Алланы улуктагыла! Мүмкүн силер шүгүр келтирээрсиңер.» (2: 185).

Рамазандын дагы бир баалуу жагы, ал айдын бир түнү "Кадыр түн" болгондугунда. Бул айдын ичинде мусулмандар Куранды жана атайын түнкү намаздарды окушат. Рамазан айынын акыркы он күнүндө бардык ниетиңди Кудайга арнап, өзүнчө обочолонуп жашаса болот. Айдын аягында садака-битир таратылат.

Рамазан айынын келишинин белгиси катары асманда айдын пайда болушу болуп саналат. Эгер, кайсы бир себептер менен айды көрүүгө мүмкүн болбосо, Шаввал айынын 30 күнү бүтөөр менен дароо орозону баштоо керек болот.

Колдонулган булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • А. Али-заде. Исламский Энциклопедический словарь. Ансар 2007. ISBN 5-98443-025-8
  1. ОРОЗО КАЛЕНДАРЫ-2025 Hijri Calendar-2024 Events Holidays (кырг.). Super.kg. Текшерилген күнү 11 -март (жалган куран) 2024.