Кыргыздардын тарыхы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Кыргыздардын чыгаан инсандары


Кыргыздардын тарыхы - кыргыз элинин байыртадан азыркыга чейинки тарыхый баскан жолунун баяны. Мында кыргыздарга жуурулушкан этностук топтор жана кыргыздардан башка этносторго кошулгандар тууралуу да ,камтылат.

Кыскача тарыхый таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыздар – алтай тил түркүмүнүн ичинен түрк тилдер тобуна кирген байыртадан белгилүү улут.

Алардын негизги бөлүгү түпкү улут катары Кыргызстанда байырлайт.

Кыргыздар Борбордук жана Ички Азиядагы байыртадан бери маалым түрк эли болуп саналат.

Кыргыздар өз негизги атажурту Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан сыяктуу борбордук азиялык пост-советтик республикаларда, Кытай Эл Республикасында (Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагы, Маньчжуриядагы Хейлунжаң вилайети, Түндүк Тибет, Тарбагатай, Текес, ж.б.), Ооганстан, Пакистан, Түркия, Орусия, Австралия, АКШ, Германия, Улуу Британия, Франция, Чехия, Египет ж. б. өлкөлөрдө да байырлашат.

Тили б-ча Кыргыздар түрк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна кирет. Динге ишенүүчүлөрү мусулман динин (сүннийлердин ичинен ханафий мазхабын) тутушат. Айрымдары – атеисттер. Кээлери – бутпарастар (маселен, Кытайдын Тарбагатай аймагындагы калмак-кыргыздар).

Мурдагы СССРде Кыргыздар өз жазмасында оболу араб жазмасын, андан соң латынча, акыры – 1940-жылдан тартып орус алфавитин пайдаланса, башка айрым өлкөлөрдөгү Кыргыздар (Кытай, Ооганстан, Пакистан, Иран, арап өлкөлөрү) араб алфавитин колдонушат. Түркияда, Батыш Европада, АКШда, Канадада, Австралияда байырлаган кыргыздар латын жазуусун колдонушат.

Кыргыз улутун кураган негизги этностук компонент - байыркы кытай жылнаамаларында алгач б. з. ч. 202-201-жылдарда эскерилген байыркы Кыргыздар (гяньгунь же цзянгун) болуп саналат.

Файл:Multilocus genetic landscape of Central Asia.jpg
Ген жагынан кыргыздар монголоид жана европеоид тектерден куралган этностук компоненттерди өздөрүнө жуурулуштурган. Бул элде жана жакынкы чыгыштык гендик компонент жокко эсе.

Кыргыздардын түпкү тарыхы хун дооруна байланышкан.

Байыркы Кыргыздар болжол менен Чыгыш Теңир-Тоонун Манас дарыясынын атырабында жайгашкан.

Кийнчерээк, б.з. 5-кылымда, алардын оодук бөлүгү Энесайга (Түштүк Сибирге_ журт которуп, мында 6-12-кылымдарда Энесай Кыргыз кагандыгын негиздеп, өнүктүрүшкөн. 5-6-кылымдарда Энесайдагы жергиликтүү динлиндерди жана башка сибирдик түрк урууларын Кыргыздар өздөрүнө сиңирип алган.

Алардын айрым бөлүктөрү 10-кылымдын ортосунан тартып кайрадан Теңир-Тоо аймагында жана ага тарыхый коңшулаш аймакта - азыркы Моңголиянын түндүк-батышында, азыркы Кыргыз-Көл (моңголчо Хирхис-ноор) аймагында жашаган.


Байыртадан эле Кыргыздардан өз алдынча мамлекети, орто кылымдардын эрте мезгилинде – Кыргыз кагандыгы болгон.


840-ж. Кыргыз кагандыгы Борбордук жана Ички Азиядагы Уйгур кагандыгын талкалаган жана алардын бөлүгү Чыгыш Түркстанга качкан уйгурлардын артынан кууп келип, Теңир-Тоо аймагына туруп калышкан соң, акырындап ислам динине өтө баштаган.

Кыргыздардын айрым топтору чыгыштан Теңир-Тоого кара кытайлардын, наймандардын жана моңголдордун жортуулу учурунда да (12-13-кылымдарда) оошуп келген.

Эне-Сай Кыргыздарынын айрым бөлүктөрү түштүк-чыгышка да ооп, алардын бир катары бүгүнкү күндө Түндүк Кытайдагы Фу-йу уездинде өз этностук ысымын ж-а тилин сактап, жашап жатышат.

14-кылымдан 18-кылымдын башына чейин Эне-Сайда Кыргыздардын чоң тобу (Сибирь Кыргыздары) моңголдордун алтын-хандарына, кийинчирээк ойротторго (калмактар) баш ийип (кээде сөз жүзүндө гана баш ийип, өз эгемендигин сактап) келишкен.

18-кылымдын башында Жуңгар хандыгы аларды талкалап, бир катарын Жуңгарияга (Теңир-Тоонун чыгышына) көчүрүп кеткен соң, Сибирь ж-а Алтайдагы Кыргыздар кийинки Саян-Алтайдагы түрк ж-а моңгол элдерине аралашып кеткен.

Моңголиядагы Кыргыздар моңголдошууга дуушар болгон.

Караханийлер доорунан тартып Теңир-Тоодогу кыргыздар Теңир-Тоодогу этностук курамы татаал өзүнчө улут катары белгилүү.

Санжыра б-ча Кыргыздар кырк уруудан куралган. Ошондуктан алар “кырк уруулуу эл” деп да аталган. (Этнолог жана тилчи, Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунованын баамында, “кыргыз” сөзү “кырк” сөзүнөн жана көптүк биримдикти туюнтчу “-ыз” курама мүчө сөзүнөн куралган).

Кыргыз элинин курамындагы башка этностордун ысымын эскерткен этнонимдер (кытай, моңолдор, түркмөн, казак, өзбек, калмак, ногой, сарт, ж.б.) анын эл болуп калыптанышына байыркы ж-а орто кылымдарда жашаган көптөгөн этностор жана уруулар катышкандыгын далилдейт.

Кыргыздардын тарыхы негизинен:
байыркы Кыргыздар (б.з. ч. 3-кылымдан – б. з. 5-кылымына чейин),
орто кылымдардагы Кыргыздар (6-14-кылымдар),
кийинки Кыргыздар (15-21-кылымдар) болуп 3 мезгилге бөлүнөт.

Байыркы кыргыздар оболу Теңир-Тоо, андан соң ага кошумча Түштүк Сибирь, Алтай, Ички Азия аймактарын мекендеген.

Орто кылымдардагы Кыргыздарга Эне-Сай Кыргыздары (6-14-кк.), Теңир-Тоо Кыргыздары (9-14-кк.), Борбордук Азия Кыргыздары (9-14-кк.); Манжурия, Моңголия, Алтайдагы Кыргыздар, Сибирь Кыргыздары (15-18-кк.) кирет.

Кийинки Кыргыздарга Теңир-Тоо же Ала-Тоодогу Кыргыздар (15-21-кк.), манжуриядагы Фү-йү үйөзүндө жана жалпы Манчжурияда байырлап жаткан кыргыздар (18-21-кк.) жана башка кыргыз топтору кирет.

Бир катар кыргыз уруулары 18-20-кк. казак, өзбек, каракалпак, башкыр, татар, уйгур, алтай, хакас, тыва, саха, сары уйгур, кырым татар (ногой), түрк, балкар, карачай, шор, ж.б. түрк элдерине, айрымдары тажик, монгол, дунган, калмак, арап, орус, ж.б. этносторго жуурулушуп кетишкен.

Кыскача адабият тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах. - Бишкек: Главная редакция Кыргызской энциклопедии, 2002. = Стр. 499. (Asanov U.A., Jumanazarova A.Z., Chorotegin T. Kyrgyzskaya nauka v litsakh (The Kyrgyz Science In Faces). - Bishkek, Main Editorial Board of the Kyrgyz Encyclopedy, 2002. P. 499.) - ISBN 5-89750-142-4.
  • Кыргыз тарыхы: Энциклопедия / Жооптуу редактор А.Асанканов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2003. – 464 б.: сүрөт. – ISBN 5-89750-150-5. – (Мында: 421-бетте).
  • Gundula Salk. Die Sanjira Des Togolok Moldo (1860–1942). Wiesbaden. Harrassowitz Verlag. 2009. - S. 2-3. - ISBN 978-3-447-06161-2
  • Садыкова, Шарифа. Сыдыков Осмоналы: (Туулган күнүнүн 130 жылдыгына карата). - Бишкек, 2008. - 84 бет. (Мында: 12-13-бетте). - ISBN 978-9967-24-873-1.
  • Кара уулу Ө. Көөнө түрктөр тарыхы: (Студенттер үчүн дарстар) /Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Учкун, 1994. – 64.б.
  • Худяков Ю.С. Кыргызы на просторах Азии Отв. ред. Т.К.Чоротегин. – 2-е, исправленное изд. – Бишкек, 1995. – 232 с., илл., карты.
  • Каратаев Олжобай. Кыргыздардын этномаданий байланыштарынын тарыхынан. – Бишкек: “Бийиктик” басмасы, 2003. – 262 бет. – ISBN 9967-21-512-7.
  • Койчиев Арслан. Национально-территориальное размежевание в Ферганской долине (1924-1927 гг.) / Отв.ред. Т.К.Чороев (Чоротегин). – Бишкек: Учкун, 2001. – 120 с.
  • Кылычев, Акылбек Мукаевич. XIV-XV кылымдардагы Теңир-Тоо жана ага чектеш аймактардын тарыхы (Шараф ад-Дин Али Йездинин “Зафар-наме” асарынын маалыматтары боюнча) / Илимий редакторлору профессор Т.К.Чороев (Чоротегин), профессор Д.Ю.Юсупова, доцент Э.М.Кылычев. – Бишкек: “Либертос”, 2004. – 216 бет. - ISBN 9967-22-190-9.
  • Кожобеков, Муратбек Чалакеевич. Кыргыз каганатынын тарыхы / Илимий ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Жусуп Баласагын атындагы КУУнун «Университет» басмаканасы, 2013. - 188 б., карта, сүрөттөр. - “Тарых жана мурас” түрмөгү [Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын иликтөө боюнча “Мурас” кору; “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБ.] - ISBN 978-9967-02-942-2.
  • Кыргызстандын эң байыркы мезгилдерден XIX кылымдын соңуна чейинки тарыхы: Ү.Чотонов ж.б. авторлор коллективи; Которгон С.Олжобаев, Ө.Караев; Илимий ред. Ө.Караев, Т.Чоротегин. – Бишкек, 1998. – 344 б.
  • Кожоналиев С.К. Обычное право кыргызов / Научный редактор Т.К.Чоротегин. (Вступит. статья Т.К.Чоротегина). – Бишкек, 2000. – 332 с. – ISBN 9967-11-083-X.
  • Азамат Алтай (1920-2006): Азаттык менен демократиянын жарчысы: (Азамат Алтайдын 90 жылдыгына арналган жыйнак) / Башкы редактору, кириш сөзүнүн автору Т.К.Чоротегин. Эскерүүлөрдүн редакторлору: В.Сагындык кызы Жуматаева, С.Жумагулов, К.Чекиров, Т.Чоротегин. Рецензент А.Капай уулу Койчиев. – Бишкек: Интерполиграф, 2010. – 320 бет, сүрөттөр. - ISBN 978-9967-26-039-9.
  • Каратаев, Олжобай Кубатбекович. Кыргыздардын теги, таралуу ареалы, этностук-маданий алакалары / Жооптуу редакторлор Тынчтыкбек Чоротегин, Памирбек Казыбаев. - Бишкек, 2013. - 290 б., сүрөттөр. - ISBN 978-9967-27-070-1. - (Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин басылмалары. № 174. Окуу китептер тизмеси. № 47.)
  • Ботояров Камбаралы.Көөнөргүс мурас / Жооптуу ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Айбек, 1996. ISBN 5-8355-0893-Х
  • Чороев Т.К. Махмуд ибн Хусейин ал-Кашгаpи жана анын «Түpкий тилдеp сөз жыйнагы». — Фpунзе: Кыpгызстан, 1990. — 92 б.
  • Чоротегин Т.К. Этнические ситуации в тюркских регионах Центральной Азии домонгольского времени: По мусульманским источникам IX-XIII вв. Бишкек: Фонд "Сорос-Кыргызстан", 1995. - 208 с. (Научный редактор Б.А.Ахмедов).
  • Чоротегин Т.К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын “Дивану лугати-т-турк” сөз жыйнагы: (1072-1077). Жооптуу редактор Өмүркул Караев. – Бишкек: Кыргызстан, 1997. – 169 бет, сүрөт, карта. - (ISBN 5-655-01222-7)
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)


  • Чоротегин Т.К. Ала-Тоонун Батыштагы бүркүтү: (Азамат Алтайдын 90 жылдык мааракесине) / Редактору Кубат Чекиров; рецензенти Арслан Капай уулу Койчиев; сүрөтчүсү Асан Турсункулов. - Бишкек: "Гүлчынар" басмасы, 2010. - 60 бет, сүрөттөр. - ("Азаттык" үналгысы). ISBN 978-9967-409-87-3.
  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.
  • Өмүрбектегин Т.Н., Чоротегин Т.К. Түндүк Кыргызстандын Орусияга каратылышы. - Бишкек: "Учкун" концерни, 1992. - 24 бет. - (Кыргызстан Жаш Тарыхчылар Жамааты. "Кыргыз таануучунун китеп текчесине").
  • Макнейл Уильям Г. Батыштын башаты. Адамзат өтмүшүнө кылчаюу. 3 китептен турган басылма. / Которгондор Т.Чоротегин, А.Койчиев, Т.Абдиев. – Бишкек: “Кыргызстан-Сорос” фонду, 2002. – 1-китеп. – 388 бет. – ISBN 9967-11-133-X. – 2-китеп. – 388 бет. - ISBN 9967-11-134-8. (William H. McNeill. The Rise of the West: A History of the Human Community: With a retrospective essay.)

Айрым окуу куралдары

  • Чоротегин Т.К., Өмүрбеков Т.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: (Эзелки замандан тартып б.з. VII к. башына чейин): Башталгыч курс: Орто мектептин 6-классы үчүн окуу китеби / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, Ө.Караев. — Бишкек: «Кыргызстан» басма үйү, 1997. — 156 б.
  • Чоротегин Т.К., Өмүрбеков Т.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: (VII к. башы — XVIII к. аягы): Экинчи бөлүк: Орто мектептин 7-классы үчүн окуу китеби / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, Ө.Караев. — Бишкек: «Кыргызстан» басма үйү, 1998. — 128 б.
  • Өмүрбеков Т.Н., Чоротегин Т.К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: (XIX к. башы — 1917-ж.): III бөлүк: Орто мектептин 8-классы үчүн окуу китеби / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, А.Асанканов. — Бишкек: «Кыргызстан» басма үйү, 1998. — 196 б.
  • Өмүрбеков Т.Н., Чоротегин Т.К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын жаңы доордогу тарыхы: (XVII - XX кк. башы): Орто мектептердин окуучулары үчүн кошумча сынак окуу куралы / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, А.Асанканов. — Бишкек: «Кыргызстан» басмасы, 1995. — 187 б. - ISBN 5-655-01032-1.
  • Чоротегин Т.К. Краткий курс по изучению арабской графики современных кыргызов КНР: (Учебное пособие для студентов-историков) / Отв. ред. проф. Т.Н.Омурбеков. - Бишкек: Кыргыз. нац. университет, 2002. - 22 с. - ISBN 9967-403-49-7.

Латын арибинде (ар кыл тилдерде)

  • Tchoroev (Chorotegin) T. Historiography of Post-Soviet Kyrgyzstan, in: International Journal for Middle East Studies, 2002, Vol. 34, p. 351-374 (USA); (2002 Cambridge Un-ty Press 0020-7438/02 )
  • Chorotegin T. The Kyrgyz Republic, in: The Turks (English language edition) / Edited by Hasan Celal Güzel, C. Cem Oguz, and Osman Karatay Published by Yeni Tu"rkiye Research & Publishing Center. Ankara, 2002. Hard cover, 6 volumes, 6000 pages, ISBN 975-6782-55-2. (this chapter is in the 6th vol.). http://www.unesco.org/culture/asia/
  • Tchoroev T. ‘The Kyrgyz’; in: The History of Civilisations of Central Asia, Vol. 5, Development in contrast: from the sixteenth to the mid-nineteenth century /Editors: Ch. Adle and Irfan Habib. Co-editor: Karl M. Baipakov. – UNESCO Publishing. Multiple History Series. Paris. 2003. - Chapter 4, p. 109 – 125. (ISBN 92-3-103876-1) URL: http://unesdoc.unesco.org/images/0013/001302/130205e.pdf


Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Сүрөт баян[оңдоо | булагын оңдоо]