Өмүрбеков, Токторбек

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Токторбек Наматбек уулу Өмүрбеков (Өмүрбектегин) (27.3.1955 - 30.7.2019) - кыргыз тарыхчысы, профессор (2010), тарых илимдеринин доктору (2004). Кыргыз Тарых Коомунун мүчөсү. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (2011).

Профессор Токторбек Өмүрбеков Чехиянын ордосу Прага шаарында. 18.7.2009.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Токторбек Өмүрбеков 1955-жылы 27-мартта Кыргызстандын Нарын областында, тактап айтканда, Теңир-Тоонун Ат-Башы районундагы Кара-Суу кыштагында (айтылуу Кошой-Коргон шаар чалдыбары жайгашкан айылда) туулган. Кыштак ушул тапта Кошой-Коргон айылы деп да аталат.

Атасы Наматбек Өмүрбековдун теги - кыргыздын азык уруусунан. Ал Ат-Башы районуна караштуу «Коммунизм» колхозунда бухгалтер, апасы Күлүмбүбү Орозобекова айылда колхозчу болуп эмгектенген.

1962-1972-жылдарда Кара-Суу орто мектебинде окуган. 1972-жылы аталган кыштактагы "Кара-Суу" орто мектебин аяктаган.

1972-ж. сентябрдан 1973-ж. июлуна чейин Фрунзе шаарындагы кондитердик фабрикада жумушчу болуп иштеген.

1973-1978-жылдары Кыргыз мамлекеттик Университетинин (азыркы Кыргыз Улуттук Университети) тарых факультетинде окуган.

Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин 1978-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Жакшы окуган бүтүрүүчү катары 1978-жылы университетке ишке алынган.

Анын илимий жетекчиси жана нускоочусу - профессор, Кыргыз УИАсынын мүчө-кабарчысы Анварбек Хасанов болгон.

Профессор Анварбек Хасанов. 1980-ж.

КУУнун аспирантурасын сырттан окуган.

1978-жылдын 15-августунан бери КМУнун (азыркы КУУнун) тарых факультетинде окутуучу, 1989-ж. тартып ага окутуучу, 1992-жылдан –доцент, 2000-жылдан профессор болуп эмгектенип келе жатат.

1994-2000-жылдары КУУнун Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын башчысы болгон.

2001-2008-жылдарда КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы кызматында иштеген.

2006-ж. август-ноябрь айларында КУУнин окуу иштери боюнча проректору болгон.

2008-ж. декабрынан 2009-ж. июнь айына чейин КУУнун Илимий-билим борборунун директору болуп эмгектенди.

Азыркы учурда КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын профессору болуп, андан соң Жалпы тарых кафедрасынын профессору болуп иштеди. Узакка созулган оорудан кийин, 64 жашында, 2019-жылы 30-июлда Бишкек шаарындагы Кантемир көчөсүндөгү үйүндө дүйнөдөн кайтты.

Илимий чыгармачылыгы[оңдоо | булагын оңдоо]

Т.Н.Өмүрбеков 1986-жылы кандидаттык диссертациясын, 2004-жылы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын тарыхы боюнча 180ден ашуун илимий, окуу-методикалык эмгектин, анын ичинде 6 монография, 15тен ашуун окуу китептери менен окуу - методикалык куралдарынын автору.

Жалпы билим берүүчү орто мектептин 6,7,8 - класстары үчүн Чоротегин Т. К. менен авторлошуп жазылган «Кыргызстандын тарыхы» окуу китеби кыргыз, орус, өзбек тилдеринде 1996-2010-жж. үч ирет басылып, Республикада негизги окуу китеби катары колдонулууда.

Ошондой эле 6-класстын «Байыркы дүйнө тарыхы» окуу китебинин дагы авторлорунун бири.

Жогорку окуу жайлары үчүн да бир нече окуу китеби жана окуу-методикалык куралдары жарык көргөн.

Айрым илимий макалалары кытай, орус, түрк, англис, немец тилдеринде жарыяланган.

Кытайда, Россияда, Түркияда, Германияда, Казакстанда, Өзбекстанда өткөн Эл аралык илимий конгресстерге, симпозиумдарга катышкан (1994-2010-жж.).

XVI-XX к. башындагы Кыргызстандын саясий тарыхы, чыгаан инсандары тууралу маселелерди изилдөө менен алектенет.

Асыресе 19-кылымдагы кыргыздын тарыхый инсандары, 20-кылымдын башындагы улуттук боштондук кыймыл, Кыргызстандагы саны аз улуттардын коомдогу ролу жана жалпы эле Кыргызстан тарыхын орто мектептерде окутуу маселелери боюнча адис.

Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Жубайы - тарыхчы мугалим Жаңыл Бакасова (1958-жылы 16-декабрда Нарында туулган).

Эки уулу (1980-жылы туулган Анварбек, 1987-жылы туулган Элзар), бир кызы (1984-жылы туулган Асел) бар. Неберелүү.

Ата-энеси. Бир туугандары[оңдоо | булагын оңдоо]

Атасы Наматбек Өмүрбеков 1924-ж. туулуп 1992-ж. көз жумган.

Наматбек ата Пржевальскидеги (азыркы Каракол ш.) айыл-чарба техникумунун сырттан окуу бөлүмүндө окуган (болжолу 1958-1962-жж.).

Ал болжолу 1950-1959-жж. Кара-Суу айылдык кеңешинде катчы болуп иштеген.

1960-1968-жж. «Коммунизм» колхозунда мал чарба бухгалтери, 1969/70-жж. бригадир, 1971/83-жж. колхозчу болуп эмгектенген. 1984-жылдан тартып пенсионер, 1992-ж. июнда дүйнөдөн өткөн.

Наматбектин жубайы Орозобекова Күлүмбүбү апа колхозчу болуп эмгектенген. Учурда ардагер.

Токторбектин ата-энеси 9 баланы: 4 уул, 5 кызды тарбиялап өстүрүшкөн.

1.Улуу уулу Токторбек, 1955-ж. туулган - КУУнун профессору, тарых илимдеринин доктору.
2.Бошкоев Рысбек, 1957-ж. туулган, жеке ишкер, Нарын шаарында турат 2 кыз, 1 уулу бар.
3.Бермет, 1958-ж. туулган, - фермер, Ак-Талаа районунда, 2 уулу бар.
4.Кубатбек, 1960-ж. туулган, милициянын майору, Бишкекте турат, 2 кыз, 1 уулу бар.
5.Орозбек, 1963-ж. туулган, мугалим эле, 2009-жылы кайтыш болду 3 уул, 1 кызы бар.
6.Өрмөткан, 1965- ж. туулган, Аюу фирмасында соода боюнча башкы бухгалтер, 2 уулу бар.
7.Эсенкан, 1967-ж. туулган, - 1990-ж. кайтыш болгон.
8.Жылдыз, 1969-ж. туулган, - Бишкекте № 51 Мектепте директордун орун басары, филолог, 1 уул, 1 кызы бар.
9.Ширин, 1980-ж. туулган, - Москвада, жеке ишкер, КУУ 2005-ж. бүткөн. Кесиби мамлекеттик кызматкер. 2 кызы бар.

Сыйлыктары. Наамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги.

«Манас-1000» юбилейлик медалы менен сыйланган.

Т.Өмүрбековго орто мектептин окуучуларына арналган "Кыргыздардын жана Кыргызстандын жаңы доордогу тарыхы: (17 - 20-к. башы) аталыштагы автордошуп жазган китеби (Бишкек, 1995) үчүн Кыргызстан Тарыхчылар Жамаатынын Белек Солтоноев наамындагы сыйлыгы ыйгарылган (1996-жылдын 25-декабры).

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (2011).

"Даңк" медалынын ээси (2016-жыл).

Эмгектеринин кыскача тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Өмүрбеков Т.Н. Эл башылар, эрендер жана эл тарыхы: (Тарыхий очерктер). - Бишкек: Макспринт, 2014. - 228 бет. - "Тарых жана мурас" түрмөгү. - ISBN 978-9967-12-386-1. Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин.
  • Өмүрбеков Т.Н. Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду: (19-к. ортосу – 20-к. башы). – Бишкек: Бийиктик, 2003. – 288 бет. – ISBN 9967-13-064-3.
  • Өмүрбеков Т.Н. Атаке баатыр баяны ( Тарыхий очерк). - Б.: Бийиктик, 2005. 10 б.т.
  • Өмүрбеков Т.Н. Боромбай (Тарыхий очерк). - Б.: АРХИ, 2003. 4 б.т.
  • Өмүрбеков Т.Н. Жантай жана Жангарач (Тарыхий очерк). - Б., 2006. 7б.т.
  • Омурбеков Т.Н. Эпос «Манас» и взаимосвязи кыргызов с соседними народами // Эпос "Манас" как историко-этнографический источник. Тезисы международного научного симпозиума, посвященного 1000-летию эпоса "Манас". - Бишкек, 1995. - С. 62-64.
  • Өмүрбектегин Т.Н., Чоротегин Т.К. Түндүк Кыргызстандын Орусияга каратылышы. - Бишкек: "Учкун" концерни, 1992. - 24 бет. - (Кыргызстан Жаш Тарыхчылар Жамааты. "Кыргыз таануучунун китеп текчесине").

1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш тарыхы боюнча эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Омурбеков Т.Н. Участие народностей Семиречья в национально-освободительном движении в начале XX в. (1900-1917 гг.): Дисс. на соискание уч. степ. канд. ист. наук. - Алма-Ата, 1986. - 218 с.
  • Омурбеков Т.Н. Участие народностей Семиречья в национально-освободительном движении в начале XX в. (1900-1917 гг.). - Спец. 07.00.02 - История СССР. - Автореферат дисс. на соискание уч. степ. канд. ист. наук. - Алма-Ата, 1986. - 20 с. - Казахский гос. ун-т им. С.М.Кирова. - Научные руководители: А.Х.Хасанов (покойный), Дж.С.Бактыгулов. - Офиц. оппоненты: Х.З.Зияев, К.Л.Косшанов. - Ведущая орг.: Инс-т истории АН Кирг. ССР.
  • Омурбеков Т.Н. Участие народов Киргизии в национально-освободительном движении накануне Октября // История и современность. - Фрунзе: Илим, 1982. - С. 32-37.
  • Омурбеков Т.Н. Изучение вопросов национально-освободительного движенич в курсе истории Киргизии // Метод. рекомендации по ист. Киргизской ССР для учителей общеобразлват. школ и ПТУ. - Ф., 1990. - С. 31-38.
  • Өмүрбеков Т.Н. 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүш // Кыргыз тарыхы: Энциклопедия. - Б., 2003.
  • Өмүрбеков Т.Н. 1916-жылкы көтөрүлүштүн өбөлгөлөрү, негизги очоктору, жетекчилери жана өзгөчөлүктөрү // 1916-жыл: Азаттык көтөрүлүшү. 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 95 жылдыгына арналган илимий конфер. матриалдары. - Б.: Бийиктик, 2012. - 22-37-бб.
  • Өмүрбеков Т.Н. Ыйык мураска аяр мамиле керек // Улуттук университет (гезит). - 2016. - март-апрель. - № 3-4. - Б. 41-42; 2016. - май-июнь. - № 5-6. - Б. 43-44.
  • Өмүрбеков Т.Н. Кыргызстандын тарыхы. - 1-бөлүк. - Б.: Макспринт, 2011. - 328 б. (Мында Б. 305-312. - 1916-жылдагы окуялар тууралуу.
  • Өмүрбеков Т.Н. Улуу Үркүндүн тарых тастыктаган сабактары // Кыргыз Туусу. -2016. - 3-июнь. № 43. (24036).
  • Өмүрбеков Т.Н. Кыргызстандагы 1916-жылкы көтөрүлүш: Өбөлгөлөрү, очоктору жана тарыхый мааниси // 100-летие национально-освободит. восстания 1916 года: Историческая память и современное значение . - Б.: БГУ, 2016. - С. 35-51.
  • Өмүрбеков Т.Н. 1916-жыл: Азаттык көтөрүлүшү. 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 95 жылдыгына арналган илимий конф. материалдары. - Б., 2011. - Б. 308-309.
  • Омурбеков Т.Н., Чороев Т.К. О спорах вокруг истории восстания 1916 г. // Слово Кыргызстана. - 1992. - 27 марта.
  • Өмүрбеков Т.Н., Чороев Т.К. 1916-ж. көтөрүлүшкө кимдер катышкан // Кыргыз маданияты. - 1991. - 9-май.
  • Өмүрбеков Т.Н., Чороев Т.К. 1916-жылкы көтөрүлүш жөнүндө // Кыргыз маданияты. - 1991. - 17-октябрь.
  • Өмүрбеков Т.Н., Чоротегин Т.К. Үркүнгө 75 жыл // Кыргыз маданияты. - 1991. - 27-март.
  • Өмүрбеков Т.Н.

Автордошуп жазган илимий жана окуу китептери жана окуу куралдары:[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Чоротегин Т.К., Өмүрбеков Т.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: (Эзелки замандан тартып б.з. VII к. башына чейин): Башталгыч курс: Орто мектептин 6-классы үчүн окуу китеби / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, Ө.Караев. — Бишкек: «Кыргызстан» басма үйү, 1997. — 156 б.; Бишкек, 2002.
  • Чоротегин Т.К., Өмүрбеков Т.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: (VII к. башы — XVIII к. аягы): Экинчи бөлүк: Орто мектептин 7-классы үчүн окуу китеби / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, Ө.Караев. — Бишкек: «Кыргызстан» басма үйү, 1998. — 128 б.; (2-chygarylyshy; 2002. – Bishkek. 2002. – 202 bet, ill., karta. ISBN 5-655-01416-5)
  • Өмүрбеков Т.Н., Чоротегин Т.К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: (XIX к. башы — 1917-ж.): III бөлүк: Орто мектептин 8-классы үчүн окуу китеби / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, А.Асанканов. — Бишкек: «Кыргызстан» басма үйү, 1998. — 196 б.; (2-chygarylyshy - 2003. – Bishkek.)


  • Өмүрбеков Т.Н., Чоротегин Т.К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын жаңы доордогу тарыхы: (XVII - XX кк. башы): Орто мектептердин окуучулары үчүн кошумча сынак окуу куралы / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, А.Асанканов. — Бишкек: «Кыргызстан» басмасы, 1995. — 187 б. - ISBN 5-655-01032-1.
  • Москалев М. И., Солтобаев О.А., Омурбеков Т. Н. Кошой-Коргон – древний Атбаш. – Б.: Учкун, 2007. - 119 с.

Пайдаланылган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

ISBN 5-89750-028-2

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. - Том 1-6.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]