Кыргыз Тарых Коому

Википедия дан

Кыргыз Тарых Коому эл аралык коомдук бирикмеси (КТК) - Кыргызстанда уюшулган эл аралык коомдук бирикме. КТК эч бир саясий партияга багыныңкы эмес, көз карандысыз чыгармачыл бирикме.

2012-жылдын 11-февралында Уюштуруу жыйыны өткөн, ал эми 2012-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги тарабынан эл аралык коомдук бирикме катары расмий катталган.

Кыскача тарыхый баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарых Коомунун (КТК) орусча аталышы – Кыргызское Общество Истории, англисчеси – Kyrgyz History Society, түркчөсү – Kırgız Tarih Kurumu.

КТКнын уюштуруу жыйыны 2012-жылдын 11-февралында Бишкек шаарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин башкы жыйын залында өттү.

Анда 13 кишиден турган Башкармалык, 3 кишиден турган Текшерүү комиссиясы жана коомдун Президенти шайланды.

Алардын арасында КУУнун тарых факултетинин деканы, профессор Бектемир Жумабаев, археолог, “Манас” университетинин профессору Кубат Табалдыев, тарыхчы жана публицист, мурдагы Кыргызстан Тарыхчылар Коомунун төрагасы Кыяс Молдокасымов, археолог, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын өкүлү Кадича Ташбаева, түрк элдеринин этнографиясы, ономастикасы, этнонимиясы жана эн тамгалары боюнча адис, профессор Олжобай Каратаев, Жалал-Абат университетинин өкүлү, тарыхчы Бакыт Ураимов, Кыргыз тышкы иштер министрлигинде иштеген чыгыш таануучу, иранист Акылбек Кылычев, булак таануу адиси Шайыр Батырбаева, Кокон хандыгынын тарыхын жаңыча жазып чыккан тарыхчы Ташмамбет Кененсариев, археолог Михаил Москалев жана Кыргыз УИАсынын Тарых институтунун директорунун орун басары, совет тарыхы боюнча адис Акылбек Жуманаев, тарыхчы жана жазуучу, чек ара тарыхы жана кыргыз дипломатиясынын тарыхы боюнча адис, Лондондо бир катар жылдар жашаган Арслан Капай уулу Койчиев бар.

Кыргыз тарыхчылар тобу "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин Уюштуруу жыйынында. Солдон оңго: Аскарбек Беделбаев, Бекбосун Бөрүбашев, Эгемберди Маанаев, Акылбек Жуманалиев, Асан Ормушев жана түрколог Кадыралы Конкобаев. 11.02.2012. Т. Чоротегиндин сүрөтү.

Текшерүү комиссиясы өзүнүн төрагасы кылып КУУнун мурдагы ректору, саясат таануучу жана тарыхчы, профессор Аалыбек Акуновду шайлады.

КТКнын Уюштуруу жыйыны маалында тарыхчы Рыскул Жолдошов Башкармалыкка “кандайдыр-бир устуканды бөлүштүрүү үчүн эмес, карандай жумуш жасоо үчүн умтулуу керек” деген эскерткен сөзү менен айырмаланды.

Башкармалык коомдун вице-президенттигине Бектемир Жумабаев, Кубат Табалдиев жана Арслан Капай уулу мырзаларды, жооптуу катчылыкка Олжобай Каратаевди бекитти.

Жыйынга 80дей тарыхчы жана кыргыз таануучу, жоон топ студенттер катышканын эске алсак, чынында да ал олуттуу окуя болгонун көрсөк болот.

Белгилүү түрколог Кадыралы Конкобаев, президенттик администрациянын өкүлү, этнограф Абылабек Асанканов, карыя тарыхчылар Эгемберди Маанаев, Асан Абетеков, Аскар Беделбаев, Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин өкүлү Чолпон Турдалиева, чыгыш таануучулар Таласбек Машрапов, Кубан Жусаев, Тынчболот Жуманалиев, археолог Валерий Кольченко, тарыхчы жана укукчу Бекбосун Бөрүбашев, педагогика илиминин кандидаты Мурат Иманкулов ж.б. адистер КТК Жобосун талкуулоо маалында чыгып сүйлөштү.

11-февралдагы жыйын маалында археолог Кубат Табалдиев буга чейинки археологиялык иликтөөлөрдөн тышкары, археологиялык жана башка мурастарды сактап калуунун зарылчылыгы жөнүндө мыкты мултимедиалык баяндамасын жасады.

Архивист Чоробек Сааданбеков болсо www.bizdin.kg интернет барагынын мисалында илимий адабиятты интернетке жайгаштыруу усулдарын өнүктүрүүгө чакырды. Маалымат технологиясы боюнча адис, википедиячы Тынчтыкбек Жанадылдын заманбап интернет сабагын кантип даярдоо керектиги тууралуу баяндамасы да катышкандардын бүйүрүн кызытты. Алардын баяндамалары КТКнын азыркы жана болочокку изилдөө жана агартуу иштеринин орчун бөлүгүн чагылдырды.

КТК эч кандай расмий мекемелердин (УИАнын Тарых институтунун, КУУнун Тарых факултетинин ж.б.) ишин алмаштырбайт, аларга огожо жана шерик болот, алардын колу тийбей жаткан далай иш-чараларга демөөрчүлөрдү тартат.

Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенти Кыргыйбек Молдожунусов өзүнө шерик студенттердин атынан КТКнын студенттик бөлүмүн түзүү сунушу менен кайрылды.

Жер-жерлерде КТКнын бөлүмдөрүн түзүү жана аймактык шеринелерди (форумдарды) байма-бай өткөрүү сунуштарын Жалал-Абаттан жана Нарындан келген тарыхчы илимпоздор айтышты.

Тарыхты илимий негизде иликтөө, факт, маалыматтарды табуу, “жасалма тарых” менен чайкоочулук кылууга жол бербөө талаптары да орчун милдет катары улам баса айтылып жатты.

КТКнын долбоорлору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бектемир Жумабаев (14.06.1960 - 16.01.2014) Кыргыз Тарых Коому ЭКБсынын вице-президенти (2012-жылдын 11-февралынан каза болгонго чейин) болуп иштеген. 26.03.2011.

КТКнын иш аракет долбоорлорунун арасында кыргызча жана башка тилдерде тарыхка арналган атайын интернет барагын ачуу, интернеттик энциклопедияларды жана окуу куралдарын байытуу, археологиялык, археографиялык, этнографиялык, фолклордук, булак таануучулук жана башка илимий экспедицияларды уюштуруу, илимий басылмаларды жарыялоо, ажайыпканаларды уюштуруу жана байытуу, жаңы окуу китептерин жана окуу куралдарын жарыялоо, жаш адистерди багыттоо, эл аралык илимий байланышты чыңдоо, жана башка ар кыл тармактар боюнча реформаларды жүргүзүүгө катышуу сыяктуу долбоорлор бар.

Коомдун тарыхый башаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КТКнын тарыхый башаты – Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты (1989) жана Кыргызстан тарыхчылар жамааты (1995) сыяктуу чыгармачыл уюмдар болгон.

Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты (КЖТЖ)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты (Ассоциация молодых историков Кыргызстана) (КЖТЖ) - 1989-1995-жылдары Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн өкмөттүк эмес чыгармачыл уюм.

Аны 1989-жылдын 3-июнунда Кыргызстандагы бир катар жаш тарыхчылар Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында негиздешкен. КЖТЖнын жобосунун (уставынын) кыргыз жана орус тилдериндеги долбоорун Тынчтыкбек Чоротегин даярдаган.


КЖТЖнын 1989-жылдагы Уюштуруу жыйыны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тарыхчы, КТМУ профессору Дөөлөтбек Сапаралиев. Ал КЖТЖнын жетекчилеринен болгон. 02.10.2012.

КЖТЖны уюштуруу жараянына жаш тарыхчылар Кыяс Молдокасымов, Акылбек Кылычев, Арслан Койчиев, Александр Тузов, Кубатбек Табалдиев, Айдарбек Көчкүнов, Дөөлөт Сапаралиев, Токторбек Өмүрбеков, Муратбек Кожобеков, Аалыбек Акунов, Адыл Кожобаев, Венера Койчиева, Динара Иманова, Алмаз Кулматов, Темир Асанов, Тынчтыкбек Чоротегин жана башка ошол кездеги бир катар жаш тарыхчы илимпоздор жандуу катышкан.

Уюштуруу жыйынына жазуучу жана публицист, кыргыз тарыхын иликтөөнүн күйөрманы Түгөлбай Сыдыкбеков, даңазалуу манасчы Жусуп Мамай сый конок катары катышкан.

КЖТЖнын бул уюштуруу жыйыны Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу бейөкмөт уюм кыргызча жана орусча синхрондуу котормо жүргүзүү шартында өткөргөн уюштуруу жыйыны болуп калды.

Ошол кезде мындай техникалык мүмкүнчүлүк Кыргызстан Жазуучулар Союзунун (Биримдигинин) жыйын залында гана болгон. Бул Биримдиктин төрагасы жазуучу Чыңгыз Айтматов жана анын орун басары Асан Жакшылыков КЖТЖга жыйынды бекер өткөрүүгө уруксат беришкен.

Кыргызстан Коммунисттик партиясынын ошол учурдагы жетекчилиги бул жыйынды болтурбоого, кечеңдетүүгө аракет кылган, бирок кыргызстандык атактуу жазуучулардын жана коомдук ишмерлердин колдоосун сезген соң, кол жайып тим болгон.

КЖТЖнын саясий ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КЖТЖга ошол кездеги тарых илимдеринин кандидаттары Дөөлөтбек Сапаралиев, Айдарбек Көчкүнов жана Тынчтыкбек Чоротегин төрагалык кылышкан.

КЖТЖ 1989-1991-жылдардагы Кыргызстандагы саясий жараянга жигердүү катышкан. КЖТЖнын өкүлү (ал кездеги тзрага орун басары) Т. Чоротегин Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) уставынын (жобосунун) долбоорун даярдап, 1990-жылы 25-майда КДКнын уюштуруу жыйынында анын жобосу боюнча баяндама менен чыккан.

КЖТЖнын мүчөлөрү 1990-жылы октябрда ошол кездеги коммунисттик жетекчиликтин саясатына каршы ачкачылык иш-чарасына жандуу катышкан.

КЖТЖ мүчөлөрү (Нарынбек Алымкулов, Кыяс Молдокасымов жана башкалар) 1990-жылдын күчүндө - 1991-жылдын башында Бишкек шаарынын тарыхый аталышын калыбына келтирүү үчүн архивдик иликтөө жүргүзүүгө да катышкан.

КЖТЖ 1991-жылы июлда "Өмүр көчү" жүрүшүнө да жандуу катышкан. Бул жүрүш Чүй өрөөнүндөгү Асылбаш айылынан башталып, Кемин, Балыкчы аркылуу өтүп, андан соң экиге бөлүнүп, анын бир тобу - Нарындагы Торугарт ашуусуна чейин, экинчиси - Ысык-Көлдөгү Бедел ашусуна чейин барган.

Алар жер-жерлерде 1916-жылкы улуттук боштондук кыймылынын тарыхый ролу жана орду тууралуу жаңыча түшүнүк тууралуу калайыкка маалымат беришкен. Жүрүшкө кыргыздар эле эмес, орус элинин өкүлдөрү (Виктор Черноморец ж.б) да жигердүү катышкан.

КЖТЖнын илимий жана педагогдук иш-аракети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КЖТЖнын сүрөөнчүлүгү менен Кыргызстан, Борбордук Азия жана кыргыз улутунун тарыхына арналган бир катар жаңыча жазылган илимий монографиялар жана окуу китептер жарык көргөн, археология жана этнография боюнча илимий сапарлар уюштурулган жана талаш-тартыштуу темалар боюнча ырааттуу илимий талкуулар (дискуссиялар) жана жыйындар Бишкекте (Кыргыз улуттук университетинде, Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде, Кыргыз улуттук китепканасында жана башка илимий чордондордо) жана башка шаарларда өткөрүлүп турган.

КЖТЖнын көчмө жыйыны Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинде да өткөрүлгөн.

Аны уюштурууга жергиликтүү жаш илимпоздор Турсунбай Бакир уулу жана башкалар олуттуу көмөк көрсөтүшкөн.

КЖТЖнын төрагасы Тынчтыкбек Чоротегин жана мүчөсү Кыяс Молдокасымов 1995-жылы Түркияда илимий сапарда болуп, орток түрк тарыхы боюнча окуу китебин түзүү жараянына катышкан.

КЖТЖнын өкүлдөрү Т. Чоротегин жана Адылбек Кожобаев Кыргызстандын тарыхы боюнча жаңыча мамиле камтылган окуу программасын даярдашып (аларды профессор А. Чукубаев колдоп берген), 1989-жылдын сентябр айында кыргыз жана орус тилдеринде жарыялашкан.

КЖТЖнын атынан археолог Кубатбек Табалдиев археологиялык иликтөөлөрдү дээрлик жыл сайын жүргүзүп турган.

Тарыхчылар Токторбек Өмүрбеков, Ташын Кенесариев, Кыяс Молдокасымов, Өмүркул Караев, Тынчтыкбек Чоротегин, Арслан Койчиев жана башкалар КЖТЖнын колдоосу жана сунушу менен илимий эмгектерин жарыялашкан.

Кыргызстан тарыхчылар жамааты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1995-жылы ноябрда Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын негизинде Кыргызстан Тарыхчылар Жамааты (КТЖ) аттуу жаңы бейөкмөт коомдук бирикме - пост-советтик Кыргызстандагы жалпы (улуу жана кичүү муундардан турган) тарыхчы окумуштууларды баш коштурган илимий чыгармачыл уюм калыптанган.

1995-жылдан бери 2011-жылга чейин уюмду тарыхчы Кыяс Молдокасымов жетектеген.

Анын орун басарларынын бири - археолог Кубатбек Табалдыев болгон.

“Кыргызстан Тарых Коому” деп да аталган бул уюмдун сүрөөнчүлүгү менен Кыргызстан, Борбордук Азия жана кыргыз улутунун тарыхына арналган бир катар жаңыча жазылган илимий монографиялар жана окуу китептер жарык көргөн, археология жана этнография боюнча илимий сапарлар уюштурулган.

Дал ошол мурдагы уюмдарды негиздеген тарыхчылар жана аларга тилектеш кесиптештери эми жалаң гана кыргыз тарыхын эмес, жалпы дүйнө тарыхын заманбап усулдар жана методология жолдору менен иликтөө, тарых илимин жаңы баскычка көтөрүү, тарыхты окутууда интернет жана мултимедиа усулдарын жайылтуу, тарыхый мурасыбызды (анын ичинде археологиялык эстеликтерди) сактап калуу, ажайыпканаларды ачуу, жаш адистерди даярдоо көйгөйлөрүн чечүү үчүн КТКны уюштурушту.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чоротегин Т., Молдокасымов К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.


Сүрөт баян[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маркум профессор Өмүркул Караевдин (1930-2002) мүрзөсүндөгү эстеликтин жанында. Анын шакирти Муратбек Кожобеков. Көк-Жар кыштагынын чыгышы. 06.10.2015.
Кыргыз тарыхчылары Абдрасул Исаков менен Зайнидин Курманов Мармара университетинде. Стамбул, Түркия. 11.5.2012.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]