Караев, Өмүркул

Википедия дан

Өмүркул Караев (15.10.1930 - 18.09.2002) – кыргыздын чыгаан тарыхчысы, чыгыш таануучусу, профессор, тарых илиминин доктору.

Кыскача өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өмүркул Кара уулу (Караев) 1930-жылы 15-октябрда Кыргызстандын Чүй өрөөнүндөгү Чүй облусуна караштуу Чүй районундагы Сайлык кыштагында туулган.

1953-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин (азыркы Кыргыз Улуттук Университетин) аяктаган.

1962-жылы Москва шаарында СССР Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун аспирантурасын аяктаган.

Өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясында иштеди.

Ал улуттук академияда Тарых институтунда, Кол жазмалар жана жарыялоо бөлүмүндө ар кыл кызматтарды аркалады.

Ошону менен катар Кыргыз Улуттук Университетинин Байыркы дүйнөнүн жана орто кылымдардын кафедрасында, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасында адистик дарстарды жана семинарларды берип келди.

Илимий мурасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маркум профессор Өмүркул Караевдин (1930-2002) мүрзөсүндөгү эстеликтин жанында.

Ө.Караев кыргыз таанууда бараандуу из калтырды.

Ал заманбап кыргыз тарых илиминде алгачкы арап таануучу, булак таануучу болуп калды.

150дөн ашуун илимий эмгек (4 монография, 1 окуу китеп) жарыялады.

Ал Кыргызстанда совет бийликтери цензура киргизип, эне-сай кыргыз тарыхын иликтөөгө бөгөт койгон учурларда да бул тармакта илимий ачылыштарын жарыялай берди.

Артынан орто кылымдардын тарыхын иликтеген бир нече окуучу-шакирттерди калтырды.

Караханийлер каганаты, кара-кытай доору, Моголстан ж.б. тууралуу илимий эмгектер жазды.


Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өмүркул Караев жубайы Кымбат Акмолдоева экөө Динара аттуу татынакай кыздуу болгон.

Алар кызын өтө мээримдүү, мээнеткеч кылып тарбиялашты.

Ө.Караевдин күйөө баласы Шайлообек Эшпай уулу Курманалиев менен кызы Динара эки уулдуу (Медер, Эржан) жана кыздуу (Гүлайым) болушту.

Маркум Өмүркул агай өзү да неберелерин жыттап, эркелетип калды.

Кыргыздын чыгаан тарыхчысы Өмүркул Караевдин жесири Кымбат Акмолдоева апа 2018-жылдын 20-июлунда саат 18:30да оорунун айынан дүйнөдөн кайтты. Ал 2018-жылы 7-январда 83 жашка чыккан болчу.
Маркум Кымбат Акмолдоева апаны акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү 22-июлда саат 09:30—10:00до башталды. Бул аза күтүү каадасы Бишкектин түндүк-чыгышындагы Көк-Жар айылында Эркинбек Матыев атындагы көчөдөгү №4 үйдө өткөрүлдү (бул үй – Өмүркул агайдын жана Кымбат апанын кызы Динара менен күйөө баласы Шайлообек Курманалиевдерге таандык). Маркумдун сөөгү ушул эле күнү Көк-Жар кыштагынын чыгышындагы Ала-Тоо айылына карай бараткан жол четиндеги көрүстөндө ыраматылык Өмүркул агайдын мүрзөсүнүн жанына коюлду.
Бул тууралуу “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинен маалымдашты. [1]

Шакирттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өмүркул Караевдин шакирттеринин бири - тарых илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин доценти Муратбек Кожобеков.

Башка шакирттери - тарых илимдеринин кандидаты Темиркул Асанов менен тарых илимдеринин кандидаты Рыскул Жолдошов.

Дагы бир шакирти - тарых илимдеринин кандидаты, доцент Гүлжамал Эсеналиева.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1995-жылы Кыргызстан Тарыхчылар Коомунун ардактуу мүчөсү болуп шайланган.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кара уулу Ө. Көөнө түрктөр тарыхы: (Студенттер үчүн дарстар) / Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Учкун, 1994. – 64.б. - (Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты). - “Кыргыз таануучунун китеп текчесине” сериясы.
  • Караев, Омуркул Караевич. Арабские и персидские источники IX-XII вв. о киргизах и Киргизии: Автореферат дис. на соискание ученой степени кандидата исторических наук / Акад. наук СССР. Ин-т народов Азии. - Москва: [б. и.], 1963. - 19 с.
  • Караев О. К. Арабские и персидские источники IX—XII вв. о киргизах и Киргизии. — Фрунзе: Илим, 1968. — 102 с.
  • Караев O.K. Земли тогузгузов, карлуков, хазлажия, хилхия, кимаков и киргизов по карте ал-Идриси // Арабо-персидские источники о тюркских народах / Отв. ред. О.К.Караев. — Фрунзе: Илим, 1973. — С. 4—48.
  • Караев O.K. Извлечения сведений из географии ал-Идриси "Китаб нузхат ал-муштак фи-хтирак ал-афак (Развлечение истомленного в странствии по областям)" о некоторых тюркских племенах // Арабо-персидские источники о тюркских народах. — С. 49—59.
  • Караев O.K. История Караханидского каганата (X — начало XIII вв.) / Отв. ред. М.Б.Джамгерчинов, В.П.Мокрынин. — Фрунзе: Илим, 1983. — 302 с.
  • Караев O.K. К вопросу о терминах кыргыз и хакас // НАиА. — 1970. — № 4. С. 255-259.
  • Караев O.K. Караханиды до оформления Западного и Восточного каганатов // Киргизия при Караханидах / Под ред. Е.A. Давидович. — Фрунзе:

Илим, 1983. — С.14—23.

  • Караев O.K. Народы Центральной Азии и государство Караханидов // Историко-культурные связи народов Центральной Азии. — Улан-Удэ, Бурятск, филиал СО АН СССР, 1983. — С. 91-100.
  • Караев О., Кожобеков М.Ч. О переселении енисейских киргизов на Тянь-Шань // Вопросы этнической истории киргизского народа / Отв ред. О.Караев, И.Молдобаев. — Фрунзе: Илим, 1989. — С. 41—66.

Орусча түзгөн жыйнактары (как составитель сводов на русском языке)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыpгызы: Источники. Истоpия. Этногpафия / Сост.: Омуркул Каpаев, Кенеш Жусупов. — Бишкек: Шам, 1996. — 620 с. (Фонд «Соpос—Кыpгызстан»). ISBN 5-7499-0042-8.

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маркум профессор Өмүркул Караевдин (1930-2002) мүрзөсүндөгү эстелик.

Өмүркул Караевдин чыгармачылыгы тууралуу атайын илимий диссертация Гүлжамал Эсеналиева тарабынан корголду (Бишкек, 2008).
2012-жылы Бишкекте бул айымдын "КЫРГЫЗДАРДЫН ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН ОРТО КЫЛЫМДАРДАГЫ ТАРЫХЫН ИЗИЛДӨӨДӨ ӨМҮРКУЛ КАРАЕВДИН КОШКОН САЛЫМЫ" аттуу монографиясы жарыкка чыкты.

  • Кыргыздын туңгуч чыгыш таануучусу, профессор Өмүркул Караевге (1930-2002) 85 жыл: (Макалалар топтому) / Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2015. – 186+iv б., сүрөт. – “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. - “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү. - ISBN – 978-9967-12-514-8.
  • Эсеналиева, Гүлжамал Өмүракуновна. Өмүркул Караев – кыргыз элинин жана түрктөрдүн тарыхынын чыгаан изилдөөчүсү: (Профессор Өмүркул Караевдин (1930-2002) 85 жылдыгына карата) /Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. – Оңдолуп, кошумчаланган монография. - Бишкек: MaxPrint басмасы, 2015. – 186+ii б., сүрөт. – “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. - “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү. - ISBN 978-9967-12-515-5.
  • Кожобеков, Муратбек Чалакеевич. Кыргыз каганатынын тарыхы / Илимий ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Жусуп Баласагын атындагы КУУнун «Университет» басмаканасы, 2013. - 188 б., карта, сүрөттөр. - “Тарых жана мурас” түрмөгү [Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын иликтөө боюнча “Мурас” кору; “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБ.] - ISBN 978-9967-02-942-2.
  • Чоротегин Т. К. Алгы сөз // Кара уулу, Өмүркул. Көөнө түрктөр тарыхы: (Студенттер үчүн дарстар) / Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Учкун, 1994. – 64 б. – Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты. – “Кыргыз таануучунун китеп текчесине” сериясы. – Мында: 3-5-бб.
  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий био-библиографический свод / Отв. ред. академик У.А.Асанов. – Бишкек: Центр государственного языка и энциклопедии, 2002. – 544 стр., илл., карта. - ISBN 5-89750-142-4.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.
  • Чоротегин Т. К. Профессор Өмүркул Караевдин байсалдуу жолу // Ала-Тоо. - Кыргыз жазуучуларынын ай сайын чыга турган адабий журналы. - Бишкек: Турар, 2015. - № 12. - Б. 98-105.
  • Осмонаалы Сыдыков. «Мухтасар тарых Кыргызиа», «Тарих кыргыз Шадманиа» / Жооптуу редактор. Баш сөз, комментарийлер жазган жана түзүүчү М.Ч.Кожобеков. – Бишкек: «Турар», 2014. – 230 б.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүрөт баян[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маркум профессор Өмүркул Караевдин (1930-2002) мүрзөсүндөгү эстеликтин жанында. Анын шакирти Муратбек Кожобеков. Көк-Жар кыштагынын чыгышы. 06.10.2015.
Маркум профессор Өмүркул Караевдин (1930-2002) мүрзөсүндөгү эстеликтин жанында. Анын шакирти Т. Чоротегин. Көк-Жар кыштагынын чыгышы. 06.10.2015.


Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Темиркул Асановдун өз устатын эскерген макаласы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимдин дыйканы, жаштардын устаты, чыгаан тарыхчы

1990-жылы февраль айында мен Кыргыз Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунун директору Абдыганы Эркебаевдин кабыл алуусуна барып калдым. Максатым академияга кызматка кирип, келечекте илимпоз болуу эле. Абдыганы агай мени кабыл алып, кыргыз элинин оозеки тарыхый мурастарына байланышкан бир нече суроолорду узатты. Мен ал суроолорго жооп берген соң: "Сен эми тарыхчы экенсиң, бизде бир көрүнүктүү окумуштуу бар, ошонун бөлүмүндө иштейсиң", - деп арызыма кол коюп берди.

Аңгыча кабинетке жапалдаш бойлуу өзүнө тыкан, чачын ак аралап калган, арыкчырай жана көз карашы кыраакы адам кирип келди. Ал киши менен тааныштырып: "Бул жигит тарыхчы экен сиздин бөлүмдө иштейт, кийин конкурстан өткөрүп туруп бекитебиз",- деди Абдыганы Эркебаев. Буга чейин Өмүркул Караевди студент чагымда бир көрсөм, эми жанында туруп көзмө-көз тааныштым.

Эсимде, 1981-жылы университеттин тарых факультетинин окутуучулар жана студенттер жамааты, көрүнүктүү окумуштуулар К.И.Петров, Ө.Караев жана ал кезде жаш илимпоз А.Мокеев менен жолугушуу өткөрүп, анда кыргыз этногенези боюнча илимий талкуу уюштурушкан. Талкуу абдан кызуу жүрүп, окумуштуулар кыргыз элинин келип чыгышы тууралуу өзүлөрүнүн ойлорун айтышып, бирок бирдиктүү пикирге келе алышкан эмес. Ошондо эле, Өмүркул Караев менен К.И.Петровдун көз караштары аталган маселе боюнча карама-каршы экендигин баамдасам да, кийин алардын эмгектерин окуу менен алардын пикирлеринин кайчы экенин терең түшүндүм. Анан тагдыр буйруп студент кезде бир көргөн окумуштуу менен кийинчерээк бир канча жылдар бою чогуу иштешүүгө туура келди.

Өмүркул Караев ал кезде Тил жана адабият институтунун карамагындагы кол жазмалар жана жарыялоо бөлүмүнүн башчысы кызматында турган. Учурунда тарыхчы жана фольклор иликтөөчүлөрдөн турган бул бөлүм, мезгилдин талабына жараша түзүлүп кол жазма булактарды изилдөө, чогултуу жана жарыялоо боюнча илимий иштерди жүргүзгөн. Кийин бул бөлүм жоюлуп кетип, Өмүркул Караев жана аны менен кошо тарыхчылар тарых институтуна которулганбыз.

Өмүркул агай өзүнүн кесибине абдан берилген, күнүмдүк турмуштун башка нерселерине анча кызыга бербеген өзүнчө бир жан дүйнөсү бай адам эле. Ал болгон күч кубатын жана дараметин илимге гана арнап ар дайым китепканада же кабинетинде иштеп олтурганын көрчүбүз. Чогуу иштеген жылдардын учурунда өз алдынча гезит окуганын байкасак да кайсы бир саясый окуя, өлкөнүн ичиндеги турмуш же болбосо инсандар тууралуу өзүнүн кесиптештери, кызматкерлери менен талашып-тартышып же кандайдыр бир айың сөздөрдү эч убакта сүйлөшпөгөнүбүздү жакшы билем. Бул жагынан агайдын жан дүйнөсү таза болучу.

Бош убактыларында агайдын тели-теңтуштары кабинеттеринде шахмат ойноп, кызуу сөзгө кирип кетишээр эле. Өмүркул агай эч убакта аларга басып барчу эмес. Эгер жаш кызматкерлердин арасынан ага азгырылгандар болсо, акырын гана чакырып алып: "Балдар өз ишиңер менен алектенгиле, андан пайда жок", - деп коючу. Ошондуктан биз агайдын сөзүн туура кабыл алып ал киши менен маңдай-тескей олтуруп иштештик. Өмүркул агайдын иштөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү менен эгер ал өзүнө мынчалык бекем болбосо чоң илимий эмгектер жаралмак беле деп ойлойсуң. Биз агайдын ушул илимий эмгектери тууралуу да азыноолак сөз кылсак.

Өмүркул агай өзүнүн илимий эмгектери менен кыргыз тарыхын изилдөөдө терең из калтырды. 1964-жылы Москва шаарында Чыгыш таануу институтунда кандидаттык диссертациясын коргойт. 1968-жылы "Арабские и персидские источники IX-XII вв. о киргизах и Киргизии" аттуу монографиялык эмгеги жарык көрөт. Монографияда автор орто кылымдагы кыргыздар жана Кыргызстандын аймагындагы шаар-кыштактар, географиялык аталыштар, соода маршруттары жана бул аймакты байырлаган уруулар жана этностор тууралуу араб-перс булактарындагы баалуу маалыматтарды иликтеп чыккан. Ушул эмгегинде Өмүркул агай кыргыздар Теңир тоодо моңгол дооруна чейин т.а. X-XI кылымда жашап тургандыгын ырастаган маалыматтарды да келтирген. Аталган эмгеги жарык көргөндөн кийин Өмүркул агай илимий чөйрөдө кыргыздан чыккан алгачкы арабист катары таанылып калган.

Орто кылымдагы булактарды терең изилдөөнүн кезегинде пайдасы тийди. Анткени, 1960-жылдын аягы жана 1970-жылдын баш чендеринде Өмүркул агай Москвадан чыккан илимий басылмаларга макалаларын жарыялап, илимде талаш болуп келген кыргыз элинин этногенези маселеси боюнча көз караштарын билдире баштаган. Өзгөчө К.И.Петровдун жана Л.Р.Кызласовдун дарегине жана илимий көз караштарына карата жазылган сын макаласы "Совет-ская этнография", "Народы Азии и Африки" ж.б. журналдарга жарыяланып, илимий коомчулук тарабынан колдоого алынган.

Ошол учурда Кыргызстандын тарыхнаамасында Карахандар кагандыгынын мезгилин иликтөө актуалдуу маселе катары күн тартибинде турган. XIX кылымдын 30-жылдарынан баштап аталган мамлекеттин тарыхын европалык окумуштуулар изилдей башташкан. Бул мамлекетти изилдөөдө орус-советтик чыгыш таануу мектеби да олуттуу салым кошкон. Өзгөчө карахандардын тарыхын изилдөөдө чыгыш таануучу академик В.В.Бартольд чоң эмгек сиңирген. Бирок ошондой болсо да бул мамлекеттин тарыхына байланышкан көп маселелер ачыла элек болчу. Өмүркул агай өзүнө чейинки жетишкендиктерди эске алып 1970-жылдардын аягында карахандардын тарыхын изилдөөгө киришет. 1983-жылы "История Караханидского каганата (X-нач. XIII вв.)" аттуу көлөмдүү монографиясы жарык көрөт. Бир жылдан кийин аталган маселе боюнча Өзбекстан Илимдер Академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргойт.

Карахандар кагандыгынын тарыхы жөнүндөгү эмгеги Өмүркул Караевдин илимий ишмердигиндеги өзүнчө бир бийиктик болуп калды десек туура болот. Анткени советтик чыгыш таанууда жана түркологияда буга чейин мындай монографиялык изилдөөлөр жазылган эмес. Ошондуктан бул эмгек карахандардын тарыхы боюнча кеңири булактардын негизинде мазмундуу жазылган изилдөө катары кабыл алынып, тез эле сейрек китепке айланган. Бул эмгеги Өмүркул агайды тыягы Түркиядагы, быягы Москва-Ленинград жана Орто-Азиядагы окумуштуулардын арасында карахандардын тарыхы боюнча дасыккан таанымал адис экендигин көргөзгөн.

Эмгекте карахандардын тарыхын изилдегендер, мамлекеттин аймагындагы уруулар жана элдер, аны негиздеген династиянын келип чыгыш теги, саясый тарыхы жана чарбалык-экономикалык маселелери изилденген. Баарыдан да карахандардын мамлекетин негиздеген династия боюнча изилдөөлөрдө ар кандай талаш-тартыш жүрүп келгендигине карабастан, Өмүркул Караев алардын чигил уруусунун чөйрөсүнөн чыккандыгы тууралуу илимий тыянакка келген. Бул көз караш аталган мамлекеттин тарыхын изилдөөдөгү абдан негиздүү салым болгон. Караевдин пикиринде кыргыздар дагы карахандар мамлекетинин түзүлүшүнө кыйыр салымын кошушкан жана өлкөнүн чыгыш чет жакаларын жердеп, ушул аймакта алардын эл болуп калыптануу доору башталган.

1990-жылдары Өмүркул агай соңку орто кылымдардагы Кыргызстандын тарыхы жана кыргыз элинин этногенези маселесинин айланасында ой жүгүртүп, жаңы илимий эмгектерди жана издилдөөлөрдү жараткан. Ошол жылдары тарых илими саясаттан четтеп, бир аз өз алдынчалыкка ээ болуу менен кыргыз тарыхынын айрым маселелерин жаңыча изилдөөгө кадам жасалган. Ушуга байланыштуу Өмүркул Караев жетектеген илимпоздордун тобу кыргыз элинин этногенези жөнүндө "Вопросы этнической истории кыргызского народа" аттуу жаңы илимий жыйнакты даярдашып, Теңир тоо жана Енисей кыргыздарынын өз ара байланыштарын чагылдырган маалыматтарды киргизишкен. Бул жыйнакка кирген макалаларында Өмүркул агай "История Киргизской ССР" деген эмгектин 1984-жылдагы басылышынын 1-томундагы этногенез боюнча жазган авторлордун пикирлерин сынга алып, аталган кыргыздардын түпкү теги бир эл экендигин жана енисейлик кыргыздар азыркы кыргыздардын уюткусун түзүүгө түздөн-түз катышкандыгын далилдеп берген. Бул эмгек кыргыз элинин теги тууралуу соңку мезгилдерде жазылган көрүнүктүү изилдөөлөрдөн болуп калды.

Моңгол доорундагы мамлекеттик түзүлүштөрдүн тарыхын изилдөөдө Өмүркул Караев чоң салым кошкон.

1995-жылы анын "Чагатайский улус. Государство Хайду. Моголстан" аттуу монографиясы жарык көргөн. Аталган эмгек Кыргызстандын аймагында XIII-XVI кылымдардагы болуп өткөн тарыхый процесстерди чагылдыруу менен Чыңгыз хандын империясы кулагандан кийинки мезгилдердеги мамлекеттик түзүлүштөрдүн тарыхын баяндаган. Бул мамлекеттердин түзүлүшү менен Кыргызстандын аймагында жаңы тарыхый-этникалык процесстер жүрүп түрк-моңгол урууларынын өз ара аралашуусунун натыйжасында, жаңы элдердин пайда болгондугу көрсөтүлгөн. Ушул тарыхый процесстердин өңүтүндө кыргыздардын Моголстандын тарыхый аренасына чыгышы, өз алдынчалыгын сактап калышы, мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы жана эл болуп түзүлүшүнүн аякташы жөнүндөгү маселелерди Өмүркул Караев абдан терең изилдеген. Монография моңгол доорундагы кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхын толук чагылдырган баалуу эмгек болуп саналат.

Өмүркул агай өз мезгилинде тарых илимин эл арасына кеңири жайылтуу аны пропагандалоо багытында көп эмгектенген. Анын илимий-популярдуу макалалары "Ала-Тоо", "Кыргызстан маданияты" сыяктуу эл кадырлаган гезит-журналдарга, "Кыргыз Улуттук Энциклопедиясына", "Манас Энциклопедиясына", облустук энциклопедияларга жана башка илимий басылмаларда жарык көргөн. Мындан тышкары анын демилгеси жана жетекчилиги менен көрүнүктүү окумуштуулар В.В.Бартольддун жана С.М.Абрамзондун кыргыз жана Кыргызстандын тарыхы боюнча тандалган чыгармалар жыйнагы эки тилде жарык көргөн. Өмүркул агай белгиленген көлөмдүү монографияларынан сырткары 150дөн ашык ар кандай мазмундагы илимий эмгектердин автору болгон.

Чыгаан окумуштуу 2003-жылы катуу ооруудан кайтыш болду. Бирок анын эмгектери жана тарбиялап кеткен шакирттери калды. Алар агайдын илимий жолун азыр да улантышууда. Өмүркул агай акыретке чейин сообу тийе тургандай эмгектерди калтырды десек болот. Анткени анын эмгектери элдин пайдасына, алардын рухий жан дүйнөсүнө кызмат кылууда.

Ал өмүр бою илим деп, болгондо да кыргыз тарыхындагы терең изилденбеген орто кылымдагы тарыхын изилдейм деп жүрүп, өз турмуш-шартына деле көңүл бурбады. Атактуу тарыхчы, илимдин доктору болгонуна карабай, эки бөлмөлүү тар (Хрущев үйү) үйдө жашап өттү. Ал мезгилдеги бийлик Өмүркул агайдын кадырына жетип жашоо-шартына кызыгып да койгон жок. Бирок, анын калтырган эмгеги келечек муун үчүн өлбөс-өчпөс болуп жаркырап жана бермекчи.

Темиркул АСАНОВ, тарых илиминин кандидаты, ага илимий кызматкер (Бишкек).

ТАГДЫР ЧЕЧКЕН КЕЗДЕШҮҮ

1992-жылы болчу. Жаңыдан жогорку окуу жайына өтүп, улуттук университтин тарых факультетинде  биринчи курста окуп жүргөм. Бир күнү биздин аудиторияга жапалдаш  бойлуу агай келип, «Мындан ары мен силерге «Түрк элдеринин тарыхы» сабагынан дарс окуйм, фамилиям Караев», - деп өзүн тааныштырды. Ошол биринчи дарсында эле агай мага өзгөчө күчтүү таасир калтырды. Дарс аяктаган соң агайга барып, предмет боюнча кошумча материалды кайдан табарымды сурадым. Ал менин кайдан экениме, шаардан же айылдан келгениме кызыкты. Айылдык экенимди айтсам, сабак качан бүтөрүн сурады. Анын дарсы ушул күндөгү акыркы сабак экенин билдиргенимде, агай мени өзү иштеген Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына, 109-кабинетке ээрчитип барып, өзүнүн кол жазмаларын берип, окуп келүүнү тапшырды. Бул карапайым адам окумуштуу экенин, тарых илимдеринин доктору экенин ошол жерден билдим. Анын жөнөкөйлүгү, бой көтөрбөгөндүгү мени абдан таң калтырды.

Ө.Караев бизге окуткан «Түрк элдеринин тарыхы» предмети бүткүчө, андан кийин окуумду аяктагыча  агай менен байма-бай байланышып, ал иштеген илимдер академиясына тез-тез барып турдум. Ал жерден агайымдын шакирттери, тарых илимдеринин кандидаттары Темиркул Асанов, Рыскул Жолдошевдер менен тааныштым. Окуума кандай материал керек болсо агайга барчумун. Ал эч качан эринбестен, кур шылтоо айтпастан илимдер академиясынын китепканасынан мага зарыл материалдарды таап берер эле.

Жогорку окуу жайын бүтөөр мезгил келип, курсташтарымдын ар бири дипломдук иш жазуу үчүн темаларын тактап баштаганда, мен Өмүркул Караевге барып, кайсы темада изилдөө жүргүзсөм болору туурасында кеңеш берүүсүн өтүндүм. Ал мага караханилер каганатынын тарыхы боюнча жетимиш бет маалыматты берип, «Ушуну окуп келсең, анан сүйлөшөбүз», - деди. Ал жактан чыгып университетке келе жатсам, бизди окуткан И.Н. Грандин агай жолугуп, «Ты что, Эсеналиева, Караева изучаешь?», - деп сурап калды. «А что, нельзя?», - десем, «Молодец, тебе легче будет писать, жаль, что Джамгырчинова нет», - деп айтканынан ойлонуп, мен дагы Өмүркул агайдын изилдөөчүлүк ишмердүүлүгү жөнүндө дипломдук иш жазгым келди. Себеби менин агайым дагы  Б.Д Джамгерчинов агайдай илимдин доктору, көрүнүктүү педагог болгон да. Агайга барып айтсам күлүп: «Отурчу, ошондой болмок беле, сага жетекчиң макул болбойт го?» деди. Мен «Кантип болбосун, башка инсандар жөнүндө деле жазып жатпайбы?» десем, «Биринчи жетекчиңди макул кылдыр», - деди. Көпкө ойлонуп, жетекчим Абдрахманов Төлөбек Абыловичке барып, «Өмүркул Караевдин өмүр жолун, ишмердигин жазсам болобу?» деп сурадым. Агай болсо «Эмнеге болбосун, азамат, жакшы чоң иш баштаган жаткан турбайсыңбы. Багытың инсан таануу турбайбы. Кафедрага барып, мени айтып арыз жазып, темаңды бекиттирип кой», - деди.

Ошондогу сүйүнгөнүм. Демейде тез эле жетип келген илимдер академиясына карай         жол мен үчүн узак болуп сезилди. Агайдын кабинетине барсам жок, китепканадагы ордунан таптым. Кубанычымды агайга айтып бүтө албай жаттым. Ал болсо унчукпай кабинетине ээрчитип жөнөдү. Дайыма өзү кабинеттен чай ичер эле, чай коюп, отура туруумду айтты. Анан шашпай чай үстүндө менин сөзүмдү угуп болуп, адаттагысындай эле сырдуу жылмая башын аста ийкеп, «Качан иштеп баштайлы?» деди. Ошентип, алгачкы изилдөө ишимди аны менен кеңешип жаза баштадым.

Ал мага мурда ачылбаган сандыктай сезилчү, бара-бара агайдын кулк-мүнөзүн биле баштадым. Анын эч убакта бирөөнү жаман көрүп же нааразы болгонун көрбөдүм. Качан барсаң бошобой жатса да сени менен китепканадан деле, кабинетинен деле сүйлөшүп узатып коёр эле. Ар түрдүү суроолорду берип жадатчумун. Эгер өзүнө жакпаган суроо болсо унчукпай койчу, жакканына жооп берер эле.  Ушул ыргакта аракеттенип жатып, дипломдук иш жазылып бүттү. Коргоо ийгиликтүү болду. Агайым менен ал кубанычымды да бөлүштүм. Ошондо агайым акырын күлүп, «Азаматсың» деген эле. Агайым ушунчалык кубанып турса дагы сыртына чыгарбастан жылмайып койчу. Окуумду бүтүп, илимдер академиясынын тарых институтуна аспирантурага тапшырдым. Анда жетекчим Өмүркул агай өзү болду.

2001-жылы турмуш-шартка байланыштуу Нарынга көчүп кетип, агайым менен байланыша албай калдым. 2002-жылы агайдын жумушуна барсам, кесиптештери үйүндө экендигин айтышты. Үйүнө телефон чалсам, агайым адашпасын дедиби, «Илимдер академиясынан түз отуруп келсең, мен сени «Манас» кинотеатрынан тосуп алам» деди, аны менен акыркы жолугушуум ошол болду. Мени менен көпкө чейин сүйлөшүп, үй-бүлөм тууралуу сурап отурду. Ошондо  уулумдун сүрөттөрүн көрсөттүм. Уулум өзүмө окшош экенин айтты. Андан көп узабай агайдын дүйнөдөн кайтканын уктум. Илимдеги залкар инсан дүйнө салды. Менин эсимде «Баатырдын атын алыстан ук, жанына барсаң бир киши» деп элибиз айткандай, анын жөнөкөйлүгү, эч качан шашпаганы, ачууланбаганы, сырдуу гана жылмайганы түбөлүккө калды.

«Илимдин баба дыйканы болчу» деп Тынчтыкбек Чоротегин атагандай, агайымдын кыргыз элинин тарыхын изилдеген улуу окумуштуу экендигин, кесиптештери агайдын эмгегин ушунчалык баалап, сыйларын мен өзүмдүн «Кыргыздардын жана Кыргызстандын орто кылымдардагы тарыхын изилдөөдө Өмүркул Караевдин кошкон салымы» аттуу кандидаттык диссертациямды коргоп жатканда билдим. Агайымдын кесиптештери, замандаштары ал тууралуу жакшы пикирлерин айтышып, «Калтырып салган жоксуңбу, изилдөөлөрүн толук камтыдыңбы?» деп сурап жатышты.  Мага агай жөнүндө, анын соңку изилдөөлөрү жөнүндө маалымат чогултууда, жазууда көп жардам берген шакирттеринин бири Асанов Темиркул Ишекеевич болду. Бул инсанга терең ыраазычылыгымды билдирем.

Кандай гана адам болбосун, өз өмүр жолунда тагдырын чечер, басар жолун аныктаар инсанга же окуяга сөзсүз учурайт. Менин өмүрүмдөгү ушундай тагдыр чечер кездешүү студенттик жылдарымда тарыхчы-окумуштуу Өмүркул Караевге жолуктурганым болду. Эгер бул жаркын инсан бизге дарс окубаса, өзү айткан тарыхый маалыматтар менен мага окшогон жаштарды кызыктырып, аң-сезимин бийлеп албаса, анда менин илим жолуна түшөөрүм күмөндүү эле. Балким мен жалпы билим берүүчү орто мектепте тарых мугалими болуп өмүр кечирмекмин, мугалимдик тагдыр күтмөкмүн. Азыр мен Ө.Караевге кездешүүм кийинки тагдырымды, турмуштагы басаар жолумду узак мезгилге аныктап койду деп эсептейм.      

Эсеналиева Гүлжамал'

С.Нааматов  НМУнун доценти, тарых  илимдеринин кандидаты.

  1. Кымбат Акмолдоева апа 84кө карап дүйнө салды. http://www.azattyk.org/a/29381017.html?nocache=1