Эсеналиева Гүлжамал Өмүракуновна

Википедия дан
Эсеналиева, Гүлжамал Өмүракуновна‎»‎ барагынан багытталды)
Эсеналиева Гүлжамал Өмүракуновна
Гүлжамал
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө ысымы: Эсеналиева Гүлжамал Өмүракуновна
Туулган жылы: 1974-жылы 22-Май
Туулган жери: Жан-Булак, Нарын
Өлкө:  Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: Тарых илимдеринин кандидаты (Т.И.К)

Гүлжамал Өмүракуновна Эсеналиева (англисче Guljamal Esenalieva) - Кыргызстандын заманбап тарыхчы айымдарынын бири, тарых илимдеринин кандидаты, доцент. Ал кыргыздын чыгаан чыгыш таануучусу, булак таануучусу жана тарыхчысы Өмүркул Караевдин өмүрүн жана илимий салымын терең иликтеп жаткан тарыхчы адис, педагог жана википедиячы катары маалым.

Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гүлжамал Өмүракун кызы Эсеналиева 1981-1991-жылдары Жан-Булак айлындагы Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектепте окуган.
1991-1996-жылдары КМУнун тарых факультетинин күндүзгү окуу бөлүмүнүн толук курсунда билим алып тарых жана коомдук илимдери боюнча окутуучу квалификациясына ээ болгон.
1996-1998-жылдары КМУнун алдындагы магистратураны (ЦМАНОП) аяктап, магистр даражасына ээ болгон.

Кесиптик тажрыйбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун 1998-жылдан И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин сырттан окуу институтунун гуманитардык дициплиналар факультетинде окутуучу болуп иштөө менен баштаган.
2000-жылы Нарын мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин «философия жана социалык илимдер» кафедрасына ага лаборанттык кызматына кабыл алынган.
2002-жылы «тарых» кафедрасына окутуучулук кызматка которулган.
2003-2004-окуу жылдары юридикалык факультеттин окуу иштери боюнча декандын орун басары болуп иштеген.
2004-2006-жылдар аралыгында тарых факультетинин деканы болуп эмгектенген.
2006-2007-окуу жылдарында тарых жана философия кафедрасынын кафедра башчысы, 2007-2009-окуу жылдары маалыматтык технологиялар, экономика жана башкаруу факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары болуп иштеген.
2009-жылы 07.00.02 – «Ата-Мекендин тарых», «07.00.09. Булактаануу, тарыхнааме жана тарыхты изилдөөнүн методдору» адистиги боюнча «Кыргыздардын жана Кыргызстандын орто кылымдардагы тарыхын изилдөөдө Өмүркул Караевдин кошкон салымы» темасында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
Илимий жетекчиси – тарых илимдеринин доктору, КР УИАнын мүчө-корреспонденти, профессор Осмонов Өскөн Жусупбекович.

2010-жылы апрелде Улуттук аттестациялык комиссиянын чечими менен тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы ыйгарылган.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

НМУнун “Ардак Грамотасы” 2004-жыл.
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы” 2005-жыл.
Нарын мамлекеттик университетинин “Жаштар жана студенттер союузунун” “Ардак грамотасы” 2005-жыл.
НМУнун “Ардак Грамотасы” 2007-жыл.
НМУнун маалыматтык технологиясы, экономика жана башкаруу факультетинин “Ардак Грамотасы” 2008-жыл.
НМУнун “Ардак Грамотасы” 2010-жыл.
Нарын мамлекеттик облусттук тарыхый-этнографиялык музейинин “Ардак Грамотасы” 2011- жыл.
“Education Network” билим берүү мекемелеринин ассоциациясынын диплому 2011
Кыргыз уикипедиячыларынын 2011-республикалык жыйынынын диплому 2011 “Education Network” билим берүү мекемелеринин ассоциациясынын диплому 2012
Кыргыз уикипедиячыларынын 2012-республикалык жыйынынын “Ардак грамотасы” 2012

Квалификациясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“ЖОЖдордо сынчыл ойломду өстүрүү” Сорос-Кыргызстан. 1999-ж. Февраль. Бишкек ш.
“Подготовка избирательной компании кандидатов в городские кеңеши Кыргызской Республики” Международный республиканский институт: июль. 2004
“Командада иштөө жана конфликти башкаруу” Борбордук Азия Университети. Нарын ш.Май, 2005-ж.
“НМУнун стратегиялык өнүгүү планы” Борбордук Азиядагы Евразия Фонду жана ОБСЕ Май, 2007-ж.
“Роль образования в воспитании толерантности” Центрально- Азиатская Программа, Общественное объедение “МИРАДА” Нарын, июнь 2007-ж
“Граждандык коомдун аныктамасы” ПАХЧ. БАУ. Нарын апрель 2008-ж.
School of professionals and Continuing Education and The U.S. Peace Corps Present This. University of Central Asia. г.Нарын2009-ж
“Жогорку окуу жайында окутуунун методдору жана технологиялары” академия Ednet Нарын ш. февраль 2009-ж.
“Окуутуунун интерактивдүү методдору” 2009 февраль. Нарын ш.
AKADEMY FOR TEACHING EXCELLENCE IN HIGHER EDUCATION «Технологии и методы обучения в высшем образовании» Нарын 2009
ОФ Академия высшего образования“TeachTx”“Тренер үчүн тренинг” Нарын 2010
НМУ “Кыргыз республикасындагы жогорку кесиптик билим берүүнүн эки дещгээлдүү түзүмү” Нарын 2012

Окуган дарстары, жетектеген семинарлары ж.б. сабактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын тарыхы.
  • Орто кылымдардын тарыхы,
  • Алгачкы коомдун тарыхы,
  • Байыркы чыгыштын тарыхы.
  • Орто кылымдардагы Азия жана Африка өлкөлөрънън тарыхы.
  • Түштүк, чыгыш славяндардын тарыхы
  • Россиянын тарыхы

Ушул жана башка дисциплиналардан электрондук окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыккан.

Аталган окуу-методикалык комплекстер заманбап технологияларды колдонуу менен жасалып, ичине лекциялардын толук курсун, семинардык сабактардын өткөрүүнүн интерактивдүү методдорун, студенттин өз алдынча иштеринин тематикасы жана аткаруунун түрлөрү киргизилип, андан тышкары ар бир лекция тиешелүү, слайддар менен жабдылган.
Слайддар ошол доордун өзгөчөлүгүнө жараша видеолор менен коштолгон.
Ошондой эле НМУнин алдындагы мугалимдердин билимин ѳркүндѳтүүчү борбордун тарых жана коом таануу мугалимдерине тарых сабагынан лекция окуп, методикалык жардамдарды кѳрсѳтѳт.

Эмгектеринин кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Окуу методикалык колдонмолор

  • • Политология.- Бишкек 2001 (калемдеши Темирова Айнура)
  • • Байыркы доордогу жана орто кылымдардагы саясий укуктук окуунун тарыхы. Бишкек 2001
  • • Укук таануу.-Бишкек 2002 (калемдеши Туратбеков Нурбек)
  • • Байыркы Чыгыштын тарыхы.- Бишкек.2002
  • • Билим беруунун укуктук негиздери.- Бишкек 2003
  • • Кыргызская этнография. - Бишкек.2002 (калемдеши Бектемирова Айнагул Кашкарбаевна)
  • • Кыргызстандан тарыхнаамеси IX-XII кылымдарда.- Бишкек 2002
  • • Кыргызстандын тарыхы. -Бишкек 2007(калемдештери Асан уулу Кубатбек, Токобаева Гулнур Шейшеновна)
  • • Чыгыш таануучу Өмүркул Кара уулу жана анын эмгектери // Методикалык окуу куралы. – Бишкек, 2002.
  • • Кыргыздардын жана кыргызстандын орто кылымдардагы тарыхын изилдөөдө Өмүркул Караевдин кошкон салымы. -Бишкек 2012 монография
  • • Ата Мекендин тарыхы // Методикалык окуу куралы. 2013 ж.
  • • Орто кылымдардын тарыхы // Методикалык окуу куралы. 2013 ж.

Илимий макалалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

• Кытай тарых наамеси 2000 май конф НГУ
• Өмүркул Кара уулунун караханилер тарыхын изилдөөдө алган орду // Матер. VI междун. конф. Кыргызского технического университета имени И.Раззакова. – Бишкек, 2002. – С. 313-316.
• Өмүркул Кара уулунун кыргыз элинин келип чыгышы жана этногенезиндеги маселелерди чечүүдөгү салымы // Матер. VI междун. конф. Кыргызского технического университета имени И.Раззакова. – Бишкек, 2002. – С. 317-320.
• Ө. Караевдин Кыргызстандын тарыхын изилдөөдөгү алган орду // Матер. междун. конф. Кыргызско-узбекского университета. – Ош, 2004. С. 114-119.
• Ө. Караев Теңир-Тоо кыргыздарынын этникалык курамы жөнүндө // Вопросы истории Кыргызстана. – Бишкек, 2007. – №3. – С. 30-44.
• Средневековая история кыргызов и Кыргызстана в исследованиях Омуркула Караева // Матер. междун. науч.-практ. конф. – Тараз, 2007. – С. 25-30.
• Кыргызстандын орто кылымдардагы соода катнаштары Өмүркул Караевдин изилдөөлөрүндө // Известия вузов. – Бишкек, 2008. – №1, 2. – С. 76-78.
• Кыргызы и казахи Моголистана в исследованиях О.Караева // Отан тарихи. – Алматы, 2008. – № 4. – С. 139-145. • Проблемы истории кыргызов и Кыргызстана в исследованиях Омуркула Караева // Вопросы истории Кыргызстана. – Бишкек, 2008. – №3. (В соавторстве). – С. 29-43.
• Кыргыздардын жана Кыргызстандын орто кылымдардагы соода байланыштары, чарбалык турмушу Ө. Караевдин изилдөөлөрүндө // Вопросы истории Кыргызстана. – Бишкек, 2009. – №3. – С. 74-81.
• С. Нааматовдун кыргыз тарыхында алган орду текст. Бишкек 2010 №2

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]