Капай уулу Арслан
Капай уулу Арслан | |
Туулган датасы: |
29 -сентябрь 1965 (59 жаш) |
---|---|
Туулган жери: |
Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Кетмен-Төбө өрөөнү, Токтогул кыштагы |
Чыгармаларынын тилдери: |
Капай уулу Арслан (мурунку аты-жөнү: Арслан Койчиев) — кыргыз тарыхчысы, жазуучусу, журналисти жана публицисти[1][2].
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Арслан 1965-жылы 29-сентябрда Кыргызстандын азыркы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда жайгашкан Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Токтогул кыштагында айылдык тарыхчы мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган[1].
1986-1991-жылдары Арслан Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых бөлүмүндө билим алып, артыкчылык диплому менен тарыхчы жана тарых менен коомтаануу сабактарынын окутуучусу адистигин алган. 1991-1992-жылдары ошол эле бөлүмдө тажрыйбачы-изилдөөчү болуп иштеген. 1992-1995-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Университетинин Тарых бөлүмүндө аспирантурада окуган. 1996-жылы Тынчтыкбек Чоротегиндин илимий жетекчилиги астында жазган илимий эмгегин ийгиликтүү коргоп, тарых илимдеринин кандидаты илимий наамын алган. 2002-2003-жылдары Лондон университетинин Чыгыш жана Африка изилдөөлөр мектебинин (School of Oriental and African Studies) укук жана социалдык илимдер бөлүмүндө эл аралык жана азыркы укуктук изилдөөлөр боюнча магистратура программасын бүтүргөн[1].
1991-1993-жылдары Арслан Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын (КДК) активдүү мүчөсү болгон. Ал 1994-1996-жылдары Бишкектеги «Азаттык» үналгысында кабарчы болуп иштеп, ошол эле учурда 1995-жылы «Кутбилим» гезитинде баяндамачы катары эмгектенген.
1996-2010-жылдары Лондондо жашап, Би-Би-Си дүйнөлүк кызматындагы Кыргыз кызматынын продюсери болуп иштеген. 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалган[3].
Чыгармачылыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Анын «Мисмилдирик (Беделдеги каргыш)» романы 1916-жылкы кыргыздын улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн тарыхына арналган. Бул роман 2009-жылы Бишкек шаарында кыргыз тилинде жарыкка чыкты[1].
«Айта бар менин кебимди» деп аталган роман жазуучунун «Ысык-Көл Форуму», «Жаңы Ала-Тоо» журналы жана «Турар басмасы» уюштурган «Арча» адабий сынагынын жеңүүчүлөрүнүн катарына кирип, 2012-жылдын 23-мартында экинчи даражадагы адабий сыйлыкка татыган[4].
Романда совет доорундагы саясий жана моралдык кыйынчылыктарды башынан өткөргөн Турар Атаевдин кейиштүү тагдыры аркылуу Кыргызстандын 20-кылымдагы атуулдарынын коомдук жана моралдык күрөшү көркөм баяндалат[5].
2014-жылы «Бакшы менен Чынгыс хан» аттуу романы үчүн «Арча» адабий сыйлыгынын баш байгесине татыган[6].
Жарык көргөн китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мисмилдирик (Беделдеги каргыш), 2009 (роман)
- Айта бар менин кебимди, 2012 (роман)
- Бакшы жана Чыңгыз хан, 2014 (роман)
- Добул-таштык Заратустранын аңгемеси[7], 2022 (повест)
«Добул-таштык Заратустранын аңгемеси» жана «Мисмилдирик (Беделдеги каргыш)» түрк тилине которулган[8][9].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 1.2 1.3 Чоротегин, Тынчтыкбек. Арслан Капай уулу: Калемгердин замандашка айтчу кеби арбын (29.9.2015).
- ↑ В Бишкеке презентовали роман Арслана Капай уулу, переведенный на турецкий язык, kabar.kg (20.09.21).
- ↑ Арслан Койчиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды, ЭлТР телерадиоберүү компаниясы (21.12.2022).
- ↑ «Арча» адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды, BBC кырыгыз кызматы (23.03.2012).
- ↑ Капай уулу, Арслан. Айта бар менин кебимди (PDF).
- ↑ Ботобеков, Уран. Айтматов, тарыхый аң-сезим жана Арслан Койчиевдин мифологемасы, Азаттык үналгысы (25.7.2016).
- ↑ Эрмек Шоруков: “Добул-таштык Заратустранын аңгемеси” повестине ой-пикир, Рухэш (18.06.2022).
- ↑ Түрк окурмандарына сенсация жараткан кыргыз жазуучу, BBC Кыргыз кызматы (20.09.2021).
- ↑ Абдылдаев, Айбек. Арслан Капай уулу: "Мисмилдирик" - майдаланып кетүү, азыр дагы ушундай коркунучтабыз, BBC News кыргыз кызматы (29.1.2020).