«Азаттык» үналгысы

Википедия дан
Азаттык үналгысы
«Эркин Европа/Азаттык» радиосу
Radio Free Europe/Radio Liberty
Өлкө

 АКШ

Берүү чөлкөмү

Жер эл аралык берүү

алгачкы берүүсү

1953

Сайты

azattyk.org

Онлайн-трансляциясы

Түз обо

«Азаттык» үналгысы - эл аралык көзкарандысыз эркин радио болгон “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун (Radio Free Europe/Radio Liberty Inc.) Кыргыз кызматынын расмий аталышы. Башкеңсеси Чехиянын борбору Прагада жайгашкан.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1949-жылы, мурдагы коммунисттик Чыгыш Европада жашаган калктар үчүн “Эркин Европа” үналгысы (радиосу) түзүлгөн. Ал эми 1953-жылдан тартып мурдагы СССРде жашаган элдер үчүн “Азаттык” радиосу ачылган. Бул эки компания 1975-жылы бириккен.

“Эркин Европа/Азаттык” үналгысы ушу тапта дүйнөгө 26 тилдеги берүүлөрдү уктуруп келет. Ал АКШнын Конгресси тарабынан каржыланат.

“Азаттык” үналгысынын берүүлөрү 1953-жылдан бери обого чыгып келатат. Эң алгач “Азаттыктын” “Түркстан редакциясынын” курамындагы кыргызча берүүлөрдү Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) даярдаган.

Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев).

Ал өзүнүн туңгуч берүүсүн 1953-жылы 18-мартта Германиянын Мүнхен шаарында обого чыгарган. Кийинчерээк анын жолун Төлөмүш Жакып уулу уланткан.

1967-жылы “Түркстан редакциясы” экиге бөлүнүп, анын бирөө “Түштүк Түркстан” деп аталып, өзбек, тажик, түркмөн тилдеринде, экинчиси “Түндүк Түркстан” редакциясы болуп, ал кабарларды кыргыз, казак, уйгур тилдеринде уктурган.

Аким Өзгөн (13.12.1953-27.3.2017), "Азаттык" үналгысынын мурдагы директору (1989-1995).


1975-жылы аталган редакциялар өз-өзүнчө бөлүнүп, Кыргыз кызматын (азыркы “Азаттык” үналгысын) Төлөмүш Жакып уулу (1975-83/84), Азамат Алтай (1984-88), Аким Өзгөн (1989-95), Мамашарип Газы (1995), жана америкалык түрколог, доктор Чарльз Карлсон (1996-2002) башкарып келсе, 2003-жылдын 1-январынан 2010-жылдын 30-сентябрына чейин профессор, тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин жетектеди.
2010-жылдын 1-октябрынан Венера Сагындык кызы Жуматаева жетектеп келет.

Профессор Чарльз Карлсон Бишкекте. 03.2.2012.

Мүнхенде “Азаттыкта” Азамат Алтай (1920-2006), Төлөмүш Жакып уулу, Маматиса Арал (“Эркин-тоолук”), Мамашарип Газы, Аким Өзгөн, Майра Жакып келини (“Бактыгүл”) жана Аруун Барпы Өзгөн иштеген. Баян Жумагулова менен Нарынбек Идинов 1993-2007-жылдары "Азаттыкта" иштешти.

Таанымал журналист Эсенбай Нурушев 1995-жылдын июнунан 2010-жылдын 31-декабрына чейин "Азаттыктын" Прагадагы башкеңсесинде иштеди.

Прагадагы башкеңседе ушул тапта Айнура Жекше кызы Асанкожоева, Венера Сагындык кызы Жуматаева, Амирбек Азам уулу Усманов, Жаңыл Жусубжан кызы Чытырбаева, Улан Алымкул уулу Эшматов, Төрөкул Дооров жана Гүлайым Ашакеева эмгектенип келет.

"Азаттык" Кыргызстанда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Азаттык” үналгысынын Кыргызстандагы кабарчылары өлкө ичинде 1990-жылдан тартып ачык иштеп келет. Анын алгачкы жергиликтүү кабарчысы – түрколог Кадыралы Конкобаев болгон. Андан кийин Т.Чоротегин, А.Дыйканалиева, А.Акматалиев, Э.Нурушев, В.Жуматаева жана башка ондогон алатоолук кабарчылар иштеди. Ушул тапта анын Кыргызстанда кырктан ашуун кабарчысы бар.

“Азаттыктын” Бишкектеги бюросун 1991-2005-жылдары Т.Чоротегин (1991-95 жана 1996-98), Э.Нурушев (1995), С.Жигитов (1995-96), К.Молдокасымов (1998-2005), Кубат Оторбаев (2005-2010) жетектешкен.

2010-жылдын 8-апрелинен 15-ноябрына чейин бюрону убактылуу Бурулкан Турдубек кызы Сарыгулова жетектеди. Бюрону 2010-жылдын 15-ноябрынан 2013-жылдын 1-ноябрына чейин Султан Жумагулов жетектеди. 2013-жылдын 1-ноябрынан бери "Азаттык Медиа" мекемесин Султан Каназаров жетектеп келет.

2005-жылдын 31-мартында Кыргызстандын Адилет (Юстиция) министрлиги [“Азаттык” үналгысы]нын жергиликтүү мекемеси “Азаттык-Медианы” расмий каттоодон өткөргөн. Бул мекеме Бишкек бюросунун мурдагы макамына караганда алда канча кеңири ыйгарым укуктарга ээ.

Академик Үсөн Асанов, Кыргыз улуттук энциклопедиясынын Башкы редакциясынын жетекчиси, "Азаттык" үналгысынын чыгармачыл жамаатынын китеп көргөзмөсүнүн ачылыш салтанатында сүйлөөдө. Кыргыз улуттук китепканасы, Бишкек шаары. 17.5.2007.

Ушул тапта “Азаттыктын” ар күнкү берүүсү - эртең мененки эки сааттык, түшкү жарым сааттык жана кечки бир нече сааттык дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктар менен окуяларга арналган программалары уктурулуп келет.

Ошондой эле Кыргыз коомдук телерадио корпорациясы (КТРК, мурдагы УТРК, КТР) менен келишим түзүлүп, апталык сыналгы долбоорлору көрүүчүлөргө тартууланып жатат.

2005-жылдын 4-майынан тартып “Азаттык” менен УТРК биргелешкен сыналгы долбоорун (“Ыңгайсыз суроолор” берүүсүн) апта сайын обого чыгара баштаган.

2008-жылдын 1-октябрынан кийин кыйла үзгүлтүк болуп, андан соң 2010-жылдын 8-апрелинен тартып УТРК (азыркы КТРК) "Азаттыктын" берүүлөрүн кайра обого чыгара баштады.

2004-жылдын 13-декабрынан баштап “Азаттык Плюс” жаштар радио программасы обого чыгып келип, 2011-жылы күзүндө токтотулду.

Аида Касымалиева "Азаттык" үналгысынын сыналгы берүүсүн алып барууда. Бишкек, Кыргызстан, 2010-ж.

2006-жылдын 16-январынан тартып “Азаттык” менен УТРК дагы бир долбоорду – жаштарга арналган “Азаттык Плюс” апталык сыналгы берүүсүн обого чыгарып келет.

Ал эми 2008-жылдан бери Facebook байланыш тармагында Азаттык+тун атайын баракчасы ачылган.

Жаш болсо да таанымал кинорежиссер Нурбек Эген окурмандарыбыз менен 2011-жылы 16-майда түз жыйында баарлашты.
Жаш болсо да таанымал кинорежиссер Нурбек Эген окурмандарыбыз менен 2011-жылы 16-майда түз жыйында баарлашты.

Азаттык Плюcтүн интернет дареги — azattykplus.kg(жеткиликсиз шилтеме).

Кыргызстан – “Азаттыктын” берүүлөрүн 1992-жылдан бери жергиликтүү жыштыктарда ырааттуу түрдө уктуруп келе жаткан борбордук азиялык бирден-бир өлкө.

“Азаттык” үналгысынын интернет дареги – www.azattyk.kg.

Сыйлыктар. Наамдар. Коомдук баалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Азаттык” үналгысынын ардагери, маркум Азамат Алтайдын ысымы менен аталган стипендиялар Жалал-Абад жана Каракол университеттеринин мыкты студенттерине берилип келди. Бул университеттерде маркум Азамат Алтайга арналган бурчтар бар. Ал эми Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музейи 2006-жылдын ноябрында маркум Төлөмүш Жакып уулуна арналган атайын бурч ачты.

Бүбүкан Досалиева "Азаттык Медиа" мекемесинде. 15.3.2007

“Азаттык” үналгысынын бир катар жергиликтүү кабарчылары Кыргыз өкмөтүнүн жана бир катар коомдук уюмдардын ар кыл сыйлыктарына татыган.

Адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Кыргызстан": Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы редактору академик Үсөн Асанов. - Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. - 688 бет, илл. - ISBN 9967-14-046-1.
  • Үркүн — 100: Кылымдар унуткус кыргын: Макалалар, блогдор, маектер, эскерүүлөр / Жооптуу редакторлор Т.Чоротегин, В.Жуматаева, Б.Сарыгулова, З.Бактыбаев. — Бишкек: Турар, 2017. — 408 б.+48 б. сүрөт. — ISBN 978-9967-15-689-0. — «Азаттык» үналгысы.
  • Азамат Алтай (1920-2006): Азаттык менен демократиянын жарчысы: (Азамат Алтайдын 90 жылдыгына арналган жыйнак) / Башкы редактору, кириш сөзүнүн автору Т.К.Чоротегин. Эскерүүлөрдүн редакторлору: В.Сагындык кызы Жуматаева, С.Жумагулов, К.Чекиров, Т.Чоротегин. Рецензент А.Капай уулу Койчиев. – Бишкек: Интерполиграф, 2010. – 320 бет, сүрөттөр. - ISBN 978-9967-26-039-9.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]