Коомдук телерадиоберүү корпорациясы

Википедия дан
КТРК‎»‎ барагынан багытталды)
УТРК
Улуттук телерадиоберүү корпорациясы

2023-жылы өзгөртүлгөн логотип
Жалпы маалымат
Өлкө

 Кыргызстан

Берүү чөлкөмү

Жер Жер
 Кыргызстан
 Казакстан
 Кытай
 Тажикстан
 Өзбекстан
 Орусия

Берүү убактысы

Күнү-түнү

Берүү тилдери

Кыргызча, Орусча

Борбордук башкаруу

 Бишкек

Сүрөттүн форматы

4:3:SDTV 16:9:SDTV

Каналдын багыты

Коомдук

Алгачкы берүү күнү

Теле - 1958-жыл
(Радио - 1927-жыл)

Жетекчиси

Кайрат Иманалиев

Мурдагы аталыштары

КТР (1991-2007)
УТРК (2007-2010)
КТРК (2010–2022)

Курамындагы каналдар

Кыргызстан Ала-Тоо 24
Кыргызстан Баластан
Кыргызстан Маданият
Кыргызстан Музыка
Кыргызстан Спорт

Урааны

Ар дайым биринчи!

Дареги

 Бишкек Жаш Гвардия бульвары, 59

www.utrk.kg
Онлайн
Онлайн көрүү

 

Коомдук телерадио корпорациясынын имараты


Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (кыскача УТРК) – Кыргызстандын дээрлик жалпы аймагын өзүнүн телеберүүлөрү менен камсыз кылган эң көлөмдүү корпорация болуп саналат. УТРКнын курамына “Коомдук биринчи канал”, “Музыка”, “Баластан”, “Маданият Тарых Тил”, “КТРК Спорт”, “Ала-Тоо 24” каналдары жана “Кыргыз радиосу”, “Биринчи Радио”, “Миң Кыял FM”, “Балдар FM”, “Достук” радиостанциялары кирет. Мындан тышкары корпорациянын түзүмүнө Республикалык телерадиоборбору (РРТБ) менен “Кыргызтелефильм” кирет.

Тарыхы

Кыргыз Мамлекетинин үнү болгон Кыргыз Радиосуна 85 жыл толду.

Корпорациянын тарыхы дал ушул 1931-жылдан башталат. Кыргыз Радиосунун ачылышы телерадио корпорациясынын алгачкы тарыхы болуп эсептелет.

85  жыл айтканга оңой болгону менен маанилүү тарых издери ошол жылдардын кучагында калды. Кыргыз элинде  радио жөнүндө түшүнүк өткөн кылымдын XX-жылдарында пайда болуп, жер-жерлерде алгачкы радио түйүндөр орнотула баштаган. 1926-жылы Кыргыз Автономиялуу областы Кыргыз АССРине айланат. Бул кубанычтуу окуяны Ала-Тоонун аймагына жайылтуу үчүн радиолоштуруу демилгеси башталат.

1927-жылы бул ой ишке ашып, Кыргыз АССРинин борбордук аткаруу комитетинин курултайы өтүп, аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбековдун доклады радио түйүндөр аркылуу элге угузулган.

Ал кезде азыркыдай ар бир үйдө радио түйүндөр кайдан болсун. Айылдын борбордук көчөсүнө же кызыл үйдүн жанына жыйылып алып эл радио укчу экен. Бирок радио уктурууларды даярдай турган мекеме ал кезде болгон эмес. Кыргыз АССРинин Элдик Комиссарлар Советинин алдында радио маалымат жана радио берүү Комитети 1931 – жылы 19- декабрда уюштурулат.

Борбордук аткаруу комитетинин токтомунун негизинде республикалык радиоуктуруу комитетинин төрагасы болуп Бектурсунов Сүйүнтбек 1931-жылдын 20-декабрында, номери биринчи буйрук боюнча дайындалып, 1932-жылдын июлуна чейин иштейт.

Андан соң, ошол кызматта Кыпчакбаев, Сармановдор эмгектенишет. Аталган тармакта аз эмгектенишкенине  карабай, радиодогу иштерди жөнгө салуудагы алгачкы зор кыйынчылыктарды баштарынан кечиришип, радио аркылуу үгүт-насаат иштерин жайылтуудагы алгачкы уюштуруучулардан, баштоочулардан болушкан.

1932-жылдын аягында радиочекиттердин жалпы санын 4500ге жеткирүү каралган. 1932-жылдагы пландаштыруу боюнча 8500 радиочекитке, б.а. 132 кишиге бирден чекит туура келгендей даражада өнүктүрүлмөк.

1933-жылдагы 12 радиотүйүндүн он бири райондун борборунда, бирөө гана өнөр жай борборунда курулуу пландаштырылган.

1933-жылдын аягында райондордун борборун радиотүйүндөр менен камсыз кылуу 91 ге жеткирилген.

Кыргыз радиосунун алгачкы кызматкерлери - айтылуу төкмө акын Калык Акиев, музыкант Петр Шубин болушкан. Алгачкы дикторлору - белгилүү мамлекеттик ишмер Сакин Бегматова, Кыргыз эл артисти Алиман Жангорозова, жазуучу Касымалы Бектенов болгон.

1937-жылдан тарта 1946-жылдын 28-мартына чейин Кыргыз ССРинин Элдик Комиссарлар Советинин алдындагы радиомаалымат жана радио берүү Комитети деп аталат. 1937-жылдын 1-январында республикабызда, он экисинин өзүлөрүнүн программалары бар 43 радиотүйүн иштей баштаганын эске алганыбызда, Кыргызстандын көпчүлүк бөлүгү радиоберүүлөр менен камсыз болуп калганын айтууга болот. Ошол жылдын планы боюнча республикалык берүүлөрдүн суткалык орточо көлөмү 6 саат 34 минутаны түзгөн. Анын төрт сааты жергиликтүү берүүлөргө тиешелүү эле. Уктуруулар кыргыз, орус жана дуңган тилдеринде жүргүзүлгөн.

1938-1941-жылдары радио комитеттин төрагасы болуп Төлөн Шамшиев дайындалат. Улуу-Ата Мекендин Согуш жылдарында Кыргызстандагы күчтүү маалымат булагы катары радионун ролу күчөгөн.

Экстратов, Курман Кыдырбаева сындуу адамдар жетекчилик кылып, Капар Алиев, Гүлниса Мамбетова, Валентина Гонтарь дикторлук кесиптин устаттары болуп таанылган. Белгилүү драматург Токтоболот Абдымомунов акыркы кабарлардын редактору болуп иштеген.

1945-жылдын 28-мартынан тарта Радиомаалымат жана радиоберүү Комитети Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин алдында кайрадан түзүлөт.

1949-1953-жылдары Радио комитетти белгилүү драматург жана коомдук ишмер Молдогазы Токобаев жетектеген.

1950-жылдын март айынан тарта шаар, айыл, кыштактарды радиолоштуруу Кыргыз ССРинин Байланыш министрлигинин карамагына өткөндүгүнө байланыштуу Радиомаалымат Комитети Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин алдына өтөт. Бул ат менен ал 1953-жылдын май айына чейин аталат.

1953-жылдын май айынан тарта өлкөнүн министрликтери жана мекемелери кайрадан түзүлгөндүгүнө байланыштуу, Радиомаалымат Комитети Кыргыз ССРинин Маданият министрлигине караштуу Радиомаалымат боюнча Башкы Башкармачылык деп өзгөрөт. Башкармалыктын башчысы Тургунбек Суванбердиев болгон. Бирок жашоо шарты радио иштериндеги ири өзгөрүүлөрдү талап кылгандыктан, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин 1957-жылдын 5-июлдагы №240 -Токтому менен кайрадан Радиоберүү Комитети деп аталат.

1962-жылдын май айынан тарта Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин алдындагы Радио жана телеберүү Комитети – Радио жана телеберүү боюнча Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин Комитетине алмаштырылат.

1965-жылдын 10 – апрелинен тарта Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун №539-Жарлыгы менен Комитет Мамлекеттик деген маккамга жетип, Радио жана телеберүү боюнча Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин Мамлекеттик Комитети деп аталат.

1964-1985-жылдарга чейин Кыргызстандын телерадиосун башкарган Асанбек Токомбаев  эң узак жыл жетектеген жетекчи катары тарыхта калды. Телерадио комитетке бир күн жетекчилик кылуу оңой эмес. 1964-жылдан 1985-жылга чейин залкар инсан 21 жыл бир орунда үзүрлүү эмгектенип азыркы телерадио корпорациянын жамааты иштеген имаратты, Радио үйүн, Телестудиялык имаратты салдырган. Асанбек Токомбаев КТРКнын тарыхында ысмын өзгөчө бөлүп айта турган инсан.

1993-жылы агенство кайрадан комитет болуп өзгөртүлгөн.1995-жылы Кыргыз телевидениесинде таңкы “Замана” студиясы ачылган.

1996- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадио комитети корпорацияга айландырылган. Кыргыз телевидениесинде Ала-Тоо маалымат борбору, Нур продюсердик борбору, Ата-Журт продюсердик борбору түзүлөт.

Мурдагы редакциялар чыгармачылык өндүрүштүк бирикмелер болуп түзүлөт. Адабий драмалык редакция- “Манас” чыгармачыл өндүрүштүк бирикмеси, жаштар редакциясы- “Айкөл”, коомдук саясий- “Ата-Журт”, элдер достугу- “Достук” бирикмелери болуп аталган.

Кыргыз Радиосунда адабий драмалык редакция – “Казына”, музыкалык- “Ибарат”, балдар жана жаштар – “Жаш толкун”, кабарлар- “Кабарлар”, коомдук саясий- “Кыргызстан” ч.ө.б. болуп аталат. Кыргыз радиосунун 2-программасы “21-кылым радиосу” болуп ачылат.

2003-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадио корпорациясы- Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясы деп аталып, “Улуттук” статуска ээ болот.

2006-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясы- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадио комитети болуп өзгөртүлүп, анын жетекчиси башкы директор болуп өзгөртүлөт. Чыгармачылык бирикмелер редакцияларга, студияларга өзгөртүлгөн.

2008- жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадио комитети кайрадан Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясы деп аталат.

2010-жылы Апрель элдик революциясынан кийин, Улуттук телеканал элдин талабы менен Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы болуп өзгөртүлүп, Кыргыз Республикасынын президенти бул жарлыкка кол койгон. Коомдук телерадио корпорациянын курамы 15 кишиден турган Байкоочу кеңеши түзүлүп, анын төрагалыгына Эльвира Сариеваны шайлаган.

1958-жылы Кыргыз ССР министрлер Советинин алдында Радио жана теле берүү комитети уюштурулуп, Фрунзе телестудиясы 30-декабрда ишин баштайт.

Кыргыз телевидениесинин биринчи диктору Сайнаке  Жунушалиева,

Биринчи режиссер Жанузак Молдобаев,

Биринчи редактору Шаршеке Сматов,

Биринчи үн оператору Светлана Варибада,

Биринчи оператору Курманбек Өгөбаев болгон.

Кыргыз телевидениеси өзүнчө  ишке киргенден тартып 19 жетекчи алмашкан:

1.   Анын биринчи төрайымы болуп Рабия Менсеитова дайындалган. (1958-1961-жж.)

2.   Айымбүбү Ботоканова      (1961-1964-жж.)

3.   Асанбек Токомбаев           (1964-1985-жж.)

4.   Асанбек Стамов                (1985-1986-жж.)

5.   Умтул Орозова                  (1986-1991-жж.)

6.   Сатыбалды Жээнбеков     (1991-1992-жж.)

7.   Түгөлбай Казаков,              (1992-1993-жж.)

8.   Кадыркул Өмүркулов,        (1993-1994-жж.)

9.   Абдиламит Матисаков             (1994-1996-жж.)

10. Аманбек Карыпкулов               (1996-2001-жж.) 

11.  Молдосейит Мамбетакунов,   (2001-2002-жж.)

12.  Токтобүбү Айтикеева               (2002-2004-жж.)

13.  Сыртбай Мусаев,                     (2004-2005-жж.)   

14.  Султан Абдракманов,              (2005-2006-жж.)          

15.  Кыяс Молдокасымов                (2006-2007-жж.)

16.  Мелис Эшимканов                    (2007-2009-жж.)

17.  Кайыргүл Орозбай кызы          (2009-2010-жж.)

18.  Кубат Оторбаев                        (2010-2014-жж.)

19.  Султан Жумагулов                   (2014-2015-жж.)  

20.  Илим Карыпбеков                     (2015-жылдан азыркы убакка чейин)      

Телеканалдар

Коомдук биринчи канал

Коомдук биринчи каналдын тарыхы 1958-жылдын 8-декабрынан башталат. Кыргыз мамлекеттик телеканал, улуттук, андан кийин коомдук статустарга ээ болгон канал 58 жылдын ичинде коомчулуктун мактоосуна дагы, сынына дагы кабылып келет. Ушул мезгилге чейин Кыргызстандын улуттук мурастарын сактап, алтын фонддун ээси болгон Коомдук канал маалымат айдыңында биринчиликте турат.

Коомчулуктун пикирин эске алган изилдөөлөрдө Коомдук биринчи канал Кыргызстандагы популярдуу телеканал болуп саналат.

Маданий-таанып билүү, социалдык-экономикалык, музыкалык-көңүл ачуучу, спорт дүйнөсүнүндөгү тематикаларды, көрсөтүүлөрдү көрөрмандарына кеңири багытта тартуулап келет.

“Замана” таңкы студиясы

1995-жылы 2-июнда «Замана» программасы алгачкы жолу Улуттук каналдагы  таңкы эфирин алып чыккан. Ошентип, 1995-жылдан баштап Олжобай Токтосунов, Динара Кодуранова, Алмаз Абдраев жана Кадыр Кошалиев окшогон таланттуу журналисттердин чыгармачылык изденүүсү жана Улуттук каналдын ошол учурдагы президенти Абдиламит Матисаковдун колдоосу менен “Замана” программасы эфирге чыга баштаган. Эң алгачкы көрсөтүүнү Динара Кодуранова менен Алмаз Абдраев алып барышкан.

«Замана» алгач 30 мүнөттөн гана күн алыс Чүй өрөөнүнө көрсөтүлүп, анан гана бүт республикага таркатылган. Башында бүт эфир кыргыз, орус тилдеринде аралаш болсо, азыр жуманын бир күнү кыргыз, экинчи күнү орус тилинде көрсөтүүлөр берилип турат. “Замана” студиясын 11 жылдан ашуун убакыт кыргыздын таанымал диктору Тамара Жаманбаева жетектеген.

1995-жылы түзүлүп дээрлик 10 жылдан бери үзгүлтүксүз эфирге чыгып келген “Замана” студиясынын аталышын 2005-жылдын 24-мартынан кийин келген жетекчилер өзгөртүп көрүшкөнү менен, мезгил жана көрүүчүлөр ар дайым “Замана” катары таанып келгендиктен, 2008-жылдын 11-февралынан кийин кыска тыныгуудан соң, алгачкы аталышы кайра ыйгарылган.

Эртең менен көрүүчүгө жеңил, жарык маанай керек, ошондуктан таңкы программаны көңүл ачуу жаңылыктары, таанып билүү максатында даярдалган рубрикалар, анан көрүүчүлөрдүн калың катмары ар дайым күткөн музыкалар менен коштолуп турат.

«Таңкы мейман» рубрикасы жеңил маанай тартуулап, акындар, жазуучулар,композиторлор, сүрөтчүлөр, ырчылар чакырылып, чыгармачылыктары туурасында кенен ой-бөлүшөт.

СЭИП

Социалдык-экономикалык жана инновациалык программалардын редакциясы (СЭИП) - КРнын Коомдук телерадиокомпаниясындагы маанилүү бөлүмдөрдүн бири. Аталган бөлүмдө негизинен социалдык жана экономикалык багыттагы телекөрсөтүүлөр, долбоорлор даярдалып,эфирге чыгып келет. СЭИП редакциясында коомдун заманбап өнүгүшүнө салым кошкон фундаменталдуу темалар болуп экономика, саясат, билим берүү, айыл-чарбасын өнүктүрүү жана башка ушул сыяктуу программалар саналат. КТРК дагы бул редакцияда маанилүү делген автордук долбоорлор, түз эфирлер, мамлекеттин ичиндеги актуалдуу жана масштабдуу делген жаңылыктарды түз алып көрсөтүү, онлайн режиминин негизинде жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен (Турция, АКШ, Азербайжан ж.б. телекөпүрөлөр (Телемост)  көрсөтүлүп келет.

СЭИП редакциясы 1962-жылы негизделип, саясий жана экономикалык программалардын Башкы редакциясы деп аталган.

Социалдык-экономикалык жана инновациялык программалардын башкы редакциясы түзүлгөндөн баштап эле телевидениедеги эң бир орчундуу жана маанилүү редакциялардын бири болуп, калкты ар түрдүү форматтагы, жаңыча жанрдагы анын ичинен түз эфир жана башка актуалдуу делген маалыматтар менен камсыздап, коомдук аң-сезимдин өнүгүшүндө чоң роль ойноп келет.

СЭИП редакциясында ушул мезгилге иштеп келген белгилүү журналисттер: Александра Черемушкина, Рыскул Айталиев, Октябрь Эмилов, Арзыгул Караев, Рысбек Мамытов, Мырзакул Мамбеталиев, Байма Сутенова, Нышанбек Кочкоров, Болот Макетаев, Макен Чекиров, Дүйшөналы Мамбетөмүров, Каныбек Абдыкадыров, Нуркамал Асканова, Алмаз Касымалиев.

Редакциянын көрсөтүүлөрү катышуучуларга эркин ой-пикирин билдирүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.

Мисал катары “Ой ордо” берүүсүн келтирсек болот. Түз эфирде өтүүчү көрсөтүүгө катышкан коноктор ачык оюн билдирип, аз убакытта аталган берүү коомчулуктун ишенимине кирип Кыргызстандагы популярдуу теледолбоордун бирине айланды. Ар кыл багыттагы социалдык, экономикалык, темадагы суроолор көтөрүлүп ачык талкууга алынат.

“Кайдасың?”, – “Кайдасың?..” дайынсыз жоголгон жарандарыбызды издеп иликтеген, замандаштарыбызды боорукердикке, ыйманга жана ынтымакка үндөгөн, түрдүү жагдайда бири биринен кол үзгөн үй-бүлө мүчөлөрүн бириктирүүгө багытталган, социалдык теледолбоор. Программа алгачкы жолу 2007-жылдын 5-апрель күнү эфирге чыгып, бир айда эки жолу үзгүлтүксүз көрсөтүлүп келет. 9 жыл ичинде 5000ден ашык адам кайрылып, алардын 2000ге жакыны максат-тилектери орундалгандар. Ар жолку чыгарылыштын жыйынтыктоочу бөлүгү: күн менен түн алмашкан сыяктуу кайгынын артында кубаныч бар экенине ынандыруу, күтүүнүн аягы кучак жая көрүшүү же өмүрдөгү эң жакын адамы менен баарлашуу, кубанычтан аккан көз жаштар...

“Ийгилик сырлары”- Ар кандай багытта иш алып барып кантип ийгиликке жетүүгө болот, ийгиликти кантип багындырууга болот? Теледолбоордо, спорт, маданият, саясат, бизнес ж.б. чөйрөсүндө жаш курагында бир канча ийгиликтерди жаратууга жетишкен каармандар ийгилик сырлары менен бөлүшөт. “Ийгилик сырлары”- теледолбоору аркылуу сиздер жаңы жүздөрдү, жаңы идеяларды көрүп, жашооңузга баалуу кеп-кеңештерди топтой аласыз.

“КТРК Кербени”– Кыргызстанда жашаган уникалдуу адамдардын турмушун чагылдырган таанып билүү-көнүл ачуучу көрсөтүү. Алып баруучулар жети дубанды түрө кыдырып, карапайым калктын арасында көмүскөдө көрүнбөй жаткан демилгелүү, ойлоп тапкыч,эмгекчил жана таланттуу адамдарды таап, алар менен бир күн бою бирге жашап, турмушун баяндап беришет. Ошондой эле, өлкөбүздүн кооз жаратылышы даңазаланат. Көрсүтүүнүн негизги максаты – эмгекчил адамдардын турмушун чагылдыруу менен телекөрүүчүлөрдүн жана каармандардын демилгелерин көтөрүү жана жаңы идеялардын жаралышына түрткү берүү.

Котормо студиясы

Коомдук телеканалдын «Дөөлөт» котормо студиясы Кыргыз Республикасында телеканалдын алдында биринчилерден болуп 2005-жылы башкы редактор Мусакеев Орозбек Молдевичтин жеке демилгеси менен уюштурулган. Негизги максаты чет тилдердеги мультипликациялык, көркөм, илимий таанып-билүүчүлүк, даректүү жана расмий тасмаларды кыргыз тилине которуп жана үндөрүн толук коштоп, көрүүчүлөргө тартуулайт. Булардан сырткары «Дүйнө таануу”,«Укмуштар сыры «, «Жаныбарлар дүйнөсүндө» ,»Бул кантип жасалат?» жана «Сырдуу дүйнө» деген илимий материалдардан алынып даярдалган көрсөтүүлөрү бар. 2010- жылдын декабрь айынан бери интернет жабдууларына арналган «Матрица» эфирге берип келет. «Ажайып ата мекеним» «Дин маданияты», жана «Ар намыс алды аракет» да долбоорлору болгон.

Ачылгандан кийин, 5 жылдын ичинде 900-дөн ашуун мультипликациялык, 1300 дөн ашуун илимий таанып билүүчүлүк жана 100гө жакын көркөм тасмаларды которуп , элге жеткиришкен.

Коомдук биринчи каналдын жаңылыктар топтому

Коомдук биринчи каналдын негизги максаттарынын бири,  көрөрмандарына оперативдүү жана объективдүү жаңылыктарды тааныштыруу.

Замандын талабына ылайык, алдыга карай умтулуп, улам жаңылануунун багытында иш алып келет. Коомчулуктун пикирине терең көңүл буруу менен, ар бир жасалган материалдар ачык жана 2 тараптуу чагылдырылат.  Корпорациянын чет элдик басма сөз кызматынын чет жердеги өкүлдөрүнүн тыгыз алакасында, журналисттердин квалификацияларын көтөрүп, тажрыйба алмашуу курстары каралган.

“Ала-Тоо” программасынын күнүгө кыргыз жана орус тилинде эфирден чыгып, өлкө аймагындагы, чет жерлердеги маанилүү жаңылыктары менен тааныштырат.

Саясат жана экономика, социалдык көйгөйлөр, коом, экология, дин, коопсуздук, маданий жана спорт темаларына арналган жаңылыктар топтому күн сайын көрөрмандарга тааныштырылат. Ал эми апта ичинде болуп өткөн маанилүү  окуяларды “Жумакайрык” жана “Итоги недели” чыгарылыштары тааныштырат.

Музыка телеканалы

Музыка телеканалы – 2012 жылдын 1-октябрынан тарта иштеп келе жаткан Кыргызстандын эң негизги музыкалык телеканалы болуп саналат. Музыканын эфиринен Кыргызстан жана чет элдик ырчыларынын эң саркеч клиптерин, ошондой эле Хит-Парад жана башка кызыктуу көрсөтүүлөрдү көрө аласыздар.

МУЗЫКА –бул музыкалык каналдар арасынан санарипке кирген жалгыз телеканал болгондуктан Кыргызстандын ар-бир жашоочусуна жеткиликтүү телеканал. Бул жагдай аркылуу, телеканалдын аудиториясы Кыргызстандын 98% көрүүчүлөрүн камтыйт. Ошондой эле Музыка спутник жана кабелдик түйүндөр аркылуу да тартууланып келет.

Бүгүнкү күндө Музыка-бул жалаң кыргыз аткаруучуларынын хит ырларын, эң мыкты клиптерин жана концерттерин, ошондой эле музыкалык Хит-Парад жана кызыктуу көрсөтүүлөрдү сунуштайт.

Музыка телеканалы- 24 саат бою сапаттуу музыка тартуулайт- бул эң жогорку сапатты талап кылган жаштардын телеканалы. Жаштарды оңой менен таң калдыра албайсың, алар дайыма жаңы тенденцияларга көңүл буруп келишет.

Баластан телеканалы

“Баластан” мектеп жашына чейинки жана мектептин башталгыч ошондой эле ортоңку класстарында окуган балдарга арналган Кыргызстандагы эң алгачкы балдар каналы. Аталган канал 2013-жылы 1-октябрда ачылып, программалардын контенти 6 саатка түзүлгөн. Таңкы саат 7:00дөн түнкү 12:00гө чейинки убакытар алыгында 3 жолу кайталанып сунушталат.

Күн сайын кыргыз жана орус тилдериндеги (70% кыргыз, 30% орустилинде) таалим-тарбиялык мааниси бар, билим алуу жана таанып-билүү багытындагы программалар, ошондой эле кино, мультфильмдер көрсөтүлөт. “Баластан” каналы бир гана балдар үчүн эмес, ата-энелер үчүн да маанилүү маалымат булагы болуп саналат.

Маданият Тарых  Тил

Маданият телеканалы Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын курамындагы маданий багытындагы телекөрсөтүүлөрдү даярдаган жана көрсөткөн канал болуп эсептелинет.

2016-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын санариптик социалдык пакетиндеги КТРКнын “Маданият-Тарых-Тил” жаңы телеканалынын расмий ишке кирүүсү жана салтанаттуу ачылышы болгон.

Жаңыдан ачылган “Маданият-Тарых-Тил” телеканалы буга чейинки Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Маданият” каналынын базасында түзүлгөн.

“Маданият” телеканалы 2013-жылдын  22-апрелинде ишке кирип, өлкө аймагындагы калктын жана кыргыз элинин көөнөрбөс  маданий мурастардын бийик үлгүлөрүн чагылдырууга арналган. Бирок аталган канал  тесттик режимде, эч кандай каржылоосуз, студиясы, аппаратурасы жана башка теле жабдуулары  жок ишин жүргүзүп келген.

Ал эми “Маданият-Тарых-Тил” жаңы телканалынын концепциясы  КР Президентинин 2014-жылдын 13-декабрындагы Жарлыгынын алкагында иштелип чыккан.

“Маданият-Тарых-Тил” телеканалы HD форматында эфирге жайгаштыра турган аппараттык студия, заманбап санариптик техникалар менен камсыздалган. Мындай аракеттер, Санариптик телеканалдардын арасынан маанилүү статусту бере алат.  

КТРК Спорт телеканалы

КТРК Спорт телеканалы -  Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын курамындагы Кыргызстандагы биринчи спорт көрсөтүүлөрүн чагылдырган телеканал. Телеканалдын максаты   адамдарды дени сак жашоого үндөгөн спорт берүүлөрүн жайылтуу болуп саналат.

Ала-Тоо 24 телеканалы

КТРКнын курамындагы "Ала-Тоо 24"  жаңы телеканалы 2016-жылдын 12-сентябрында алгачкы жаңылыктарын эфирден чыгара баштады.

Коомдук биринчи каналдын буга чейин көрүүчүлөрдү жаңылыктар менен камсыздап келген "Ала-Тоо" студиясы эми өз алдынча канал болуп, өлкө ичинде жана дүйнө жүзүндө болуп жаткан саясий, маданий, спорт жаңылыктарын кыргыз жана орус тилинде 24 саат бою ыкчам көрсөтүп турат.

Канал жайгашкан КТРКнын мурдагы “Замана” студиясынын имараты толук оңдоодон өтүп, жаңы, заманбап техникалар менен камсыздалды. “Ала-Тоо 24” каналын ачуу үчүн КТРК каражатты үнөмдүү колдонуп, ички булактын эсебинен ачылды. 

Каналдын толук кандуу иштеп кетиши үчүн Коомдук каналдын ресурсу, техникасы, жана кадрлары жетиштүү.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын радио станциялары

Кыргыз радиосу

Кыргыз радиосу мындан 80 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1931-жылы негизделген. Ал кездеги техникалык жана чыгармачылык мүмкүнчүлүк чектелүү болгондуктан уктурууларды берүү ыкмасы азыркыдан кыйла айырмаланып, примитивдүү деңгээлде болгон.

Мезгил өтүү менен бирге радио кызматкерлеринин тажрыйбасы улам артып олтурган. Жергиликтүү кызматкерлерди ал кезде СССРдин курамындагы башка шаарларга кыска мөөнөттөгү окууларга жөнөтүп, алардын билим деңгээлин, тажрыйбасын өнүктүрүп турушкан.

Ошентип 80 жылдын ичинде Кыргыз Радиосунун техникалык жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, улам жаңы бийиктиктерди багынтып олтуруп, бүгүнкү күндөгү деңгээлине келип жетти.

Кыргыз Радиосунда 80 жылдын ичинде радиодо кандай гана чыгармачыл адамдар иштеген жок. Алардын көбү азыр ардагер кызматкерлер. Угарман журтуна аты-жөнү белгилүү болуп, кадыр-сыйга ээ болгон кесиптештерибиз кыйла көп. Алсак, Турсун Уралиев, Тенти Орокчиев, Курманбек Өгөбаев, Эркин Тазабеков, Аман Нааматов, Жумакадыр Эгембердиев, Жакып Медетов, Сатыбалды Абдымомунов, Мамыр Иминжанов, Бекболот Абдраимов, Саткын Абдрахманова, Диляра Пиваварова, Бегайым Жайчиева жана башкалар. Бул инсандар өздөрүнөн кийинки муундарга устат катары көп тажрыйбаларын бөлүшкөн.

Бул радио 2009-жылы июнь айында эки каналга бөлүнүп, анын бири адабий-музыкалык канал катары багыт алып, “Кыргыз радиосу” деген ат менен өзүнчө чыккан.

Кыргыз радиосунун негизги концепциясы - көркөм өнөрдүн таасири аркылуу жалпы угармандардын жан дүйнөсүн байытуу, эстетикалык тарбия берүү. Элдик рухий дөөлөттөрдү элге чагылдыруу.

Кыргыз элинин улуттук касиеттерин ар убак жар салып, жаш муундарга жеткирип туруу.

Радионун – негизги урааны - “Кыргыз радиосу – жан дүйнөнүн азыгы”. “Кыргыз радиосу – көөнөрбөс мурастар казынасы”.

Ырасында эле “Адабият – элдин сезими, элдин рухий турмушунун жемиши” (В.Белинский) же болбосо “Музыканын тили – которулбай турган тил. Ал жандын тили” (А. Ауэрбах) деп таамай айтылгандай, адабият менен музыка бүтүндөй элди тазалыкка, адамкерчиликке тарбиялай турган курал.

Кыргыз радиосу бүгүнкү күндө ушул улуу максатты аркалап келет.

Кыргыз радиосунун негизги байлыгы – 80 жыл бою топтолуп келаткан алтын казынадагы баалуу уктуруулар. (Атактуу инсандар м-н маектер, көркөм окуулар, спектаклдер, постановкалар, музыкалык чыгармалар ж.б.). Редакция андагы уктурууларды ылайыгына жараша эфирге жайгаштырат. Ошол эле учурда баалуу, актуалдуулугун жоготпой турган, мазмундук жана көркөмдүк жактан мыкты даярдалган программалар Көркөм Кеңешке сунушталып турат. Көркөм кеңештин мүчөлөрү тарабынан талкуудан өтүп, мыкты деп табылган программалар жобого ылайык протокол түзүлүп алтын казынага кабыл алынат. Андагы кабыл алынган уктуруулар өз эрежесине ылайык көздүн карегиндей аяр сакталат. Башта уктуруулар атайын лентага (тасмага) сакталса, кийин техникалык мүмкүнчүлүктөр кеңейгенде компакт-дисктерге көчүрүлдү. Учурда программаларды эфирге даярдоо процесси жалаң компьютердик техника аркылуу ишке ашырылып келет. Мындай көрүнүш кызматкерлердин ишин бир кыйлага жеңилдетти.

Программалардын сапатын жакшыртып, угармандардын катарын көбөйтүү максатында редакция жамааты ар убак талкууларды, талдоолорду өткөрүп, өз кызматын өтөп бүткөн уктурууларды жаап, жаңы долбоорлордун үстүндө изденип, эфирге даярдап келишет. Ошол эле учурда Радионун жүзүн чагылдырып турган роликтер учурга, мезгилге ылайык маал-маалы менен жаңыланып турат.

Бүгүнкүдөй саясатташкан, күнүмдүк көйгөйлөр адамдын акыл-эсин чарчатып турган кымгуут заманда угармандардын жан дүйнөсүнө азык берип, эс алууга багыттап, жакшылыкка үндөп келаткан Кыргыз Радиосунун келечеги алдыда!

Биринчи радио

2011 жылдын 1 январынан “Кабарлар” радиосу “Биринчи радио” болуп калды. «Биринчи» Радио– 80 жылдык тарыхы бар өлкөдөгү алгачкы радиостанциянын көчүн улантууда. Радиостанциянын чакырыгы алгач 1931-жылы декабрь айынан зым аркылуу берилүүчү эфирдин баскычы аркылуу обого таркай баштаган.

Бүгүн «Биринчи Радио» бүтүндөй Республиканын аймагына маалымат таркатууда зор мүмкүнчүлүгү бар бирден бир радио. FM толкундарынан тышкары, УКВ ультра кыска толкуну жана интернет жана спутник байланышы аркылуу real -audio режиминде техникалык мүмкүнчүлүктү пайдалануу менен Кыргызстанда, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө жашаган 5 миллиондон ашык адам бул толкунду кармай алышат. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио корпорациясына караштуу, FM диапазонундагы «Биринчи Радио» маалыматтык радиоберүү катары, өлкөнүн маалыматкоопсуздугун камсыз кылуу багытында саясатты ишке ашырууда.«Биринчи Радио» All Talk Radio «Баардыгы жөнүндө», тактап айтканда саясый, экономикалык жана маданий, спорт жаңылыктарын суткасына 18 саат бою, ал эми жакынкы мезгилден тартып 24 саат бою обого чыгып, бүтүндөй өлкөнүн аймагына, өз учурунда, так жана толук жеткирүүчү жалгыз гана радио. Бул биздин программалык саясатыбызда угармандар күткөн маалыматтардын оперативдүүлүгү жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.

Станциянын негизги мүдөөсү зарыл маалыматтарды таркатуучу ишенимдүү маалымат таркатуу булагы катары, угарман журттун ишенимин камсыз кылып, “бийликтеги чакан топтун кол баласына айланган канал” –деген түшүнүктөн арылуу. Анан да “Биринчи” радионун башкы мүдөөсү улуттук азчылыктар ортосунда, муундар арасында жана бардык конфессиядагы адамдарды жакындаштыруу үчүн көп кырдуу багыттагы, эң бир түйүндүү маселелерди козгогон: жакырчылык көйгөйлөрүнөн тартып, саламаттыкты сактоо, билим берүү, атактуу жана карапайым адамдардын бейнеси тууралуу түрдүү тармакты камтыган уктурууларды даярдоо менен турмушка жакын болуу башкы милдет. «Биринчи Радиодо» эфирди тарыхый, эксклюзивдүү репортаждар жана кыргыз радиосунун “алтын казынасындагы” уникалдуу материалдар менен байытуу мүмкүнчүлүгү бар. Биздин радионун эфиринде чет элдик жана орусиялык атактуу саясатчылар, экономисттер, ишкерлер, коомдук ишмерлер, артисттер жазуучулар жана спортчу жана башка атактуулардын үнү жаңыра бермекчи.

«Биринчи Радионун» жаңылыктар кызматы ар бир сааттын башталышы жана ортосунда обого чыгып турат. Ар бир чыгарылышында окуя жүрүп жаткан жерден кабарчыларды байланышка чыга алат. Маалымат алуу булактары: министрликтер, ишкана мекемелердин басма сөз кызматтары, маалымат агенттиктери жана башкалар. Бул күнүмдүк турмуштун күрөө тамырын кармаган маалымат радиосу. «Биринчи Радионун» уктурууларынын негизги форматы: - ар бир 30 минутта жаңылыктар; - «Күндүн темасы » - Ар бир жаңы күндүн олуттуу маселелерин эксперт – адистердин катышуусунда түз эфирде талкууга алган маалымат талдоо уктуруусу.

«Биринчи радионун» жыштыктары:

1. Бишкек FM 104.1  2. Ысык-Көл FM 102.4 3. Нарын FM 100.5 4. Ош FM 100.7 5. Баткен FM 104.2 6. Жалал-Абад FM 104.7 7. Талас FM 102.0 8. Чүй FM 104.1

Миң кыял FM

Коомдук телерадиоберүү корпорациянын “Миң кыял FM” радиосу 2007-жылы 1-январда ачылган. Кыргыз улуттук Радиосунун 1, 2–программаларынан эфирдик классификациясы аркылуу кескин айырмаланат, тактап айтканда, “Миң-Кыял FM” 80% музыкадан, 20%ы маалыматтан турат. Радио программаларын музыкалык-маалыматтык форматтын принциптерин сактоо менен кыргыз тилинде гана даярдайт.

Музыкалык саясаты боюнча Кыргызстандык гана аткаруучулардын кыргыз жана орус тилдүү чыгармаларын угармандар арасында жайылта турган алгачкы радиостанция. Ошондой эле рекламалык кызмат дагы эки тилде жүргүзүлөт. Маалымат таратууда “Миң кыял FM” радиосу “Би-Би-Си” Бүткүл дүйнөлүк маалымат кызматы менен өнөктөш экендиги менен өзгөчөлүү.

“Миң кыял FM” Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча FM 103.7 МГ ц жыштыгында, “стерео” режиминде, жалпы көлөмү 24 саат бою иш алып барат.

Мындан сырткары, радиостанция учурда: Баткенде FM 102.2 МГ ц, Ош жана Жалал Абад облустары боюнча FM 106.3 МГ ц, Нарын облусунда FM 107.7 МГ ц, Талас облусунда FM 105.7 МГ ц, Ысык Көл облусунда FM 100.6 МГ ц жыштыктарында уктурулат.

Негизинен "МИҢ КЫЯЛ" сөз айкашын чечмелеп келсек “миң” көп же чексиз деген маанини берет. Ал эми “кыял” – адамдын жан-дүйнөсүндө жашаган эң бир жарык, эң бир сонун, адамды алдыга сүрөп, турмушунда не бир жаркын үмүттөрдү пайда кылган жакшы нерсе. “Кыргыз” деген түпкүлүктүү элдин кулундары болгонубуздан кийин, албетте улуттук колоритке да ылайыктуу келет. Эң негизгиси кыргыз музыкасынын корифейи Токтогул Сатылгановдун толуп-ташып турган жаштыктын символу болгон“Миң-кыял” аттуу күүсүнүн көп кырдуу маанисине таасирленип тандалып алынган.

Балдар Fm

Кыргыз радиосу элге керектүү маалыматтарды, кабарларды жеткирип, жагымдуу маанай тартуулап келе жаткандыгына быйыл 80 жыл болду. Мына ушул аралыкта нечен деген окуяларга, тоскоолдуктарга, өзгөрүүлөргө дуушар болуп, ошол эле учурда бир топ ийгиликтерге жетишти десек жаңылбайбыз. Мисалы башында бир гана радио болуп, анда дагы саналуу саат гана эфирге чыгып турган болсо, учурда 3 жыштыкта 5 радио күнү-түнү угармандарга кызмат кылат. Мына ушул радиолордун ичинде балдарга таалим-тарбия, билим берүү багытта иш алып бараткан Кыргызстандагы жападан жалгыз «Балдар Fm» радиосу бар экендигин сыймыктануу менен айтсак болот.

«Балдар Fm» радиосунун тарыхына кыскача токтоло кетсек: Мындан 50 жыл мурда Кыргыз радиосунун адабий редакциясынын алдында “Балдар редакциясы” негизделген. Ошол мезгилде балдарга арналган ырлар, постановкалар, жомоктор даярдалып эфирге кетип турчу. Бара-бара бул редакция кеңейип, жаштарга арналаган программаларды даярдоо менен “Жаш толкун” чыгармачыл өндүрүштүк бирикмеси болуп өзгөрөт. Андан бери анын көлөмү да, форматы да, мазмуну да өзгөрүп, мезгил талабына ылайык жаныланып, жаңы уктуруулар менен толукталып келген. Ал эми бирикме өзүнүн бардык уктурууларын бир топко бириктирип, алгачкы ирет түз эфирге 1992- жылы “Жаштык” радиоканалы деген ат менен чыга баштаган. Ошол күндөн баштап 2009-жылга чейин угармандар “Жаш толкун” чыгармачыл өндүрүштүк бирикмесинин берүүлөрүн “Жаштык”радиоканалы деген аталышта кабыл алып келишкен. “Жаш толкун” бирикмесинин уктурууларынын 65 % жаштарга, ал эми 35% балдарга арналган.

«Балдар Fm» радиосунун максаты: Ар бир бала тактыктуу билим алууга жана татыктуу жашоого тийиш. Алардын көңүлүн чөгөрбөй, максатына жетүүсүнө өбөлгө түзүшүбүз керек. Ошондуктан биз «Бала жылмайса - аалам жылмаят! » деген ураан менен иш алып барабыз.

«Тарбия берүү- улуу иш; ошол аркылуу адамдын келечек тагдыры чечилет » деп педагог , ойчул Белинский айткан. Мамлекетибиздин келечеги болгон балдарды тарбиялоодо үй-бүлөнүн, мектептин эле эмес радионун дагы таасири чоң экендигин эске алуу менен уктурууларыбыздын негизин билим, тарбия берүү,таанып-билүү, маалымат-аналитикалык программалар түзөт. Ошондой эле балдардын ой чабытын өстүрүүчү оюндар дагы бар.

«Балдар Fm» радиосунда уктуруулардын 70% балдар өздөрү алып барышат. Мында биз балдарды алып баруучулукка эле үйрөтпөстөн, актердук чеберчилигин дагы өстүрөбүз. Эфир алып барып жаткан балдардын кичинекей угармандар алдында жоопкерчиликти сезүү керек экендигин айтып, аларды чыгармачылык изденүүгө чакырабыз. Жөнөкөй эле мисал: кийинки уктурууларга кызыктуу маалыматтарды даярдап келүүнү талап кылабыз. Алар кызыктуу маалыматтарды топтоо менен биргеликте өздөрү дагы окуп билимин тереңдетишет.

Достук радиосу

Радио адегенде интернет аркылуу чыга баштаган, ал эми 2015-жылдан тарта аны санариптик пакеттен табууга болот. «Радионун негизги максаты - өлкөбүздө жашаган этностор аралык достук мамилелердин өнүгүшүнө жана бекемделишине көмөк көрсөтүү эсептелет».

Радио КТРКнын 2013-2015-жылдарга карата өнүгүү стратегиясына, ошондой эле мамлекет башчысынын жарлыгы менен кабыл алынган Кыргызстандагы этностор аралык мамилелер концепциясына ылайык ачылууда. Радионун берүүлөр сеткасы маданият, тарых, искусство жана адабиятка байланышкан темаларды камтыйт. Өлкөбүздө ушундай радионун ачылышы менен Кыргыз Республикасында жашап жатышкан этностордун өз маданий баалуулуктары менен алмашып турушу үчүн аянтча түзүүгө басым коюлат.Ошондой эле радиодо президенттин мамлекеттик тилди өнүктүрүү жөнүндө жарлыгынын аткарылышы үчүн кыргыз тилин окуп-үйрөнүү боюнча өз алдынча долбоор орун алмакчы.

Радио суткасына online жана ишемби жекшемби күндөрү “Биринчи” радионун толкунунан обого чыгып турат.

Радионун редакциясы диаспоралар жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясы менен кызматташат, алар таанып-билүүчү жана окутуучу берүүлөрдүн авторлору, бул баарлашуу үчүн аянт даярдоого, аймактар ортосунда байланыштарды түзүүгө шарт түзөт жана маданий баалуулуктар менен алмашуу мүмкүндүгүн берет.

Радионун тутунганы: «Биримдигибиз – ынтымакта!».

Кыргызстан-көп улуттуу мамлекет, мында бир жерде кайталангыс көп этностук гамма түзүлгөн. Ал кыргыздарды, өзбектерди, орустарды, украиндерди, татарларды, дунгандарды, уйгурларды, казактарды азербаджандарды жана башкаларды камтыйт.

Жалпысынан Кыргызстанда 90 го жакын улут жашайт. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык өлкөнүн бардык жарандары алардын этностук таандуулугуна карабастан бирдей укукка ээ.Мекенибизде республикалык деңгээлдеги улуттук 30 борбор облустарда 72 маданий борбор бар.

Кыргыз жергебизде “Достук”темасына байланышкан көптөгөн маданий иш чаралар байма-бай өткөрүлүп жатканын эске алсак “Достук” радиосунун ачылышы коомчулуктун арасында колдоого ээ болот деген ишенимдебиз. Эгиз козудай ээрчишкен элдердин биримдигин болоттой бекем, темирдей кайраттуу кылып ширетүү үчүн улуттар аралык ынтымактын радиосу сөзсүз түрдө керек.

Эл достугуна доо кетирбей ыр менен достукка көпүрө болууга ниет кылган радио азырынча бирөө эле. Ал “Достук” радиосу.

Жетекчилик

  • Карыпбеков Илим Майрамбекович – КТРКнын башкы директору
  • Асылбашев Калыйбек Шаршеналиевич – КТРКнын башкы директорунун телевидение боюнча орун басары
  • Иманалиев Кайрат Олжобаевич - КТРКнын башкы директорунун радио боюнча орун басары
  • Алиев Бактияр Жеңишбекович – КТРКнын республикалык телеборборунун директору
  • Асанбеков Руслан Асанбекович – КТРКнын аппарат жетекчиси
  • Жумабаева Нургүл Мукашевна – КТРКнын Каржы жетекчиси
  • Зарима Рысбекова – КТРКнын Адистер бөлүмүнүн жетекчиси
  • Батаканова Бурулуш Топчиевна – КТРК РРТБнын башкы инженери
  • Ниязова Нурзат – КТРКнын расмий сайтынын жетекчиси
  • Жумабекова Жылдыз - "Ала-Тоо 24" телеканалынын продюсеры
  • Мамбеталиев Мырзакул Жумакадырович – СЭИП редакциясынын продюсери
  • Кодуранова Динара – КТРКнын “Замана” студиясынын продюсери
  • Назира Аалы кызы - "Маданият.Тарых.Тил" телеканалынын продюсери
  • Арапов Шайырбек Ысакжанович - "КТРК СПОРТ" телеканалынын продюсер
  • Токтоналиев Шакир Акимович – Программалоо бөлүмүнүн жетекчиси
  • Абдукаимова Назира - “Кыргыз радиосунун” башкы редактору
  • Сыдыкбекова Таалайгүл Арыповна - “Биринчи радио” КТРК башкы редактору
  • Аманова Кундузкан Козубаевна - продюсер телеканала "Баластан" телеканылынын,  “Балдар FM” радиосунун продюсери
  • Орозалиев Мелис Дүйшебаевич – КТРКнын Дизайн жана анимация студиясынын жетекчиси
  • Эсенгулова Динара - "МУЗЫКА" телеканалынын продюсери

КТРКнын Байкоочу кеңеши

Жылдыз Бакашова – КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрайымы

Президент тарабынан көрсөтүлгөн мүчөлөр:

  • Анатай Омурканов
  • Игорь Шестаков
  • Ирина Абдырахманова
  • Назаркул Ишекеев
  • Абды Сатаров

Жогорку Кеңеш көрсөткөн мүчөлөр:

  • Тамара Жаманбаева
  • Озубекова Жеңишгүл
  • Сабырбек Мукамбетов
  • Тынчтыкбек Чоротегин

Коомчулук көрсөткөн мүчөлөр:

  • Вячеслав Гончаров
  • Алхожоев Тимур
  • Досалиева Бубукан
  • Абдыганы Халилов

Булактар