Мелис Эшимканов

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Мелис Асаналиевич Эшимканов
Мелис Асаналиевич Эшимканов
Желек
УТРКнын башкы директору
ноябрь 2007-жыл — ноябрь 2009-жыл
Андан мурунку: Кыяс Молдокасымов
Андан кийинки: Кайыргүл Орозбай кызы
 
Жарандыгы: Кыргызстан желеги Кыргыз Республикасы
Туулган жери: Казарман, Тогуз-Торо району, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССР
Каза болгон жылы:
Каза болгон жери: Бишкек, Кыргызстан
Мүрзөсүнүн орду: Ала-Арча көрүстөнү
Атасы: Асаналы Эшимканов
Апасы: Саадат
Балдары: 2 уул, 2 кыз
Билими: Кыргыз Улуттук Университети
Кесиби: журналист

Эшимканов Мелис Асаналиевич (9 декабрь 1962, Казарман, Тогуз-Торо району, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССР15-сентябрь 2011, Бишкек, Кыргызстан) — кыргызстандык журналист, коомдук жана мамлекеттик ишмер, КР Жогорку Кеңешинин депутаты (2005-2007), Улуттук Телерадио Корпорациясынын башкы директору (2007-2009).

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Мелис Асанаалы уулу Эшимканов 1962-жылы 9-декабрда Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында туулган.

Атасы – дарыгер болгон, энеси медайым болгон. Атасы Асанаалы Эшимканов Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек (мурдагы “Пограничник”) айылынан болгон.

Мелис борбор шаар Бишкекте таалим алган. Жаштайынан Кыргыз үналгысына берүүлөр даярдоого катышып, балдар гезитине макалалар жарыялап турган.

1985-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Журналисттик эмгек жолун Кыргызстандын теле жана радио боюнча Мамлекеттик комитетинин жаштар редакциясынан баштаган.

Кийинчерээк жаштардын "Ленинчил жаш" гезитинде кабарчы, "Комсомолец Киргизии" гезитинде жооптуу катчы болгон.

1990–1991-жылдары Кыргызстан Комсомолунун Борбордук Комитетинин идеологиялык бөлүмүнүн инструктору кызматында иштеген.

1991-жылы "Жаштык жарчысы" гезитинин (мурдагы “Ленинчил жаш” гезитинин) редактору болуп дайындалган.

Бул гезитти менчиктештирип, анын аталышын “Асаба” деп өзгөртүп, бул эркин гезитти 1992-жылдан 2001-жылдардын башына чейин кожоюун жана баш редактор катары жетектеген.

Гезитти ал кездеги А.Акаевдин режимине тарттырып жиберген.

Андан соң 2001-жылы “Агым” деп аталган жаңы эркин гезитти ачып, 2001-2005-жылдары "Агым" гезитине башкы редакторлук кылган.

Бул гезиттер аркылуу өзүнүн чыгаан редактор, медиа менежер экендигин далилдей алган жана кыргыз журналистикасында өз мектебин түзгөн.

2000-жылы президенттик шайлоодо президенттикке талапкер болгон.

2005-жылы апрелде Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Президент Курманбек бакиевге каршы оппозициянын катарында да жүргөн, кийинчерээк, 2007-жылдын жайында, ал кездеги президент Бакиевдин бийлигин кайра жактап калган. Ошондон улам оппозициячыл күчтөр кыйла топтолгон бул парламентти таркатууга демилгечилерден да болгон.

2007-жылдын ноябрынан 2009-жылдын ноябрынын башына чейин УТРКнын (азыркы Коомдук сыналгы жана үналгы корпорациясынын – КТРКнын) башкы деректири болду.

Андан соң, 2009-жылдын 6-ноябрында, Мелис Эшимканов мырза президент К.Бакиевдин уулу Максим Бакиев көзөмөлдөгөн Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикке караштуу Кыргызстандын Өнүгүү корунун Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп дайындалып, экинчи элдик ыңкылапка чейин ушул кызматта иштеп турду.

2010-жылы 18-мартта Өнүктүрүү корунун Байкоочулар кеңешинин төрагасы Мелис Эшимкановдун “Азаттыкка” айтымында, Кыргызстан Өнүктүрүү корун түзүү менен дүйнөлүк каржылык шартта каражаттарды башкаруунун жаңы ыкмасын колдонуу далаалатын жасаган:

“Буга чейин Кыргызстан он сегиз жылдын ичинде эки миллиард доллар карыз алган. Ал карыздардын баары мамлекеттин, өкмөттүн мойнуна түшкөн. Анын төлөмдөрү биздин өзүбүздүн ички социалдык маселелерибизди чечиш үчүн улам жылып келе берген. Биринчи жолу Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борборду агенттик, анын ичинде биз иштеп жаткан Өнүктүрүү фонду ким карызды алат, ким көзөмөлдөйт, ким ал карыздын кепилдигин алып иштетет деген жаңы тышкы карыздар менен, тышкы грант, инвестиция менен иштөө жөнүндө жаңы заманбап механизм баштады”.

Бул кор 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылаптан соң коррупциялык кор катары расмий жоюлган.

Анедан кийинки учурда Мелис Эшимканов бир катар айлар саясаттан обочо жүрдү. Акырындап, башка бир эркин гезитти (“Баягы Асаба” гезитин) ачуу камылгаларын жасады.

Мелис Эшимканов 2011-жылдын 15-сентябрында Бишкек шаарында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Ушул күнү Эшимкановдун жүрөгү токтоп калып, каза болгону тууралуу маалыматты "Азаттык" үналгысына көп тармактуу КАМЭК клиниканын башкы директору Эркин Маматов тастыктады.

Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Мелис Эшимканов мурдагы жубайынан бир кыз, бир уулдуу, кийинки жубайынан эки балалуу болгон.

2010-жылдын 19-мартында “Супер-Инфо” гезитине курган маегинде М.Эшимканов мындай деген:

– Алайдын тоолорунда дербиштик өмүр сүргөн 70 жаштагы Кубат Жусубалиевди жалгыз гана досум дейсиз. Эмнеге?
– Кудай-Атанын жазмышынан да. Экөөбүздү байлаган бир улуу сыр бар. Буга мен чексиз бактылуумун.
– Ал сыр еврейлерге байланыштуу эмеспи?
– Сырткы чел кабыгы гана окшош. Болгону, бир жаш тарыхчыбыз Кытайга барып, жашыруун архивдин таш жазууларынан биздин Асык уруубуздун түбү Арабстан еврейлеринен чыкканын маалымдап келгенинен «Дело №…» гезитине чакан маек кургам. Ошону Абдувахаб деген жакшы көргөн үкам баса калып, «Пресс.KG» гезитине көбүртүп, атактуу террорчу Бен Ладен экөөбүздүн жакын тууган экенибизди илимий далилдер менен тууралап салыптыр.
– 2007-жылы Женевадан агреман (өкмөттүн макулдугу) келип, ажо сизди Швейцарияга элчиликке дайындаарда баш тартып, барбай койгонуңуз да көпчүлүккө түшүнүксүз бойдон калган?
– Бир гана себеп: элчиликке макул болордо шарт койгом, апрель митинги боюнча кылмыш иши козголуп, камалгандар бошотулсун деп. Ал аткарылбаган соң баш тарткам.
– Феликс Кулов уулуңуздун өкүл атасыбы?
– Ооба, Адам аттуу кенже тентегимдин «крёстныйы».
– Улуу уул-кызыңыз алыскы Америкада окушат экен, болгондо да Гарвард университети сыяктуу каражатты көп талап кылган окуу жайында. Сизди кыйнашпайбы?
– Кыйнашса жибербейт элем. Жылдызым менен Төлөгөнүм тың чыкканы үчүн ошол жакта, бир буту окууда, экинчи буту жумушта болуп, өз жандарын өздөрү бакканга жарап калышкан.
– Мурунку жубайыңыз менен мамилеңиз кандай?
– Абдан жакшы. Катышып, эч нерседен кем кылбай жардамдашып турам.

Коомдук ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

1990-жылы май айында “Кыргызстан” демократиялык кыймылына мүчө болгон.

2000-жылы президенттик шайлоодо президенттикке талапкер болгон.

2005-жылы апрелде Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Эшимканов өзү 2011-жылы сентябрдын башында "Азаттык" үналгысынын "Ыңгайсыз суроолор" сыналгы талкуусуна катышып жатып, өзү негиздеген пост-советтик гезиттер кыргыз журналистикасы үчүн жаңы чыйыр издегендигин дагы бир жолу тастыктаган.

Эшимканов "Баягы Асаба" деген аталышта жаңы гезит ачуу тилеги бардыгын билдирген.

“Президенттикке талапкерлигимди койгонго моралдык-ыймандык укугумдун жок экендиги тууралуу маалымат каражаттарынан жүз ирет айттым”, - деди Мелис Эшимканов «Айат» гезитинин 2011-жылдын 21-июлунда чыккан санына маек берип жатып.

«Мен Атамбаевге окшоп премьер-министрликке барып, Бакиев менен кучакташып, анын колунан орден албасам да, Мадумаровго окшоп «Ак Жол» партиясынын атынан спикерликке шайланып, ыйык жерлерибизди бөтөндөргө сатпасам да, мурдагы бийлик режиминде азыраак болсо да кызмат өтөгөн чиновник катары чоң саясатта өзүмө өзүм чектөө койгом. Андан көрө «жандооч кийик аттырат» демекчи, татыктуу талапкерди сүрөгөнүм оң», - деп билдирген «Айат» гезитине маркум М.Эшимканов.


Ал тууралуу көзү тирүү кезинде айтылган пикирлерден[оңдоо | булагын оңдоо]

Феликс КУЛОВ, “Ар-Намыс” партиясынын лидери:

- Тилекке каршы, бул киши жөнүндө туура эмес пикирлер жаралып кетти. Бирок, ал болгону Акаев, Бакиев өңдүү башкаруучуларга сөз менен таасир этип, аларды элдин үнүн тыңдоого ынандырууга гана аракет кылган. Анткени, түпкүлүгүндө Мелис идеалист. Бирок, негедир, айрымдар анын кадамдарын башкаруучулар менен мамиле түзүп, аларга жагынууга аракет жасаганындай кабылдашты. Мелис чыныгы патриот, өлкөдө жакшы нукка өзгөрүү болушун ал чын дилден тилейт.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз эл акыны:

- Мелис бар жагынан өтө сейрек кездеше турган таланттардын бири. Анын өзгөчө касиеттерин чогуу иштеп жүргөндө көрүп-билгенбиз. Журналистикада өчпөс из калтырды. Менеджер катары өтө күчтүү. Кандай ишти баштабасын, сөзсүз бир жерден чыгат. Зодиак белгиси боюнча жаачы. Алдыда жүргөндү, биринчи болгонду, элге жол башчылык кылууну Кудай ургандай жактырат экен бул белгидегилер. Эл да аны аңды-дөңдү карабай ээрчийт. Жарга келгенде буйт берет экен да, артындагы эл кулап түшөт. Туулган күнүндө ушундай мүнөздөмө берсем, өзү аябай күлгөн эле.

Мелистин энергиясын билбей, түшүнбөй, туура пайдалана албай жүрүшөт. Адамдар ушундай доордо жашап атат, кээде Мелисти терс каарман катары көрсөтүүгө аракет кылышат. Элчилеп ичип-жеген жок. Мамлекетке Мелистен миң эсе зыян келтиргендер бийликте жүрөт. Мелистин баралына толуп турган маалы. Башкалар жөн жүрбөсө, Мелис сөзсүз бир нерсенин ичинен чыгат.

Темир САРИЕВ, “Ак шумкар” партиясынын лидери:

- Мелис коомчулукка гезит аркылуу таанылды. Бүгүнкү тарыхыбыздагы эң күчтүү журналист. Бул кишинин өз стили бар. Мелиске көп адамдар таарынат. Ошол эле учурда көп адамдар аны макташат. Ага таарыныштын кереги жок. Көп жылдан бери жолдош болуп жүрөм, Мелис кандай болсо, аны дал ошол калыбында артыкчылык, кемчилиги менен кабылдаш керек. Башка адамдарда сейрек кездешчү бир касиети бар. Ал - Мелистеги ишеним. Бир нерсеге ишенсе, ал ошол багытынан кайтпайт. Кандайдыр убактарда кээ бирөөлөр аны жек көрөт, жамандайт, айрымдар мактайт. Бирок, ал эч качан “мен буга жакпай калам же мени жаман көрүп калат” деп чочулабайт.

Багытынан жазбай кете берет. Бул, жакшы сапат. Дал ушул сапатынан улам кезегинде оппозициянын алдыңкы катарында жүрдү. Оппозицияда кандай жүрсө, кийин бийликте да дал ошондой нукта жүрдү. Мелис кичинекей дешет, а бирок, Мелистин чоң жүрөгү бар. Ички деми күчтүү, эч нерседен тайманбайт. Буга бир эмес, бир нече ирет күбө болгом. Адам менен сүйлөшкөндө абдан чоң адис, кандай маселе болсо да ишендирип, ынандырып кете алат. Кандай гана багытта болбосун, өзүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алат. Мындай сапат ар бир эле адамга бериле бербейт. Кийин саясатка көбүрөөк ооп кетти.

Бүгүнкү күндө чыгып аткан гезиттердин көпчүлүгү “Асаба”, кийинки “Агымдын” стилинде. Журналистикада Мелис жаңы стилди сунуштаган редактор, журналист катары тарыхта калат. Кыргыз эли өзгөчө эл, кадамдарыбыз дүйнөлүк коомчулукка убагында өөн кабылданып, ал эми кийин бизди туурап жаткан мисалдар бар. Маалымат талаасы абдан кеңейди, мүмкүнчүлүктөр да көбөйдү. Мүмкүн Мелис дагы бир нерсени ойлоп чыгат. Саясатта жаңы кадамдарды таштап атат. Келечекте бул жагынан да биз Мелистин саясаттагы жеткен ийгиликтерин көрүп калгыбыз бардыр.

Алым ТОКТОМУШЕВ, журналист:

- Уникалдуу журналист, гениалдуу уюштургуч. Жаңы замандын журналистикасынын башатында Мелис Эшимкановдун “Асаба”, “Агым” гезиттери турганын ашынган душманы да танбайт. Азыркы менменсинген саясатчы-революционерлердин көбү ошол “Асаба”, “Агым” гезиттеринин, демек, Эшимкановдон багыт алган. Журналисттердин чоң тобу да, анын ичинде мен да бармын.

Албетте, анын саясый ишмердиги тууралуу ар түркүн кептер көп. Саясаттын табияты ошол. Маселен, ушул эле Р.Отунбаева, А.Атамбаев, Ф.Кулов, Ө.Текебаев, ж.б. саясатчылар жалаң жакшы пикир менен жашап келатат деп кайсы акылынан айныган киши айтат.

Мелис Эшимкановдун саясый ишмердигинен байкаганым – ал ар дайым эркиндикти туу тутуп жашайт. Ал үчүн башын саюуга чейин барат. Кыскасы, өз логикасы, өзүнүн нравалык таянычы, уят-сыйыты, жүрүм-туруму бар интеллектуал саясатчы. Кээде моралдан тайып кетсе да, табигый, оңой эле ордуна келтирип кое тургандай тайыйт.

Тынчтыкбек ЧОРОТЕГИН, "Азаттык" үналгысынын Прагадагы кызматкери:

- Ар кишиге "жаңыл-ба" деп суранабыз, жалбарабыз, бирок, калпыс кадам таштап алган кишини ар дайым "тезирээк түз жолго кайрыл!" деп гана чакырууга тийишпиз. Мурда Акаев менен Бакиевдин режимдеринин көрүнөө же көмүскө техникалык "бурамасы" болгондор да азыр кайра эле ыңкылаптан кийинки бийликке кызмат кылууга далалаттанып жүрүшпөйбү. Мелис Эшимканов азыр эр ортонуна да келе элек. Аны таптакыр, биротоло "кара тизмеге" кошуп салгандарга каяша айтаар элем. Дайым журт турмушуна өзүбүздүн жеке салымыбызды, саамалыгыбызды кошуу үчүн бири-бирибизге акыркы дем калгыча мүмкүнчүлүк ыйгарып туралы. "Азаттыктын" архивинде, кулатылган бийлик уюштурган Ынтымак курултайында Мелис Эшимканов сүйлөп, ошондон эки апта өтүп-өтпөй эле Ак үйдөн куулуп чыккан президент К.Бакиевден абактагы Исмаил Исаковду бошотуу ж.б. тууралуу өтүнүч кылып жатканын чагылдырылган тасма бар (http://www.azattyk.org/video/6397.html). Мелисти курулай жактап жаткан жокмун. Тарых күбө, "Азаттыкты" 2008-жылы 1-октябрда УТРКнын каналынан алып салган да Мекебиз болду. Бирок, бизге бул жаатта Эшимканов түгүл, маркум Медет Садыркулов (ал кездеги президенттик администрация башчысы) менен мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов да жардам бере алышкан эмес. "Азаттыкты" УТРКдан сүрүп салуу буйругу Бакиевдердин "парманы" экенин Эшимканов менен Садыркулов 2008-жылы күздө кыйытып айтышкан. Кыяс Молдокасымовго да ушундай эле кысым болгон, бирок ал акырына чейин туруштук кылган. Жогоруда учкай жазганымдай, мурдагы көшөкөрлөрдүн көбү азыр деле бийликтин ар кыл бутактарынан башын кылтыйтып коюп жүрүшөт. Мелиске айтаарым, 2010-жылы 23-мартта өзүң элдик макалды эске салгандай, "жаңылбас жаак болбойт..." эмеспи, публицисттердин үйүрүнө кайра кошулууга аракет кылып жаткан экенсиң. Менимче, өз ордуңду дал ушул жаатта кайра таба аласың. Баш аман болсун, калемгердигиңе Теңир кубат берсин. Кайра эле түпкүлүктүү демократиялык реформаны колдогон нукка түшөөрүңө үмүт байлагыбыз келет. Мурдагы авторитардык "лөктөрдүн" жана ар кандай "максимдердин" тымызын куралы болгондордон эми алыс боло көр!

Гүлзинат СУРАНЧИЕВА, ырчы:

- Мелис байке – ар тараптуу инсан. Чечкиндүү, юмордун тилин билген, демилгечи киши. Чыгармачыл адамдарды колдоп, көмөктөшүп келет. Бул киши менен баарлашуудан узакка жетерлик азык аласың.

Урмат УСЕНОВ, эстрада ырчысы:

- Мелис мырзаны журналист, кийин саясый чөйрөгө аралашкандан бери саясатчы катары билчү элем. Акыркы эки-үч жылда жакындан баарлашып калдым. Чындап эле мыкты жетекчи, стратег, мыкты калемгер, оратор экенине күбөмүн. Кыргыз телесине келгендеги жасаган аракети, маалыматтык чөйрөдө алпарган иши жаңычылдыкты, терең өзгөрүүлөрдү алып келди. Анан да өлкөдөгү көтөрүлүш, кан төгүүлөрдөн кийин эски бийликтин камчысын чаап жүргөн башка саясатчылардан айырмаланып, бир жыл өзү жана өз абийиринин алдында акталды. Кыргыздын патриоту деп билем бул кишини. Эки ирет кеңеш менен кайрылгам, ошол эки иште тең мен жаңылган жокмун. Ошондон улам, кыраакы, көрөгөчтүгүнө баа берем.

Дүйшөн ЧОТОНОВ, “Ата Мекен” партиясынын лидеринин орун басары:

- Мелис карама-каршылыктардан турган инсан. Сыртынан уксаң башка, жанынан билсең, Меке – адам. Жашоодо ар кандай кырдаалдар болот. Мелис авантюристтик мүнөзү менен бардык кырдаалдарда, мамлекеттин жаңы тарыхында дайыма саясаттын чордонунда жүрдү. Болгондо да чечим кабыл ала турган жеринде жүрдү. Бул ролу оң да, терс да кабылданып, коомдо ар кандай кеп айтылды. Бирок, менимче, ал колунан келишинче, ички туюмунда, өз деңгээлинде чечим кабыл алып келди. Алар Мелистин чечимдери болгон. Мелис Эшимкановдун ысымын кыргыз саясатынын кечээгисинен же бүгүнкүсүнөн эч ким чийип сала албайт.

Райкан ТӨЛӨГӨНОВ, “Ата Мекен” фракциясынан ЖК депутаты:

-Биринчиден, Мелис менин досум. 1988-жылдары демократиялык кыймылдын шарапатында мамилебиз түптөлгөн. КПССтин ролун төмөндөтүү, кыргыз мамлекетинин эгемендигине жетишүү боюнча биз өзүнчө бир топ түзүп, Прибалтика, Ленинград, Москвага барып, ЦК комсомолдун, жаш илимпоздордун катарында ар кандай лекцияларга катышып, жаңы идеялар менен таанышуу ниетинде Мелис Эшимканов, Алмаз Акматалиев, ж.б. менен бирге жүргөнбүз.

Мамилебиз ошондон бери жылуу, ошол убактан бери ажыраша албай келебиз. 1988-1989-жылдары Кыргызстанда элдик фронттор популярдуу болуп турган. Баса, ошол тушта Базар-Коргондон Өмүрбек Текебаев чыккан, азыркы партиялашым менен ошондо таанышкан элек. Мелис саясатчы катары ошол убактан бери демократиянын башатында турган жигит. Кийинки демократтар менен Мелисти салыштыра да албайм. Оюна да, канына да демократиянын эң негизги принциптери сиңген жигит. Бул жагынан Мекенин кынтыгы жок.

Адам катары Мелистин өз принциптери бар. Эгер ошол принциптерди жоро-жолдоштору сактаса, Мелис аларга ийкемдүү. Эгер ал принциптерди буза турган болушса, Мелис алар менен мамилени чорт эле үзүп, оппонент болуп калат. Бул принциптер – достукта ишеним, бири-бирин сатпоо керек, ал эми саясатта ачык, таза болуу. Мелис жеке мамилеге саясатын да, достукту да, экономиканы да проекция кылат. Жеке кызыкчылыктар үчүн баарына даяр адамдардан Мелис таптакыр башка полюста турат. Курандагы болобу, Библиядагы болобу, негизги принциптер катары жазылгандарды – адамга, жаратылышка болгон мамилени, дегеле, турмуштагы ар кандай карым-катнаштарга карата баалуулуктарды тутунат. Эгер экинчи тараптан да ушундай жооп болсо, Мелис абдан жакшы дос, пикирлеш болуп берет.

Бакиев менен кошулуп кеткени басма сөздө “сатылып кетти” деп бааланды. Мелис өзү авантюрист. Бул киши ошолордун арасына кирип, ал жактагы кырдаалды билгиси келди деп ойлойм.

Мелиске өзүнүн имиджи бир тыйын. Ал жаңы нерсе менен таанышкысы келсе, же жаңы процесстерге аралашкысы келсе, “аброюма шек келет” деп да чочулабайт. Жаңы нерсе Мелисти азгырып, тартып турат. Ката кетирсе, актанганга эч качан аракет кылбайт. “Ооба, мен ката кетирдим, ооба, мен күнөө кетирдим. Өлтүргүлө, бышырып жегиле” деп туруп берет. Достору, анын ичинде мен да өз күнөөсүн моюнга ала билгенин баалайм. Жаштыгыбызда катаны көп кетирдик. Мелистин адамгерчиликтүү сапаттарынан улам ажыраша алган жокпуз.

“Бакиевге сатылып кеткен, эми саясый аренага чыга албайт” дегенден алысмын. Ар кимдин укугу бар, ар бир адамга мүмкүнчүлүк бериш керек. Андай укукту ким чектей алат?! Бакиевге убагында керек болсо, бүт Кыргызстан кошулуп кеткен. Саналуу гана кишилер четте турган. Ошол саналуу кишилер башкалардын укугун чектей албайт. Журналисттик кесибине же саясый чөйрөгөбү, айтор, Мелис саясатка кайра аралаша турган болсо, бул дүйнө жаңы окуяларга байып, жаңы ойлорго байый түшмөк. Баары Мелистин өзүнө байланыштуу, балким, басар жерди басты, баарынан чарчагандыр. А балким, азыркы саясый кырдаалды көрүп, башка нук алып баратат деп тынч отура албайттыр. Бирок, жеке пикиримде, ал баары бир чыгат.

Мелис убагында бир топ саясатчыларга демократиянын үлгүсүн, маңызын үйрөтүп, Кыргызстан үчүн перспективасын түшүндүргөн. Азыр Мелис “саткын” болуп, алар “демократ” болуп жүрөт. Акаев, Бакиевдер менен кимдер гана иштешпеген, азыркы Ташиев да, Бабанов да, Атамбаев да иштешкен. Мелис саясый чөйрөгө кайра кайтып келем десе, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Лунара МАМЫТОВА, КТРК диктору:

- Мелис Асаналиевич менен алгач окуучулук кезимде “Асаба” гезитиндеги макалалары аркылуу таанышканмын. Агезде түзүлгөн, гезит аркылуу жарыяланып, мүчөлөрү толукталып, көбөйүп жаткан “Бей-бечаралар” партиясы мага ал учурдагы турмуштун кыйын кезеңинде өлкөдөгү бирден-бир революциячыл партия болуп сезилип, ал партиянын катарына кошулууну самаган элем. Бул менин ал киши менен сырттан таанышуум эле. Ошондон баштап, Мелис Асаналиевичти депутат, коомдук ишмер катары байкап жүрдүм. Биринчи жолу түздөн-түз жетекчим катары Улуттук биринчи каналга келгенде тааныштым. Алпарган ишинен улам, Мелис Асаналиевичти мыкты менеджер, чыгармачыл адам катары бааладым. Кеп-кеңештери, акыл-ойлору мени алдыга гана үндөп жүрдү.

Керим ТУРАПОВ, Кыргыз эл артисти:

- Саясатта, анын кесиптик чөйрөсүндө бирге иштеше алган жокмун. Бирок, мен Мелисти чыныгы дос катары билем. Адамгерчиликтүү, жоро-жолдошко, сөзүнө бек турган адам. Кыраакы, көп нерсени билген, өз кесибинде мыкты, өз ишин так аткарган инсан.

Илим КАРЫПБЕКОВ, “Мегаком” компаниясынын башкы директорунун орун басары:

- Адамгерчиликтүү, абдан адилет адам. Сенин ким, кандай абалда экендигиңе карабай кол сунууга дилгир. Бул киши менен “Агым” гезитин юридикалык жактан коргоп жүргөн маалда таанышкам. Жашоомдо абдан маанилүү маселеге кабылып, түйшөлүп турган маалда республикадагы менменсинген адамдардын арасынан жалгыз ушул киши мени түшүнүп, жан дили менен жардамын берген.

Айрымдар бул кишини “сатып кетет”, “туруктуу эмес” деп сындашат. Кийин биз бирге иштешип да калдык. Бирок, ушунча болуп бул кишинин “сатканы” тургай, терс жагын да көргөн жокмун. Мелис мырзанын адамдык сапатын жогору баалайм.

Кыргызстанда Мелис Эшимкановдон башка кыргыз тилинде ушундай так, жалпыга бирдей түшүнүктүү жаза билген журналистти кезиктире элекмин. Акыркы кездери “Мелистин калеминин мизи кайтарылды” деп жүргөндөргө, анын жакындагы эки кичинекей макаласы эле жооп болду. Мелис Эшимкановду кумир тутуп келаткан журналисттерди да билем. Коомчулукта Эшимкановдун мектеби, багыты деген бренддер жашап келет. Чындап эле Мелис мырза журналистикада чоң багыт ачкан. Эшмикановду туурап, ага окшоштуруп жазганга аракет кылгандар арбын, бирок, “ага жетти, андан ашып түштү” деген журналистти көрө элекмин.

Саясатта өйдө-ылдый боло берет. Бул чөйрөдөгү адамга баа бериш кыйын. Анткени, саясат чөйрөсүндөгү адам ар кандай абалдарга кабылат. Кээде жүрөгү макул болбогон кадамдарга да барууга туура келет. Аз-маз аралашып, мен деле көрүп калдым. Бирок, азыр эч кандай саясый күчкө кирбесе да, эч бир кызматты ээлебесе да, аттуу-баштуу саясатчылар бул киши менен кеңешип, акылдашып турганы – анын саясаттагы чоң көрсөткүчү

“Айат” гезитинен (2011-жыл)[оңдоо | булагын оңдоо]

Эшимкановго эссе

Коңшулаш кафеден кезиккен,
Колдурак үнүңдү эшиткен.
Койнуңа жарым түн жаткырбай,
Кубалап чыкчу элең тешиктен.

"Асаба" агымын кече элек,
Анда биз көк мылтый эселек.
Кылычтай жалаңдап канчасын,
Мелистей шылысак дечү элек.

Азапка башыңды байлады,
"Асабаны" Акайчик жайлады.
"Агымды" агызып өйдө-ылдый,
Кан жиниң шакардай кайнады.

Бах, чиркин өкүнөм эмгиче:
Бакиев гүл терип бергиче –
Ак үйдүн алмашып бийлиги,
Теминип алыстан келгиче…

Сыйлыктары. Наамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

Такталып, толукталат.





Чыгармаларынын чакан тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]

Такталып, толукталат.

Ал тууралуу эмгектер, макалалар[оңдоо | булагын оңдоо]

Такталып, толукталат.


Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]