Агреман
Jump to navigation
Jump to search
Агреман (фр. agrement , agreer – жактыруу) – эл аралык укук боюнча, мамлекеттин жеке бир адамды башка бир өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы катары таанууга макулдук берүүсү. Агреман алмайынча ырасмий дайындоо мүмкүн эмес. Аккредиттеген мамлекет аккредиттелип жаткан жактын аккредиттөөгө сунуш кылган мамлекеттин өкүлчүлүк башчысы экендигине чындап ынанууга тийиш. Аккредиттеген мамлекет агремандан баштартуу жүйөсүн аккредиттөөчү мамлекетке билдирүүгө милдеттүү эмес.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7