Оторбаев, Кубат

Википедия дан

Оторбаев, Кубатбек Табылдиевич (1972-жылы тогуздун айынын 13 (сентябрь) туулган) – кыргыз журналисти жана акыны.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кубат Оторбаев 1972-жылы 13-сентябрда Кыргыз Республикасынын Нарын дубанынын Пограничник (азыркы Казыбек) айлында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин 1995-жылы аяктаган. Кийин президенттин алдындагы Башкаруу академиясында "менеджер" адистиги боюнча, андан соң Кыргыз-Орус (Славян) университетинде "юрист" адистигинде билимин тереңдеткен.

1994-жылдан тартып журналисттик ишмердигин баштаган. “Асаба” эркин гезитинде кабарчы, башкы редактордун орун басары, “Кыргыз руху” эркин гезитинин баш редактору болуп иштеген.

2000-2001 жылдары Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) Бишкек бөлүмүндө кабарчы болуп иштеди.

2002-жылдын январынан тартып “Азаттык үналгысында” кабарчы, андан соң интернет редактор болуп иштеди. 2005-жылдын чын куран айынын 31 (март) “Азаттык үналгысынын” Бишкек бюросунун - “Азаттык Медиа” мекемесинин деректири катары 2010-жылдын 8-апрелине чейин эмгектенген. Ал жетекчилик менен катар "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телекөрсөтүүсүн 2005-2010-жылдары алып барып, таланттуу журналист катары таанылган.

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Коомдук телерадио берүү корпорциясына жетекчи катары дайындалып, ошол эле жылдын декабрында атаандаштык иретинде өткөн шайлоодо КТРКнын башкы директору болуп Байкоочу кеңеш тарабынан шайланган. Кубат Оторбаевдин тушунда КТРКда ири өзгөрүүлөр болгон. Анын демилгеси менен КТРКнын курамындагы "Музыка", "Маданият" жана "Баластан" телеканалдары ачылган. Каналдын сайты ачылып, ишке киргизилген. Улут аралык мамилени чыңдоо максатында "Достук" радиосу эфирге чыккан. КТРКнын "Алтын фондундагы" эски тарыхый материалдар санарип форматка түшүрүлүп, алардын негизинде комуз күүлөрүнүн антологиясы, "Манас", "Чыңгыз Айтматов" дисктери чыккан. Кубат Оторбаевдин тушунда "Ой ордо", "Акыл ордо", "Сармерден", "ЖКХ", "Кыйырдагы кыргыздар" баштаган бир катар долбоорлор КТРКнын эфирине чыккан. Каналдын жарнамадан түшкөн кирешелери өскөн. Эл арасында КТРКнын кадыры арткан.

2014-жылы жай айларында өз каалоосу менен КТРКнын башкы директорлук кызматын өткөрүп берген.

2015-жылы Жогорку Кеңешке "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан. 2020-жылы августта Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан өз каалоосу менен баш тарткан.

2015-2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) болуп иштеген. Анын демилгеси менен Евразия мамлекеттеринин Омбудсмендеринин Альянсы түзүлүп, биринчи жыйыны Ысык-Көл жээгинде өткөн. Ага Орусия, Иран, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Молдованын Омбудсмендери катышкан. Акыйкатчы катары инвалид балдардын ата-энелерине мамлекет тарабынан жөлөкпул төлөп берүү демилгесин көтөрүп, аны Кыргыз өкмөтү колдоп, ишкен ашкан.

Кубат Оторбаев 2018-2020-жылдары "Кыргызстан" телеканалын башкарып, аны рынокко алып чыккан.

Акыркы жылдарда "Азаттык Медианын" башкы телепродюсери катары эмгектенүүдө.

2022-жылы анын "Гүлдөр күтөт" деген ат менен алгачкы ырлар жыйнагы чыкты. Ага 13 жашынан тартып жазган мурдагы жана кийинки жылдары жазылган ырлары, "Балтатым" түрмөгү жана "Казыбек" поэмасы кирген. Аталган поэмада Казыбек казалчы Мамбетиминдин ары драмалуу, ары трагедиялуу өмүрү баяндалган. "Гүлдөр күтөт" китеби Кубат Оторбаевдин алгачкы китеби экенине карабай Улуттук жазуучулар союзу уюштурган комиссия тарабынан "2022-жылдын мыкты китеби" деп таанылган. "Гүлдөр күтөт" жыйнагы менен тең катар проза жанры боюнча Топчугул Шайдуллаеванын "Балакана", балдар адабияты боюнча Байтемир Асаналиевдин "Балдан ширин балалык" жыйнагы "жылдын мыкты китеби" деп табылды.

Оторбаевдин бир катар макалалары кыргыз, орус жана аңглис тилдеринде жарыяланган.

Кубат Оторбаев 22 жашында Улуттук жазуучулар союзу, "Тулпар" журналы жана Улуттук китепкана уюштурган Табылды Муканов атындагы жаш акындар сыйлыгынын лауреаты болгон (1994).

2005-жылдын үчтүн айынында (декабрь) “Азаттык үналгысынын” апталык “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүнүн алып баруучуларынын бири катары “Замандаш” ассоциациясынын (кыргыз диаспора жамаатынын) “Жылдын мыкты сыналгы берүүсүнүн алып баруучусу” сыйлыгына (бул берүүнүн алгачкы алып баруучусу Кыяс Молдокасымов менен бирге) татыган.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]