Аспирантура

Википедия дан

Аспирантура (лат. aspiro - умтулам, аракеттенем) - илимий ж-а илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо формасы. Аспирантура жогорку окуу жайында, илимий академияларда ж-а илимий - изилдөө институттарында уюштурулган. Аспирантуранын күндүзгү ж-а сырттан окуу бөлүмдөрү бар. Күндүзгү (35 жашка чейинкилер үчүн 3 жыл мөөнөт м-н) ж-а сырттан окуу (45 жашка чейинкилер үчүн 4 жыл мөөнөт м-н) бөлүмдөрү бар. Аспирантурага жогорку билимдүү, илимий ишке шыктуу, адистиги б-ча 2 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар, ал эми жогорку окуу жайларын жаңы бүтүргөндөр үчүн институттун окумуштуулар кеңешинин сунушу б-ча конкурстук кирүү экзамендерин ийгиликтүү тапшыргандар кабыл алынат. Кирүүчүлөр жарык көргөн илимий эмгектерин же докладдарын (реферат) тапшырышат. Алар жактырылгандан кийин үч предметтен: адистиги б-ча, илимдин тарыхы ж-а философиясынан, чет тилинен экзамен тапшырышып, сыноодон өтүшөт. Аспирант жогорку окуу жайынын окумуштуулар кеңеши же илимий-изилдөө институту бекиткен жекече окуу планы м-н иш алып барат. Ар бир аспирантка илимий жетекчи (илимдин доктору же кандидаты) бекитилет. Өндүрүштө иштеген аспиранттарга аспирантурага киргенге чейин айлык акысынын көлөмүнө жараша стипендия (ай сайын) төлөнөт ж-а ар жылы 2 айга каникул берилет. Өндүрүштө иштеп, жекече планын аткарган аспиранттар үчүн ар жылы эмгек акысы сакталып, кошумча дагы 30 күн дем алыш, ал эми жумасына 6 күн иштегендерге болсо, кошумча дагы бир күн кошулуп берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1