Мазмунга өтүү

Фергана (шаар)

Википедия дан

Фергана (шаар) ― Өзбекстандагы шаар. Фергана облусунун адм. борбору.

Калкы 171 миң (2010).

Темир жол бекети бар. Мунай ажыратуу, мунай-химиялык, химиялык (азот жер семирткичтери, химиялык була, пластмасса ж. б.), пахта тазалоо, жибек түрүү, текстиль, машина куруу, металл иштетүү, курулуш материал, тамак-аш (тоң май, консерва) өнөр жай ишканалары иштейт. ЖОЖдор, 2 театр, край таануу музейи ж.б. бар. 1876-жылы Жаңы Маргалаң деген ат менен негизделген. 1910-1924-жылдары Скобелев аталган.

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4