Нооруз

Википедия дан
Нооруз
Нооруз
Түрү Эл аралык
ошондой эле фарс. نوروز‎ — Now ruz, пушту نوورځ — Naw wraz, күрт. Newroz, таж. Наврӯз, өзб. Наврўз / Navroʻz, азе. Novruz, түркм. Новруз, Nowruz, каз. Наурыз, уйг. Норуз, кырг. Нооруз, тат. Нәүрүз, Näwrüz, түрк. Nevruz, кырым-тат. Navrez, башк. Нәүрүз, Калып:Lang-cv.
Башталган күнү 21-март
Бүткөн күнү 23-март
Майрамдоо көргөзмөлөр жана ыр-кесе
Салты арча менен аластоо
Байланышы жазгы күн-түн теңелүү күнү

Нооруз (фарс. نوروز‎, ЭФА: [nouˈɾuːz] — "Жаңы күн") - Орто Азия элдеринин кеңири белгилене турган майрамы. "Нооруз" деген сөз байыркы фарс тилинин "науруз" деген сөзүнөн алынып, бизче "нау" – “жаңы”, "руз" – “күн” деген маанини билдирет. Совет бийлиги учурунда 62 жыл бою 21-Март – Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынып, 1988-жылы гана майрамдоого уруксат берилген. Бирок Кыргызстан бул майрамды жыл сайын белгилөөгө эгемендүүлүк алганда гана жетишкен.

"Нооруз" - "жыл башы", "жаңы жылдын башы" майрамы.

Ал эски жыл эсеби боюнча 21-март күнү белгиленет. Мүчөл сүрүү эсеби мына ушул күнгө туура келет. Бул күнү күн менен түн теңелет.

Кыргызда эски жыл аяктап, эртен жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты "жыл ажыраш" деп аталган. Бул учурда арча, чекенди, адырашман түтөтүп үй ичин, мал-салды:

Алас, алас,
Ар балээден калас,
Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Алас, алас,
Айдан аман,
Жылдан эсен,
Жакшылыкты теңир берди,
Жарык күндү кеңири берди.
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун!
Алас, алас - деп аласташкан.

Жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, кудайга, жер-сууга, тоо-ташка сыйынып жалынган, арпадан, буудайдан көжө, сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишкен.

Ноорузда жаңы кийимдер кийилет, жакшы тилектер айтылат, айлана көрккө бөлөнөт. Жаш-карынын баары чогулуп улуттук оюн-зоокторду ойношкон.

Илгери нооруз күнү бир кош өгузгө соко кошуп, жер бетин алгач жолу тилишчү. Тапка келген жерге бороз салып бараткан дыйкандын артынан ээрчиген жоон топ кишилер этектериндеги үрөндүк буудайдан кочуштап чыгышып, элдик ырларды созолонтуп ырдашкан.

Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын, жаз майрамы катары белгиленген.

2009 - жылы Нооруз UNESCO (ЮНЕСКО) тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилген.

Пайдаланган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуттук каада-салт, тамак-аш, кийим, буюм, оюндардын кыргызча-орусча сөздүгү. Түзгөн Касымалиев Б.Ж. Бишкек, 1993. 57-58 бб.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]