Жыл ажыраш

Википедия дан
Жыл ажыраш

Чүй облусундагы сүмөлөк бышыруу
Түрү

улуттук

Мааниси

жаңы жыл, нооруз

Себеби

жазгы күн-түн теңелүү күнү, жаз

Расмий аталышы

Жыл ажыраш

Же

Жыл ажыратты, жыл жалгоо

Ошондой эле

нооруз

Белгилешет

 Кыргызстан (көбүнчө айыл жергесинде)

Башталган кунү

18—20-март

Бүткөн күнү

21-март

Датасы

21-март, 2024-жыл

Майрамдоо

көргөзмөлөр жана ыр-кесе

Салты

көжө, сүмөлөк, арча менен аластоо

Окшош майрамдар

Нооруз, Жаңы жыл

Жыл ажыраш Уикиказынада


Жыл ажыраш ошондой эле Жыл ажыратты, Жыл жалгооКыргыздардын байыркы жылнаамасы боюнча эски жыл бүтүп, жаңы жыл келди деген күнү, Нооруз майрамы менен биргеликте өтүүчү салттык ырым-жырымдар. Ал «эски жыл ажырады, жаңы жыл жалгады» деп айтылат. Жыл ажыраш күн-түн теңелген мезгилге, 18-20-марттарга туура келет. Кыргыздын байыркы илим-билими боюнча, жаңы жыл асман мейкиндигинен Балык жылдыз көрүнгөндө же 20сынан 21-мартка оогон түнү келери айтылат. Бул календардагы таң каларлык тактыкты кыргыздар эч кандай асман приборлорусуз эле тактап коюшкан. Бул маалыматтар кытай жыл баяндарында айтылгандыгы белгилүү. Жыл ажыраш мезгилинде кыргыздар көк арчаны, чекендини, бүчүрдү күйгүзүп, үй-бүлөнү, малды жана үй ичин аластайт, ошондой эле жаңырган жылда мал-жандын, эл-журттун эсен-аман, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин тегиндин берекелүү болушун тилеп, Кудайга, жер-суу, тоо-ташка сыйынышкан, арпадан, буудайдан көжө жасап, сууга агызышкан. Үй-бүлө, кошуна, урук-туугандары менен ичишкен. Бул түнү дөбөлөргө от жагышып, жарык кылышкан. От адамды жана аны ички джжэхэээжээүйнөсүн тазартат деген ишеничте болушкан. Эртеси күнү жалпы элдик майрам уюштурулуп, байге, улак, эңиш, башка ат оюндары, аскер оюндары, балбан күрөш жана башкалар уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]