Көжө

Википедия дан

Көжө - кыргыздын эң байыркы тамактарынын бири. Болжолу, көжө тамагы эң алгачкы ритуалдык тамак болгон. Кытай жазма булактарындагы маалыматтар боюнча кыргыздар жаңы жыл келгенде (баш ай, марттын 20-числосунан 21не оогон түнү) көжө жасашып, ооз тийилгенден соң, анын бир бөлүгүн сууга ташташкан. Бул айды кытай жыл баяндары «бао ши» же кыргыз тилине которулганда «баш ай» деп кабарлайт. Бул тамак Энесай доорунда жашаган кыргыздарда дыйканчылыкка байланыштуу келип чыкса керек. Анткени Энесайдагы кыргыз каганатынын аймагында дыйканчылык маданияты жогору өнүккөндүгү илимде эбак далилденген. Бул тамак бүгүнкү хакастарда, туваларда да белгилүү. Анткени аталган элдер Энесай кыргыздарынын урпактары болушары маалым. Көжө буудайдан же акталган дандан (арпа, конок, таруу) эт, май, же башка катык кошулуп жасалган суюк тамак болот. Көжө ак катыкталып ысык түрүндө, кээде ачытылып суусундук ордуна да ичилген. Көжөнүн жыл ажырашта (жаңы жылда) жасалганы чоң көжө деп аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]