Маргалаң

Википедия дан

МаргалаңӨзбекстандын чыгыш бөлүгүндөгү Орто Азиядагы эң байыркы шаар. Фергана областынын курамында. Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгышында, Алай кырка тоосунун этегинде жайгашкан. Калкы 168,5 миң (2010). Жол тоому. Темир жол түйүнү [Кокон – Маргалаң – Анжиян, Маргалаң – Фергана – Кызыл-Кыя (Кыргызстан)]. 1994–2004-жылкы археологиялык казуулардын негизинде Маргалаң биздин заманга чейинки 4–3-кылымда пайда болгон десек болот. Биздин заманга чейинки 2–1-кылымда Улуу Жибек жолу өткөн. Алгач шаар катары 8-кылымда араб хроникасында эскерилет. «Маргалаң» деген ат 10-кылымдан белгилүү. Караханиддердин династиясы башкарып турган мезгилде Фергана өрөөнүндөгү башкы шаар, маанилүү соода жана көл өнөрчүлүк борбору болгон (10-кылымдын аягы, 1212-жылдар чен). Кийинчерээк «жибек шаары» деп даңкталган. Шаар жөнүндө Бабур «Бабурайонаме» деген чыгармасында кеңири баяндап жазган. 16-кылымдын 2-жарымынан 1710-жылдан Бухара хандыгынын, 1710–1876-жылдары Кокон хандыгынын курамында. Орто кылымга таандык Урдташ чебинин калдыгы сакталган. Архитектуралык эстеликтери: Кожо-Магиздин кумпалуу мавзолейи (18-кылымды 1-жарымы), Пир-Сиддик комплекси (18-кылымды ортосу), мечит-айван, минарет, Торон-Мазар (19-кылымдын аягы), Саид Акмат Кожо медресеси (19-кылымдын аягы; учурда улуттук кол өнөрчүлүктүн борбору), мечиттер. Илимпоз, ислам дининин укугун түптөөчүлөрдүн бири Бурхануддин Маргинанинин (ушул шаарда туулган) мемориал комплекси (2000), акын Увайсинин үй-музейи уюштурулган. Өзбек накта була ИИИси (1937-жылы негизделген), тарых музейи (1964, мурдагы Ю. Ахунбабаевдин мемориал музейи) бар. Орто Азиядагы жибек жана андан буюм жасоонун ири борбору. «Yodgorlik» фабрикасы (салттуу кол менен токуу сакталган), мурдагы жибек комбинатынын базасында бир нече ишкана (анын ичинде хан-атлас), механикалык завод, тамак-аш, курулуш материалдар өндүрүшү, жибек комбинаты, «Атлас» фирмасы (өзбектердин улуттук колорити чагылдырылган накта жибек кездемелери өндүрүлөт) ж. б. ишканалар иштейт. Кол менен токуу өнөрүнүн, сайма саюунун, жыгачты жана карапаны кооздонун салттуу борбору. Фергана областынын (1925–27, 1938-жылдан), Кокон округунун (1927–30), Өзбек ССРинин (1930–91), 1991-жылдан Өзбек Республикасынын курамында.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]