Жучу Хан

Википедия дан

Жучу Хан - (болжол 1184 - 1227-ж. ченде өлгон) - моңголдордун атактуу аскер башчысы; Чыңгыз хандын туң уулу.

1206-ж. Чыңгыз хан такка олтургандан соң, Жучу хан кыргыздар курамына кирген «токой элдерин» багындырууга аттанган. Моңголдордун аскердик үстөмдүгүн көрө билишкен кыргыздар Еди Инал, Алдияр, Өлөбөк тегин деген нойондорун (эл башчылары) Жучу ханга моюн сунгандыктарын билдирүү үчүн элчи катары жөнотүшкөн. Кыргыздардын бир аймагынын башкаруучу иналы элчиликти жетектеген. Кыргыз бектери наймандардын жана башка коңшу уруулардын кайгылуу тагдырын көрүшүп, урушсуз баш ийип беришкен. Жучу хан 1218-ж. тумат-кыргыз көтөрүлүшүн ырайымсыз баскан. Кытайды (1211-15), Орто Азияны (1219-21), Дашти-Кыпчакты (Кыпчак талааларын) басып алууга катышкан. Басып алган жерлерди бөлүшурүүудө Иртыштан Уралга чейинки жана батыш тараптагы көбүнесе кыпчак тилдүү уруулар байырлаган жерлерди алган. Жучу хан батышка жасамакчы болгон жортуулун баштоого үлгүрбөй өлгөн; айрым маалыматтар боюнча өзүнө каршы чыгат деп шексинген атасы Чыңгыз хан тарабынан өлтүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз тарыхы энциклопедия. 2003-ж.