Мазмунга өтүү

Дашт-и-Кыпчак

Википедия — ачык энциклопедия

Дашт-и-Кыпчак – Иртыш дарыясынан Эдил (Волга) дарыясына чейинки тарыхый-географиялык аймак. 9–10-кылымдарда бул аймакты кыпчак уруулары мекендей баштаган. Аймакта башка калктар жашаса да (огуз ж.б. тилдүү түрк уруулары, финн-угорлор ж.б.), кыпчактардын саясий ролунун өсүшүнөн улам фарсыча Д-и-К. («Кыпчак талаасы») деп аталган. Славян жана Европа элдеринин жазма булактарында бул аймак «половец талаасы», «куман талаасы» деген ат менен белгилүү. Моңгол жапырыгынан кийин деле бул аймак өзүнүн атын сактап калган. Урал (Жайык) суусунан чыгышыраактагы бөлүгү кийин Алтын Ордонун сол канатына караган. Азыркы Казак мамлекетинин түп-тамыры жана негизги фундаменти.